Бүгүн:

Акыркы кабарлар

04:40
Жогорку Кеңеште республикалык бюджетке тиешелүү мыйзам долбоорлору кабыл алынды
04:23
Медициналык 23 окуу жайдын бешөө гана эл аралык каттоодон өткөн
04:20
Жапаров ЖККУда чек ара коопсуздугун камсыздоону сунуштады
04:21
Шакиев баштаган депутаттар Түркия парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты
04:19
Садыр Жапаров Россиянын Тышкы чалгын кызматынын директорун кабыл алды
04:13
Москвада кыргызстандык таксист киши колдуу болду
04:10
Парламентте “Газпромдун” ишине сын айтылды
06:56
Жапаров Токаевди президенттикке кайра шайланышы менен куттуктады
06:54
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу документтери апрелде даяр болот
04:38
"Тажикстан менен тил табыша баштадык". Камчыбек Ташиев чек ара боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу
05:37
Кыргызстанда Google Pay пайда болду, бирок бул функция азырынча беш гана банкта бар
05:30
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад" бекети оңдолууда
05:28
Композитор Муратбек Бегалиев Франциянын ордени менен сыйланды
19:52
БУУ Кыргызстанга жакырчылыктан чыгуусуна 105 млн. доллар бөлөт
19:49
Ишкер аялдар күнү: Кыргызстан Араб Эмираттарынан эмнени үйрөнө алат?
17:52
17-20-ноябрь күндөрү Кадамжайдагы айрым айылдарда электр жарыгы өчүрүлөт
17:26
Доллардын өсүшү. Улуттук банк валюта рыногуна 55,2 млн. доллар сатты
17:24
Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо сунушу жыл соңуна чейин берилерин айтты
17:15
Садыр Жапаров: "Эң туура жол менен баратабыз"
08:09
18 жаштагы Айнура Ирисалиева үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголду
08:07
Үйгө кирип барып, бешилик менен өлтүргөн: Тайгандын Таш-Көмүрдөгү өлүмү
07:58
Жалал-Абад шаардык кеңешине 3 жаңы депутат келди. Алар кимдер?
07:49
Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата жумалык өтөт
07:45
Дүйнөнүн калкы 8 миллиард кишиге жетти
07:40
Элдик курултайга кимдер келатат, алар эмне маселе көтөрөт?
06:56
УКМК: Аткезчиликтен алынган 2 миллиондон ашык доллар бюджетке берилди
06:45
Кыргызстанда акыркы жумада коронавирустун 19 жаңы учуру катталды
06:43
Кыргызстанда инфляция 15,4%га жетти - ЕӨБ
06:41
Аскер бөлүктөрүнүн бириндеги курулушта мамлекетке 1 млн сомдон ашуун зыян келтирилген
06:39
Баткенде аткезчилик товар ташыган унаа конфискацияланды
06:38
Садыр Жапаров Стамбулдагы терактка байланыштуу Эрдоганга көңүл айтты
05:48
Үй камагына чыккан Руслан Бекназаров акимдин орун басары кызматына кайтып барды
06:11
Кытай кыргызстандык студенттерге 23 мамлекеттик стипендия бөлдү
06:07
Москва биржасында кыргыз сомун сатып алуу боюнча үч операция жүрдү
06:03
Австралияда Актан Арым Кубаттын "Эсимде" тасмасы "Азиянын Оскарын" алды
06:00
Кыргызстандык мушкерлер Азия чемпионатында төрт коло байгеге ээ болушту
07:52
Садыр Жапаровдун Өзбекстанга иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди
07:49
Байсалов Самбо боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине катышты
07:47
Социалдык тармактардагы алдамчылардан кантип коргонуш керек? Улуттук банктын кеңештери
07:44
Бишкектин Ак-Ордо конушунда жаңы мектеп ачылды
05:10
ОшТУда илим күнү белгиленди
05:06
Энергетика министри Дүйнөлүк банктын CASA-1000 долбоору боюнча миссиясы менен жолукту
05:04
Президент Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри менен жолугушту
05:01
Ош шаарында "Билим" лицейинин жаңы окуу корпусунун салтанаттуу ачылышы өттү
04:56
Электр энергиясын убактылуу чектөөнүн себеби айтылды
Бардык кабарлар

ӨЛКӨДӨ АЛТЫН ТАШЫГАНДАРДАН АКЫ АЛУУ СУНУШТАЛДЫ

Жаңылыктар / Дүйнө жаңылыктары
741
0
 

Экономика министрлиги алтын кошулмасын сыртка чыгарууга экспорттук бажы төлөмүн киргизүү демилгесин көтөрүүдө. Бирок бул долбоордун үстүнөн иштеген мекемелер аралык комиссия анын өлчөмү кандай болору тууралуу маалыматты ачык жарыялай элек. Ошол эле кезде айрым адистер жана мамлекеттик бийлик органдарындагы жетекчилер алтын же башка баалуу металл кошулмасын сыртка чыгарууга жол бербей, аны жеринде иштетүүгө чет элдик кен иштетүүчү компанияларды мажбурлоо зарылчылыгын сунушташууда.

Буга чейин Чоң-Алайдагы, Чаткалдагы, Ала-Букадагы алтын кендеринен, Чүйдөгү Талды-Булак Сол жээк кенинен жүздөгөн тонна алтын кошулмалары​ Кытайга, Казакстанга жана Орусияга ташылып кетип жатканы боюнча парламентте маселе көтөрүлгөн. Кен казуучу чет элдик компаниялар муну жеринде алтынды ажыратып ала турган өндүрүштүн жоктугу менен түшүндүрүшкөн.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов Талды-Булак Сол жээк кенин иштеткен "Алтынкен” компаниясы алтын тазалоочу фабрикасы курулганына карабастан жылына 3 миң тоннага чукул алтын кошулмасын Кытайга ташып кетип жатканын билдирген эле.

Анткен менен Тоо-кенчилер бирлигинин төрагасы Орозбек Дүйшеев алтын кошулмасын сыртка ташып чыгып, иштетүүнүн сырларын мындайча чечмеледи:

- Тоо-кен байлыгын бири-биринен ажыратып алуу технологиясы татаал жана кымбат жумуш. Ошондуктан азыр Кыргызстанда кен казып жаткан компаниялар ошондой көп чыгым кылбаш үчүн алтын кошулмаларын чет өлкөгө алып барып тазалатып, иштетип анан сатууга чыгарып жатышат. Бул жерде чоң пайданы көздөгөн бир максат алтын казып алууга лицензия алган компания алтын кошулмасынын арасындагы башка кымбат баалуу минералдарды дагы сырттан тазалатып алат. Ал сыртта иштетилгендиктен албетте, каттоого алынбайт. Андан салык дагы алынбайт. Ошон үчүн кен казуучу компаниялар аз көлөмдө болсо дагы минералдарды ажыратып алууга кызыкдар. Анын сыры мына ушундай.

2011-жылы Чоң-Алайда алтын кенин иштеткен "Кайди" компаниясы дагы тиешелүү бийлик органдарынын тымызын уруксаты менен кенди Кытайга ташып кетип жатканы ачыкка чыккан. Буга нааразы болгон жергиликтүү тургундар бир канча тонна алтын кошулмасы жүктөлгөн оор жүк ташуучу автоунааларды токтотуп кармап алышкан.


скачать dle 11.0фильмы бесплатно