2019-жылдын 13-февралы, Ош, Кыргызстан, - «Аялдар тынчтык банкы» КФ Кыргызстандын бардык облустарынын диний лидерлеринин эрте никелешүүнү алдын алуу боюнча маалыматтык жараяндын жыйынтыктарын чыгарууда.
Башында 2018-жылдын 13-февралында саат 10.30да «НурТВ»нын пресс-борборунда пресс-конференция болмокчу. Анда диний лидерлер эрте никелешүүнү алдын алуу боюнча иш-чараларынын жыйынтыктары менен бөлүшөт. Андан кийин саат 13.00дөн баштап «Классик» мейманканасынын жыйындар залында жыйынтыктоочу конференция болуп өтөт. Иш-чаранын максаты: диний лидерлердин жамааттарда эрте никелешүүнү алдын алуу боюнча маалымат кампаниясын жүргүзүүдөг\ натыйжаларды, жетишкендиктерди, кыйынчылыктарды жана алган сабактарды аныктоо жана талкулоо, жыйынтык чыгаруу. Конференцияда диний лидерлер маалыматтык кампаниянын жыйынтыктарын туруктуу колдонууга тиешелуу мамлекеттик органдарга (ДИМК) жана диний уюмдарга (КМДБ) сунуштарды иштеп чыгышат, жана окутулган диний лидерлердин арасындагы конкурстун жеё\\ч\лър\ сыйлыктар менен сыйланат.
Маалыматтык жараяндын жүрүшүндө диний лидерлер тарабынан республика боюнча 106 иш-чара өткөрүлгөн. Имамдар жамааттардагы эрте никелешүүнү алдын алуу максатында жума намаздарда калктын эркек катмары үчүн жума хутбасында баяндама айтуу менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Атынча-аялдар кыздар жана балдар медреселеринин окуучулары менен жолугушууларды, форум-театр жана тренингдерди өткөрүшүп, эрте никелешүүнүн ден соолукка, билим алууга, кесип тандоого,үй-бүлөлүк турмуштун келечегине жана, жалпысынан, кыздардын коопсуздугуна тийгизээр кесепеттери жөнүндө маалымат беришти. Ошентип, жыйынтыгында Кыргызстандын 30 миёден ашуун жашоочуларын камтыган, анын ичинен эркектер – 28 миёден ашуун, аялдар – 3 миёден ашуун катышкан.
«Окутулган диний лидерлер тарабынан маалымат кампаниясын жүргүзүү аркылуу жашы жете электерге нике кыюу диний каадасына тыюу салуу жөнүндө Мыйзамдын жүзөгө ашырылышына колдоо көрсөтүү» маалымат кампаниясы 2018-жылдын август айынан башталган, ал «Аялдар тынчтык банкы» КФ тарабынан КР ДИМК жана КМДБ менен кызматташтыкта өткөрүлдү.
Маалымат кампаниясы БУУнун Өнүктүрүү Программасынын "Кыргызстанда аялдардын жана кыздардын маргиналдашууга туруштук берүүсүн мамлекеттик милдеттенмелерди аткаруу аркылуу жогорулатуу” долбоорунун алкагында Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин каржылык колдоосу менен жүзөгө ашырылган.