Кыргызстандагы мамлекеттик органдар өз милдеттерин так аткарбайт. Бул тууралуу КСДП фракциясынын жыйынында депутат Чыныбай Турсунбеков билдирди.
Анын айтымында, депутат Иса Өмүркуловго (КСДП) Кыргызстандын аймагында бир компаниянын шампундарды кандай шарттарда чыгарып жатканын видео аркылуу көрсөтүшкөн.
«Мен ачык эле айтайын. Бул бир ири мамлекеттин инвестору. Ал Кыргызстандын аймагынан жерге ээлик кылып, баарына белгилүү шампунь жана чайды кандай шартта чыгарып жатканы түшүнүксүз. Мамлекеттик экотехинспекция кайда карап жатат», - деди депутат.
Депутат белгилегендей, видеодо челектерге шампунду куюп, анын артынан эле чайды куюп жатканы көрүнөт. Ал эми челектер аябай кир абалда турат.
«Силер булардын баары кандай абалда чыгарылып жаткандыгын, челектин абалын көрсөңөр болмок. Ал жакка шампунь Франциядан чыгат деп дагы жазып коюшуптур. Ишенбесеңер видеону көрсөтөйүн. Бул чайды ичкендердин ашказаны эмне болот? Шампунь менен жуунгандардын баштары эмне болот? Тиешелүү органдын балдары текшерүүгө келишсе, дароо өздөрүнүн «крышаларына» чалып башташты», - деди депутат Ч.Турсунбеков өкмөттүн өкүлдөрүнө кайрылып.