Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Бишкекте үйлөр арзандайбы? Саресеп жана рыноктогу абал

Жаңылыктар
738
0

Бишкектиктер турак жайды активдүү түрдө сатып алууда, бул албетте, анын баасына таасирин тийгизбей койбойт. Былтыр батирдин бир чарчы метри 760 доллар болчу, бул 2017-жылга салыштырмалуу он пайызга жогору. Мындай маалымат Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлк укугун каттоо департаментинин билдирүүсүндө айтылат.

Эгер рынокто талап күч алса, аны менен бирге кыймылсыз мүлк баасы көтөрүлөт, анда батирди сатууну жылдыра турганыңыз оңбу? Балким, тескерисинче, турак жайдын баасы жогорулап калган убакта сатып ийүүгө шашылуу керекпи? Sputnik Кыргызстан агенттиги кыймылсыз мүлк рыногундагы ушул таптагы бааларды тактап, быйылкыга карата серепчилердин божомолун топтоду.

Бир бөлмөлүү батир баалары

Адатка айлангандай, бир бөлмөлүү батирлер дале калаа тургундарынын көңүл борборунда. Өткөн жылга салыштырмалуу мурда курулган кабаттуу үйлөрдөгү бир жана эки бөлмөлүү батирлердин баасы жогору экендигин айтат кыймылсыз мүлк агенттиктеринин биринин сатуу бөлүмүнүн жетекчиси Елена Юн.

"Чакан батирлерге калктын талабы дагы да күч, буга бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине багытталган мамлекеттик ипотеканын да таасири бар. Алардын орточо маянасы өзүңүздөргө белгилүү, үч бөлмөлүү батирге тыйын чогултуу баарынын эле колунан келе бербейт, — деп түшүндүрдү ал.

Юн рыноктогу эски үйлөрдүн сатылышы бир аз басаңдашы ыктымал экенин, себеби азыр эл жаңы курулган үйлөрдөн батир алууну эп көрөрүн кошумчалайт.

Каттоо кызматынын маалыматына таянсак, былтыр 104-типтеги бир бөлмөлүү батирлердин чарчы метри түштүк кичирайондордо жети, ал эми калаанын борборунда беш пайызга өскөн. Чыгыш-5 кичирайонунда 105-типтеги бир бөлмөлүү батир баасы 11, ал эми Тунгучта беш пайызга кымбаттаган.

Бирок батирлердин быйылкы кыштагы баалары 2018-жылдагы абалдан айырмаланат. Маселен, 104-үлгүдөгү бир бөлмөлүү батир өткөн жылдын декабрында 2017-жылдын ушул убагындагыга караганда арзандай түшкөн. Ошентсе да ушул типтеги батирлердин орточо өлчөнгөн наркы жыл аралыгында беш пайызга жогорулаган.

 

Курулуш компаниялардын биринин сатуу боюнча менеджери Элина Абдыкулова бишкектиктер чакан аянттагы элиталык турак жайды көп сатып алып жатканын айтып берди.

"Эң көп өткөндөрү — 40 чарчы метрге чейинки аянттагы бир бөлмөлүү батирлер. Андан чоңураак үйлөрдүн өтүшү адатта бир аз көйгөйлүү. Сатып алуучуларга бөлүп төлөө жолу ылайыктуу, нак акчасын сунууга чанда киши батынат", — деди ал.

Эки бөлмөлүү батир баалары

Эки бөлмөлүү батирлер боюнча соода-сатыктын үлүшү 2018-жылы 35 пайызды түзгөн. Түштүк кичирайондордо 104-типтеги эки бөлмөлүү батирлердин баасы бир аз өстү. Алардын баасы шаардын борборунда 11 пайызга кымбаттады.

Көк-Жар кичирайонунда 105-үлгүдөгү эки бөлмөлүү турак жай баасы жогорулаганы, ал эми Курулушчулар шаарчасында, тескерисинче, арзандаганы байкалат. Мындай маалыматтар Кадастр кыймылсыз мүлк укугун каттоо департаментинин отчетунда камтылган.

 

Эгер эки бөлмөлүү батирлердин 2017 жана 2018-жылдардын декабрь айындагы бааларын карасак, жеке типтегилери кымбаттап, ошол эле убакта "хрущевка" жана 104-типтеги батирлердин баасы ал маалда төмөндөй түшкөн.

