Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Секелек кызды зордуктаган кишинин жазасы эмнеге жеңилдетилди? Соттун жообу

Жаңылыктар
640
0

Чолпон-Ата шаарында 12 жаштагы кызды зордуктаган кылмышкердин жазасы жаңы мыйзамга, тагыраагы, Жаза кодексиндеги гуманизмге басым жасалган жагдайдан улам жеңилдетилди. Бул туурасында Ысык-Көл облустук сотунун маалымат катчысы Гүлзада Ашырбаева Sputnik Кыргызстан агенттигине комментарий берип жатып айтты.

Эске салсак, өткөн жылдын 25-мартында 53 жаштагы киши өспүрүм кызды Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Рух-Ордо" комплексинин жанындагы "Суу канал" ишканасынын насостук станцияга алып барып, зордуктаган.

Ысык-Көл райондук соту 2018-жылдын 28-июнунда зордукчуну Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 4-бөлүмү менен күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Жарым жылдан кийин Ысык-Көл облустук соту биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн өзгөртүп, КРдин жаңы мыйзамынын, тагыраагы, Жазык кодексинин 161-беренесинин 4-бөлүмү боюнча 14 (он төрт) жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүмүн чыгарган. Ошентип кызды зордуктаган кишинин жазасы гумандуулукка сугарылган делген жаңы мыйзамдын негизинде жеңилдетилген.

 

Эмне үчүн облустук сот катаал жазаны жеңилдетти деген суроого аталган тараптын маалымат катчысы бир нече себептерди атады.

"Азыркы мыйзамдын талабына ылайык гуманизмге басым жасалып жатпайбы. Соттолуучунун аракетинде оордотуучу жагдайлар табылган жок. Жабырлануучу менен психикалык жактан жабыркадыбы же жокпу деген иштер алып барылган. Психолог-эксперттер чакырылып, психиатрия жаатында иштеген адистердин корутундусу чыгарылып, анын психикасына доо кеткен эмес деп айтылган", — деди Ашырбаева.

Маалымат катчы соттук коллегия бул жерде бир нече учурларды да карагандыгын кошумчалады. Аларга кылмышкердин мурда сот жообуна тартылбагандыгы, күнөөсүн мойнуна алгандыгы кириптир.

"Жазык кодексинин 161-беренесинин 4-бөлүмүнүн санкциясы боюнча 12,5 жылдан 15 жылга чейин же өмүр бою эркиндигинен ажыратуу каралган. Соттук коллегия соттолуучунун өздүгүн, жашын, мурда сот жообуна тартылбаганын, күнөөсүн мойнуна алгандыгын жеңилдетүүчү жагдай катары эсептеп, соттолуучуга карата белгиленген жазаны төмөндөтүүгө мүмкүн деген бүтүмгө келген. Ошондуктан Ысык-Көл райондук соту тарабынан чыгарылган өкүм өзгөртүлүп, ал эми аппеляциялык даттануулар жарым-жартылай канааттандырылган", — деди Ашырбаева.

Жогорку соттун сайтындагы сот актылары жана отурумдары боюнча маалыматта Ысык-Көл облустук сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулары жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын курамында төрагалык кылган О.А.М., ал эми судьялар: С.У.Ж., К.Г.И. деп жазылып турат.

Алар Ысык-Көл облустук сотуна 2016-жылдын июнь айында дайындалган Анара Өмүралиева жана Гүлбара Кудабаева, алардан тышкары Уланбек Суранчиев аттуу судьялар экени маалым болду.

 

Фемида өкүлдөрүнүн өздөрүнөн жазанын жеңилдетилиши боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Облустук соттун маалымат катчысы Ашырбаева мыйзам талабына ылайык сот актыларына судьялар комментарий бербей тургандыгын белгиледи.

Анын айтымында, жаңы мыйзамдарга ылайык, жабырлануучу тарап кассациялык тартипте бир жылдын ичинде Жогорку Сотко даттана алат. Ашырбаева соттолуучунун абалын оордотуучу негиздер боюнча бир жылдык мөөнөттө кайра кароого жол берилерин кошумчалады.

Sputnik Кыргызстан буга чейин жаңы кодекстерде, алардын ичинен Жазык кодексиндеги балдарды зордуктоо боюнча жазанын суроо жараткан жагдайы туурасында материал даярдаган.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20190218/1043393077/kyz-zorduktagan-kishinin-zhazasy-kantip-zhenildedi.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно