Мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы Тыныстанов көчөсүнө курула турган бала бакчаны долбоорлоого тендер жарыялады. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, аталган бакча 140 балага ылайыкташкан.
Бакчаны долбоорлоого 1 миллион 446 миң 46 сом жумшоо пландалып жатат. Сынакка катышууга арыз 27-февралга чейин кабыл алынат.
Аткарыла турчу иштер мэриянын расмий сайтында толук жазылган.
Дагы: https://sputnik.kg/society/20190208/1043237051/bishkekte-zhany-bala-bakcha-kurulat.html