Коомубузда кыздарды эрте күйөөгө берүү керек деген туура эмес түшүнүк калыптанып калган. Эл аралык уюмдардын жана бейөкмөт уюмдардын изилдөөлөрү көбүнчө эрте турмушка чыккан кыздар динге көбүрөөк берилген үй-бүлөлөрдөн экенин көрсөтүүдө. Эмне үчүн?,-деген суроо жаралат.
Бул суроого жоопту Ош областтык казыяттын аялдар бөлүмүнүн башчысы, өлкөнүн түштүгүндөгү диний лидер айым, Ош шаарындагы Айша-Эне кыздар медресесинин жетекчиси Жамиля Жапашевадан алдык.
- Жамиля эже, жалпыга маалым болгондой мындан эки жыл мурда 18 жашка чыкмайынча никеге турууга тыюу салынган мыйзам кабыл алынды. Жер жерлерде диний-лидерлер ушул мыйзамды жайылтууга жардам берип жатасыздар. Эл кандай кабыл алып жатышат? Өзгөрүүлөр байкалып жатабы?
- Шариатта ар бир нерсе жүрөктөн-жүрөкө өтөт деп айтылат, биз чын дилибизден ар бир үй-бүлө жомоктогудай жакшы жашасын деген ниетте эрте никенин зыянын, мыйзамды айтып жеткиздик. Улуу муундун өкүлдөрүнө болбосо да, жаштарга жетти деп айта алам. Себеби, мен кыздар менен өзүмчө сүйлөшкөнүмдө булар деле эрте никеге тыюу салынганына сүйүнүп жатышат. Айтымдарында алар күйөөгө тийгилери келбейт, баары эле андан көрө окуп кесипке ээ болуп, иштегилери келет.
- Кыздардын тилектери окуу болсо, анда эмнеге эрте күйөөгө тийип кетендердин саны дагы деле арбын? Деги эрте никенин себептери эмнеде?
- Кеп ата-энелерде, тилеке каршы биздин менталитет ушундай экен да. Бойго жеткен кызы бар үйдүн эшигин жуучулар каккылап келбесе "уят”, деп ойлошот. Канчалык эрте сурап келсе өзүнчө сыймык көрүшөт. "Паланчанын кызын мектепте окуп жатканда эле болуп коюшуптур, ваай жакшы кыз да”,-деген туура эмес түшүнүк бар. Көбүнчө кыздан сурашпайт "сен күйөөгө тиесиңби же, окуйсуңбу”,- деп. Акылы толо элек кыз жашоо ушул турбайбы деген түшүнүк менен күйөөгө эрте тийип кетет да кесепеттери жаман болуп жатат.
Дагы бир себеби, "отуруп калган кыз” деген да жаман сөзүбүз бар. Кыз 20 жаштан ашып кетсе эле, отуруп калган кызы бар дей башташат. Ошол сөздөн да корккон ата-энелер кыздарды эрте күйөөгө берүүгө шашылышат.
Дагы бир себеби бул окуган кыз кайын журтуна күйөөсүнө баш ийбейт деген да туура эмес түшүнүк бар. Бул туура эмес кыздарыбызды окутушубуз керек, окуган кыздын аң сезими жогору болот. Ал илимдүү, билимдүү болгон сайын жакшы апа болот, келин болот. Балдарды жакшы тариялайт.
- Балким, диний көз караштан улам, эрте берип жатышкандыр ата-энелер? Негизи шариатта кыздарды эрте күйөөгө бериш керек деп айтылабы?
- Көбүнчө, кыз бала 9 жаштан, уул бала 12 жаштан балакатка жетет деген сөздү ошол куракта эрге тийүү керек деп түшүнүп алышат. Андай эмес, ар бир пенде жашап жаткан мамлекеттин климатына, жеген азык-түлүгүнө жараша адам баласы жетилет. Шариатта кыздарды эрге берүүчү куракты ошол мамлекеттин дарыгерлери менен юристтери чечет деп айтылат. Демек, биздин өлкөнүн мыйзамы 18 жаш деп чектөө койдубу, жарандар баш ийиши керек. Менин жеке пикиримде да кыздар 18ге чыкмайынча турмушка даяр эмес, 18 жашта деле даяр эмес. Айрым чыйрак-лидер кыздар бар, бирок аларга теңелбеш керек. Кыз бала коомдо өзүн алып жүрө алса, анан бирөөгө бүлө боло алат. Анткени бирөөнүн үй-бүлөсү да бул чакан коом. Ата-эне кыздарынын жүрүм турумун, түшүнүгүн байкап туруп анан күйөөгө даяр деп чечим кабыл алышы керек.
- "Отуруп калган кыздар” деп айттыңыз, эми кыздар окуйлу десе ушул атка конуп калышса, бул жагдайда өздөрүн кандай алып жүрүүлөрү керек?
