20-февраль күнү КР дин Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Индия мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы жаңыдан шайланган Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси- Алок Амитабх Димри мырзаны кабыл алды. Элчи мырза Индия Кыргыз Республикасын жакын алакадагы өнөктөш өлкө катары кабылдап ар тараптуу мамилени жакшыртууга кызыкдар экендигин билдирди. Бул тууралуу жакында Индияга болгон КР дин тышкы иштер министринин сапары учурунда да айтылып, инвестиция жана туризм тармагын өнүктүрүү белгиленген. Жолугушууда Индия тарап Ошто жакында "Индия маданият жумалыгын” өткөрөөрү жана ITEK программасынын алкагында медицина, информациялык технология, мамлекеттик башкаруу жана менеджмент тармагында адистерди окутууларга, билимин тереңдетүүгө шарт түзүлүп берилээри белгиленди . Мындан сырткары туризмди кеңейтүү мүмкүнчүлүгү тууралуу сөз болду. Эскерте кетсек, Ошто 3000 дей студент билим алууда.