Талас облусунун Кара-Суу айылында түтүнгө ууланып 37 жаштагы келин жана анын 15 жаштагы кызы көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Кырсык 20-февраль күнү болгон.
"Үйдү жылытуу максатында бөлмөгө чаканын ичине от жагышкан. Жыйынтыгында андан чыккан түтүн үй-бүлөнү ууландырган. Каза болгон келиндин дагы 13 жаштагы кызы жана 6 жаштагы уулу оор абалда ооруканага жеткирилди", — деп айтылат билдирүүдө.
Кырсык болгон жерде ӨКМдин Талас райондук бөлүмүнүн 2 офицери, 3 куткаруучусу иштеди.
Дагы: https://sputnik.kg/incidents/20190221/1043428575/talas-ot-chaka-oorukana.html