- Ата-энелер, кыздар өздөрү деле айрыкча биздин кыргыз, өзбек үй-бүлөлөрдө кызды сураганга бер деп эле эшикти каккылап келгенге эле бере салмайыбыз бар. Негизи кыздар өздөрү деле тандашы керек, кыздын ата-энелери деле тандашы керек. Шариятта тандоо укугу аял менен эркеке бирдей берилген. Жакшы жигитти көрсө кыздын ата-энеси деле балаңар жакшы, силер жакшы адамыңар куда болойлу деп айта бериш керек, анын уяты жок.
- Эрте никенин кесепеттери жаман болуп жатат деп айттыңыз, кандай кесепеттер?
- Мисалы көпчүлүк кыздарыбыз турмушка биологиялык жактан даяр эмес, алыс барбайын мага кайрылган бир жаш келин сие турган органы жок бала төрөдү. Эрте күйөөгө тийген келиндер тартынчаак болот, барган жеринде бата-бата тамак да ичпейт, каны азайып анемия болуп ооруп каны аз балдарды төрөйт, мындай окуялар көп. Бир жагынан жаш келин сөз көтөрө албайт, болоор болбоско ажырашып кетишет. Андан кийин загсы жок, же алимент өндүрө албай, же ажырашкандан кийин окууга кире албай, диплому жок ишке кире албай тагдырлары оор болуп жатат.
- Эрте никелешүүнүн зыяны тууралуу жараянды улантуу керекпи? Кимдер менен иштеш керек?
- Сөзсүз бул жараянды улантуу керек, кыздар, ата-энелер жигиттер арасында дагы дагы көп жүргүзүү зарыл. Жогорку окуу жайларда, жатаканаларда студент кыздар балдар менен эрте никенин зыянын, никеге чейинки жыныстык катнаштын зыянын түшүндүрүү өтө зарыл болуп жатат. бир жагынан эрте никеге турба, окугула десең жашап алышып аборт жасаткан жаштарыбыз да көп болууда. Мамлекеттик органдар менен биргеликте биз диний лидерлер активдүү иштешибиз керек. Анткени жаштар биздин келечегибиз. Аларды туура жолго салуу биздин негизги парзыбыз.
Эскерте кетсек бир жылдан бери улуттук маалыматтык жараян жүрүүдө. Долбоор алкагында эресеге жете элек жарандардын никеге туруусуна тыюу салуу боюнча мыйзамдын ишке ашуусун колдоо” долбоорун ишке ашырып жатабыз. Долбоор былтыркы жылдын август айында башталган, биздин "Аялдар Тынчтык Банкы” тарабынан ишке ашырылууда, өнөктөшүбүз Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы дин иштери боюнча Мамлекеттик Комиссиясы. Мындай жараян алкагында аймактардагы диний лидерлерди окутуу, андан соң алардын жардамы менен башка элдерге маалымат таратуу пландалган. Маалыматтык кампания БУУнун Өнүктүрүү Программасынын (ПРООН)"Кыргызстанда аялдардын жана кыздардын маргиналдашууга туруштук берүүсүнүн мамлекеттик милдеттенмелерди аткаруу аркылуу жогорулатуу”долбоорунун алкагында, Улуу Британиянын Кыргызстандагы Элчилигинин каржысы менен ишке ашырылууда.
Маалыматтык өнөктүк алкагында өлкөнүн 7 областынан жана эки шаарынан экиден диний лидерлерди тандап тренинг өткөзүлүп, эрте никелешүүнүн зыяны тууралуу маалымат берилди. Фильмдер, социалдык роликтер көрсөтүлүп ошондой эле китепчелер, материалдар менен катышуучулар камсыз болушкан. Ал тренингден кийин катышуучулар кыздар -медреселеринде, жума намаз учурунда мечиттерде "Эресеге жете электе никеге туруу -кылмыш” деген темада окутууларды активдүү өткөзүп жатышат”.
Мааалыматтык жараяндын максаты
"Маалыматтык кампаниянын максаты бул эрте никелешүүнүн алдын алуу, анын зыяндуулугун элге жеткирүү айрыкча аталарга. 2017 жылы болуп өткөн Улуттук маалыматтык кампанияда окуу жайларда ата-энелер чогулуштарын өктөзүп фильмдерди коюп, баракчаларды таркатып, мыйзамдагы толуктоо-өзгөрүүлөр жөнүндө айтып бергенбиз. Ал чогулуштарга көбүнчө апалар катышып калган үчүн, бул жолку долбоордо аталарга көбүрөөк маалымат жеткирүүнү максат койгонбуз. Ошон үчүн эркектер көп чогулган жума намаздарда маалымат жеткирүүнү эффективдүү көрдүк. Анын үстүнө диний лидерлердин сөзү да өтүмдүү болгон үчүн, биз дал ошол адамдарды спикер кылып тандап алып иш алып баруудабыз”.
Бул жараян Кыргызстандын 7 областында жана эки шаарында 2019 жылдын февраль айына чейин жүргүзүлөт.
Гулжан Алтымышбаева,
Ош