Ошентсе да экономист Нургүл Акимова мурда курулган үйлөрдү көңүлдөн чыгарууга шашпоого үндөйт.

"Акча топтой билген адамдар негизи консервативдүү келишет. Алар тобокелге салууну жактырышпайт, андыктан, эбак курулган үйдөгү бардык шарттары даяр батирди сатып алууну туура көрүшөт", — деп түшүндүрдү ал.

Элиталык батирлердин баасына көп факторлор таасир этип, ошондуктан өйдө-ылдый көп болорун эстен чыгарбоо керектигин эскертет кыймылсыз мүлк агенттиктеринин биринин директору Елена Гононова.

"Пайдаланууга берилген жана али бериле элек эки үйдү мисалга алалы. Биринчисинин чарчы метри 50-100 долларга кымбатыраак болот! Буга таңгалуунун кереги жок, себеби эл курулушчулар жана мыйзамсыз курулуш боюнча соттошуулардан кабардар", — деди ал.

Үч бөлмөлүү батир баалары

Чакан аянттагы турак жайдан кийинки сапты ээлеген үч бөлмөлүү батирлер боюнча соода-сатык келишимдеринин үлүшү былтыр 27 пайызды түзгөн. Ошол себептен үч бөлмөлүүлөр дайыма баанын туруктуулугу менен өзгөчөлөнөт. Ал тургай 2017 жана 2018-жылдардын декабрь айындагы баанын айырмасы көп эмес.

Ал эми 104-типтеги мындай батирлердин орточо баасы 2018-жылы калаанын борборунда жети жана түштүк кичирайондордо, Курулушчулар шаарчасында жана Көлбаев көчөсүнүн боюндагы үйлөрдө үч пайызга өскөн.

 

105-типтеги үч бөлмөлүүлөр боюнча кырдаал башкачараак, алардын баасы көбүнесе 5инчи жана 6-кичирайондордо, ошондой эле Түштүк-2 жана Асанбайда көтөрүлдү.

Бирок шаардагы бардык типтеги үч бөлмөлүү турак жай наркы өткөн жылдын декабрында 2017-жылдын аягына салыштырмалуу төмөндөгөн.

Риелторлор биримдигинин башчысынын орун басары Ирина Коврижных ири аянттагы батирлер рынокто көп учурда өтпөй туруп каларын айтат .

"Үч бөлмөлүү батирлерди сатуу кыйын, анткени алар белгилүү себептерден улам бир жана эки бөлмөлүүлөргө уттуруп коет. Эгер шаар тургунунда турак жай аянтын кеңейтүү зарылдыгы чыкса, анда ал жеке типте салынган бир же эки бөлмөлүү батирди тандайт. Анан калса, азыр курулуш ишканаларынан баштапкы төгүмсүз эле турак жай алуу өңдүү кызыктуу сунуштар түшүүдө", — деди ал.

Бишкекте батир баалары кандай өзгөрөт? Болочокко божомолдор

Батир баалары кескин жогорулабайт, бирок февраль-марттан тарта акырындап көтөрүлө баштарын боолголойт МККнын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлк укугун каттоо департаментинин талдоочусу Айдар Сукенбаев.

"Турак жайга бизде дайым талап бар: өлкөбүздө ички миграция күч. Бирок эгер батириңизди сатууга белсенип турсаңыз, келерки жылга калтырбай, кыймылдаганыңыз дурус, антпесе, экономикалык цикл акырындап төмөндөй баштайт. Эгер батириңизди сатууга дайынданып, ыңгайлуу маалды акмалап жүрсөңүз, анда жайга жеткирбей, апрель-майда сатып үлгүргөнүңүз оң", — деп кеңеш берди ал.

Сукенбаевдин баамында, бул рыноктогу соода-сатык күзүндө күч алат.

Дом под заселение по программе реновации в Москве
© SPUTNIK / КИРИЛЛ КАЛЛИНИКОВ
Батир баалары кескин жогорулабайт, бирок февраль-марттан тарта акырындап көтөрүлө баштарын боолголойт МККнын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлк укугун каттоо департаментинин талдоочусу Айдар Сукенбаев

Бишкектеги кыймылсыз мүлк рыногунун келечек жагдайы боюнча быйылкы жылга карата өз божомолу менен Элина Абдыкулова да бөлүштү.

"Өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу январда рынок жандана түштү. Жаңырган айда да жагымдуу абал сакталат деп үмүт кылабыз, себеби жазында дайым талап күчөйт. Ал эми жайында кайра азая түшөт", — деп белгиледи ал.

Ирина Коврижных мурда курулган үйлөрдөгү батирлерди кышында сатып, ал эми сатып алууга жаз же саратанда кам уруу пайдалуу экенин айтат.

"Январь же февралда батир баасында өйдө-ылдый көп болбойт, адамдар кышында турак жайын саткысы жок, ремонттоп убара тарткысы келбейт. Эгер кыргызстандыктардын колуна акча күзүндө тийсе, анда көктөм — ар кыл ишмердикке салым салуу убагы. Бул маалда талап азаят, баа да анын натыйжасында төмөндөйт", — деп баса белгиледи ал.

Коврижных кошумчалагандай, жаңы курулуп жаткан кабаттуу үйлөрдөгү батирлерге жыл мезгилдери таасир этпейт.

"Элиталык үйлөрдү сатып алууда ыңгайлуу кезди күтүүнүн зарылдыгы жок, андай турак жайдын наркы элге сезилерлик деңгээлде түшөрү күмөн. Андан көрө тийиштүү бардык уруксат документтери жана мамлекеттик актылары курулушчулардын колунда бар-жогуна кылдат көңүл бурганыңыз жакшы", — деп эскертти ал.

Вид на дневной Бишкек с дрона после снегопада
© SPUTNIK / ЭМИЛЬ САДЫРОВ
"Авангард Недвижимость" агенттигинин директору Елена Гононова: Эшикте кышпы же жазбы, өлкө экономикасына олуттуу таасир болбосо, бул рыноктогу бааларда эч кандай секирик болбойт. Кыймылсыз мүлк рыногундагы мезгилдүүлүк курулай сөз.

Бирок серепчилердин баары эле мындай пикирде эмес. Мисалы, "Авангард Недвижимость" агенттигинин директору Елена Гононова турак жайдын наркына мезгил таасир этпейт дейт.

"Эшикте кышпы же жазбы, өлкө экономикасына олуттуу таасир болбосо, бул рыноктогу бааларда эч кандай секирик болбойт. Кыймылсыз мүлк рыногундагы мезгилдүүлүк курулай сөз. Болгону, жайында көпчүлүк эс алууда болгондуктан, соода-сатык басаңдайт", — деп эсептейт ал.

Елена Юн жагымдуу учурду акмалап отурбастан, дароо чечүү керектигин эп көрөт.

"Батир жактыбы? Азыр сатып алгыла, эртең эле сиздин ордуңузду бирөө ээлеп калышы ыктымал. Бул турак жайды сатып алууга да тиешелүү. Рынок туруктуу кармалып турат, мындайда батир сатып алууга акча жумшоо — туура кадам, анткени пенсияга үмүт артуу, алтындын куймасын же акция сатып алуу деген бизде жок", — деди ал.

Батирге болгон талап, анын аркасында кыймылсыз мүлктүн баасынын жогорулашы көп себептерден көз каранды экендигин түшүндүрдү Нургүл Акимова.

"Турак жай акысына мигранттар которгон акча, кыргызстандыктардын жыйнаган каражаты жана ипотекалык насыя боюнча мамлекеттик программалар таасир этет. Анткен менен жакын арада кыймылсыз мүлк баасын солкулдата турганчалык чет жактан акча которуулардын көбөйүшү деле күтүлбөйт. Мамлекеттик ипотека боюнча деле абал ошондой, андан пайдаланууга баарынын чама-чаркы чак келе бербейт. Ал эми калктын колундагы топтолгон каражат экономисттер аныктай албай турган жагдай", — деди ал.

 

Ошондой эле серепчи кыймылсыз мүлк рыногунда "дүр" эткен өсүш деле күтүлбөй турганын белгиледи.

Дагы: https://sputnik.kg/analytics/20190204/1043172519/kyjmylsyz-mulk-rynogu.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик