Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Ата-энеси өлгөндөн кийин келип кийимин талашат... Карылар үйүнүн башчысы менен маек

Жаңылыктар / Демилге
972
0

Карылар үйүндөгү жашоо, тагдырлар, жасалып жаткан иштер тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги мекеменин жетекчиси менен баарлашты. 

© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Эркингүл Абдылдаева Бишкектеги карылар үйүн 2011-жылдан бери жетектейт

— Сиз жетектеген мекемеде азыр канча киши жашайт?

— Учурда 201 киши жашайт. Бул социалдык стационардык мекемеде улгайып калгандар эле эмес, 18 жаштан өйдө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер дагы кездешет. Учурда 22 жаштан 30 жашка чейин 10дон ашуун майып бар.

Карылар үйүндө учурда 201 киши жашайт

— Иш алып баруу оңой болбосо керек...

— Кесибим боюнча мугалиммин. Бирок мугалим болуп иштеп жүргөн кезде эле социалдык долбоорлорго катышып жүрчүмүн. Анын үстүнө педагогика менен социалдык тармактын өкүлдөрү окшош болуп калышат экен. Бишкектеги карылар үйүн жетектеп баштаганыма быйыл сегиз жыл болот. Албетте, жумуш оңой эмес. Күн алыс мекемеге жалаң турмуштун оор кырдаалына кабылгандар кайрылат. Азыркы заманда андайлар абдан көп экен. Бир гана үй-жайы жок калгандар эмес, арасында балдары менен батышпай, келин-уулу, кыз-күйөөсү менен мамилеси келишпей калгандар бар. Жакшынакай иштеп жүрүп, үй-жайы бар туруп эле оор илдетке кабылып багуудан калгандар келет. Үйүн балдарына алдатып жибергендер, өмүр бою иштебей арак ичип көчөдө калгандар, түрмөдөн чыккандар, жада калса илимдин кандидаттарына чейин бар. Канча киши болсо ошончо оор тагдыр.

Пожилой мужчина в коляске у окна Бишкекского дома-интерната для престарелых
 

— Аялдар көппү же эркектерби?

— Кийинки убакта эркектер көбүрөөк болуп жатат. Кейиштүүсү  — эркектердин ичинен кыргыз улутундагы жарандардын көп келип жатканы. 200 кишинин ичинен 71 адам кыргыздар. Көбү аялы каза болуп калгандар, келин-уулуна батпай калдым деп келишет. Бирок ата-энени башкача жаратат экен, кызы же уулу алып келип таштап кеткен күндө дагы "өздөрү бала-чакасын араң багып жатат, үйү тар" деп аларга жаман сөз тийгизбейт. Балдарын күнөөлөгөндөр чанда.

Мужчина в своей комнате в доме-интернате для престарелых

— Алардын сырын сизден жакшы билбеген адам жок болсо керек...

— Ооба, жүрөк ооруткан тагдырларды угуп жатып ага да көнөт экенсиң. Адам карыганда таарынчаак болуп, жаш балага окшоп калат экен. Кыял-жоругу бузулат. Бул табигый көрүнүш. Бирок биздеги адамдардын таарынычы, депрессиясы катардагы карылардыкынан эки-үч эсе оор. Жакшынакай, кычыраган эле кишилер таштап кеткенде жан ачышпай койбойт. "Ай, бул атаңар, апаңар да" деп акыл-насаат айтып ойлондурууга аракет кылам.

Постояльцы играютс в шахматы в государственном доме престарелых в Кыргызстане

Бир жолу жакшынакай эле киши атасын өткөргөнү келиптир. Себебин сурасам "апам менен биз кичине кезде эле ажырашып, атам башка аял алып алган. Апамдын да көзү өттү, алган аялы да каза болуп эми бизге келиптир. Биз бул кишини тааныбай деле калдык" деди. Мындай балдарды да түшүнсө болот. Бирок беш бир тууган экен. "Беш эркек экенсиңер, атаңар деле карып калыптыр, ар бириңер бир айдан баксаңар беш айда бир кезек келет экен, жаман да болсо атаңар" десем ойлонуп, кайра алып кеткен. Ошол бойдон келишкен жок.

 

Бирок баары эле андай эмес. Арасынан "албай койгонго кандай акыңыз бар" деп беттен алгандар чыгат. "Мыйзам боюнча бардык документтери менен алып келдик, социалдык башкармалык уруксат кылып жолдомо бергенден кийин албай койгонго укугуңар жок" деп догурунуп таштап кетишет. Бизге келерде бир топ документтерди чогултушу керек, анын ичинде социалдык башкармалыктын дагы жолдомосу зарыл. Анан ата-энесин алып келгендер "соцбашкармалык уруксат бергенден кийин силер кайда качасыңар" дегендей эле мамиле кылышат. 

© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
"Түбөлүк жайга узаган атасын же энесин карылар үйүнөн алып кетип айылына көмүш үчүн кантип эле урук-тууганы жок болсун?..", — деп суроо салды Эркингүл Абдылдаева

— Таштагандар кайра алып кетишеби? Ойлонуп артынан издеп келгендер болобу?

— Бизде жашагандардын көбү ошол мекемеден көз жумушат. Жайына өзүбүз узатабыз. Аларды узатуу зыйнатына атайын акча бөлүнгөн. Православ дин өкүлдөрүнө жыгач үкөк берилет. Мусулмандарды мечиттен  молдону атайын чакыртып, сууга алып, кепин бычтырып, жаназага тургузуп шарты менен узатканга аракет кылабыз. Мага чейин бул мекеменин жетекчиси башка улутундагы адам болчу. Эми алар мусулмандардын, биздин ырым-жырымдарды жакшы деле билбейт да. Кыргыздар өлгөндө кепинделбей эле узатышчу экен. Жетекчи болуп келгенде дароо муфтиятка "мусулман жарандарды акыркы сапарга узатчу шартын түзүп бергиле" деп кат жолдодум. Ошондон бери азыр муфтият менен иштешебиз. 20 метрден кепин жана атайын молдо бекитип берген.

Пожилая женщина шьет в Бишкекском доме-интернате для престарелых

Апасы же атасынын көзү өткөндө балдарына чалып "алып кетесиңерби?" деп сурасаң, кайдыгер мамиле кылып койгондо жүрөк ооруйт. Айрымдары "үйүм жок болсо кайдан узатам" деп кайра беттен алышат. Кантип эле кыргыздын урук-тууганы жок болсун?.. Кээ бири ата-энеси каза болгондон кийин келип кийим-кечесин талашат. Таң каласың. Арасында "шартыбыз жок, өзүбүз узата албай калдык" деп кийин куран окутуп кеткендер болот...

 

Жүрөк ооруткан учурлар көп эле. "Балдарымды, үйүмдү сагындым. Үйүмдү бир көрсөтүп койгулачы" деп сурангандар да бар. Азыр бизде төшөктө бир апа жатат. "Туугандарыма баргым келет, үйүмө бир алып барып койгулачы" деп кишинин ыйлагысын келтирет. Шаарга жакын болсо алып барабыз. Аныкы Чүйдө экен, үйүнө эки-үч жолу алып барып келгенбиз. Бирок ал жакта эч ким жашабайт экен.

— Оор илдетке кабылгандар да кароодон калып келет деп калдыңыз...

— Бизде жашаган 200 кишинин 50дөйү төшөктөн турбай жаткандар. Айрымдары оор илдетке кабылып, караган кишиси жок келсе, кээ бири бизде жүрүп эле карылыгы жетип төшөккө жатып калышат. Алар үчүн атайын "Мээрим" деген бөлүмүбүз бар. Негизги жайда да өзүнчө бөлмө бар. Бизде иштеген кызматкерлер тамагын берип, памперсин алмаштырып жакшынакай багышат. 

© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
"Балдарымды, үйүмдү сагындым. Үйүмдү бир көрсөтүп койгулачы" деп сурангандар да бар", — деди карылар үйүнүн директору Эркингүл Абдылдаева ойго бата.

— Кызматкерлер "жумушу оор" деп тез эле кетип калышпайбы?

— Ар бир кишини аларда "жумуш оор, айлыгы аз, чыдасаңар иштегиле. Соопчулук кылып чын жүрөктөн иштейм десеңер гана алабыз" деп айтам. Чыдаганы чыдайт, кетип калгандар дагы жок эмес. Жалпы жонунан жамаат жакшы. Азыр 70тей киши иштейт. Арасында жаштар дагы көп. Жамаат менен жашагандарды жакындатуу максатында майрам сайын ар кандай сынак, иш-чараларды өткөрүп турабыз. Анда командага бөлүп сөзсүз жашагандардын арасына кызматкерлерди да кошобуз. Мисалы, "Алга, аталар", "Алга, апалар" "Жаз сулуусу" деген иш-чараларды өткөрөбүз. Спорттук иш-чаралар болот. Демөөрчү тартабыз. Күн жылыганда жаратылышка чыгып, жайкысын көлгө барабыз.

Постояльцы в одном из государственных домов престарелых в Кыргызстане

Бирок канчалык алардын көңүлүн көтөрүп, түрдүү иш-чара өткөргөнүбүз менен баары бир өз үйүнө жетпейт да. Төрт маал ысык тамагын берип укмуш караганыбыз менен көбү суу ичип отурса да тууган-уругу, бала-чакасы менен жашагысы келет. Ата-эне — бир эле жолу берилчү байлык. Кандай учур болгон күндө дагы кечиримдүү болуш керек. Алар менен аралашып жүрүп жатып көп эле нерсени көрүп жатпаймынбы. Терезени телмирип карап балдарын, туугандарын күтүшөт. Өмүрүнүн акырына чейин жакшылыктан үмүт үзбөй өтүп кетишет...

 

— Мекемеден табышып баш кошкондор болот деп угуп калабыз?

— Ооба, жалгыздыктан тажап, бири-бирине көңүлдөрү келишип, табышып алгандар бар. Аларга өзүнчө бөлмө беребиз. Молдо келип никесин кыят, үйлөнгөндүгү тууралуу күбөлүк алышат. Буга чейин 13 үй-бүлө бар болчу, азыр аялы же күйөөсү каза болуп алты үй-бүлө калды.



Дагы: https://sputnik.kg/society/20190217/1043380893/karylar-ujunun-zhetekchisi-menen-maek.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик