Баланын ракка кабылганын кайсы белгилер аркылуу байкаса болорун Молдованын Онкология институтунун Балдар гемотологиясы бөлүмүнүн башчысы Ирина Пласкевич Молдова агенттигине айтып берди.
"Балдардын рак илдети көбүнесе өтүшүп кеткен 4-стадиясында билинет. Анткени көп учурда ал сасык тумоо, чарчап-чалыгуу, дененин ар кайсы жери көгөрүүсү менен коштолот. Мындай учурда ата-энелер рак жөнүндө ойлонбойт. Баланын күнүмдүк жашоосунда кезиге турган майда-чүйдө нерселер деп ойлоп, алданып калышат", — деди дарыгер.
Ата-энелер төмөнкү белгилер адаттагыдан көбүрөөк билине баштаганда, баланы дарыгерге алып баруусу зарыл:
- бат-баттан дене табынын көтөрүлүшү;
- кубаруу;
- узакка созулганг сасык тумоо;
- тамакка табиттин бузулуусу;
- муундардын оорусу;
- чарчап-чалыгуу;
- дегенин көгөрүүсү;
- дайыма уйкусурап жүрүү;