Бүгүн:

Акыркы кабарлар

15:56
Июнда кыргызстандыктар бир күндүк эс алууга чыгат
15:49
Кыргыз-казак чек арасында жайгашкан "Ак-Тилек" пунктундагы абал айтылды
15:45
Кар жана мөндүр... Министрлик шашылыш билдирүү таратты
15:44
Бишкектин "Орто-Сай" базарында башаламан коюлган күркөлөр алынды. Сүрөт
15:42
Милиция Акыркы коңгуроого карата эскертүү таратты
15:38
Милиция Акыркы коңгуроого карата эскертүү таратты
11:40
Депутат: премьердин агасы Саламаттык сактоо министрлигиндеги майлуу жерде отурат
11:39
Үч жашар кызга тиш салган итти милиционер жүрөккө атты. Окуянын видеосу
17:06
Типтирүүмүн, өлө турган жөнөкөй киши эмесмин. Рысалиевдин ызаланган видеосу
16:11
9 баллдык жер титирөөгө даярдык көрүү буйругу чыктыбы? Расмий жооп
15:57
Иманкадыр Рысалиев: Жамангулов жалганчы, аны эми текшертем
15:52
Өзгөчө көркөм сүрөттөр. Мэрия шаар тургуну Михаил Дудиндин эмгегин баалады
20:55
Кызмат учурунда каза болгон кызматкерлер эскерилди
14:46
УКМК жетекчиси Идрис Кадыркулов отставкага кетти
14:44
Паспорт чыры: Жээнбеков УКМК төрагасы Кадыркуловду жумуштан бошотту
14:40
Бишкекте машинанын баланы уруп кеткен учуру видеого түшүп калган
14:26
Экс-министр Динара Сагинбаева кармалды
14:24
Туу көтөрүп автобусту коштогон жоокерлер. Алгачкы туристтерди тосуп алгандагы видео
15:49
Новопавловка: мектептеги чуудан кийин жаңы директор дайындалды
15:39
Айдоочу, абайла! Бишкекке дагы 19 камера орнотулду. Жалпы тизме
13:32
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин канча айлык алары айтылды
14:29
ВИДЕО Жулуп чыгып ыргытканда. "Достукка" жеңиш алып келген салымдын видеосу
17:01
БШК жергиликтүү депутаттарды шайлоо үчүн бюллетендерин региондорго жөнөттү
12:51
Абада күйгөн учак. Шереметьеводогу кырсык тууралуу азыр эмне белгилүү
12:45
6-майдан Бишкектин бир катар аймагында жарык жок болот. Тизме
16:37
Президент Жээнбеков урандын казылар-казылбасы боюнча үн катты
16:23
50дөн ашканда жалгыз уулуман ажырадым, экинчи аял алсамбы? Армандуу атанын каты
16:10
Балдар үйлөрүнөн чыккандардын борборуна акча керек. Акция
14:56
Эксперт: Бишкектин кичирайондорундагы көп кабаттуу үйлөрдүн эскилиги жетти
14:53
Бир айда канча тойго барасыз? Таң калган, чочуган депутаттардын жообу видеодо
14:45
Эколог Ысык-Көлдүн экосистемасына болгон коркунучтарды айтып берди
10:30
"Уран маселесин эл көтөрүп чыккан" дегенди алып салбайлыбы? Депутаттын сунушу видеодо
10:11
Кудум илгеркидей! Бишкекте ачыла турган сонун бир жайдын видеосу
10:06
Мекендештер "Дарак ырын" Москванын кинотеатрларынан көрө алышат
15:33
Оңолот деген ушул! Бишкектиктер майрам учурунда жерге таштанды ыргыткан жок
13:44
Француздар асырап алган баланын Кызыл-Кыядагы агасы паспорт ала албай убара
09:11
Сооронбай Жээнбеков Бишкек кандай шаар болушу керектигин айтты
16:04
Мухаммедкалый Абылгазиев Ереванга учуп кетти. Коштоп кеткендердин тизмеси
15:11
1-майда автопарад өтөт. Эл компаниялардын азыгынан көчөдөн ооз тиет
15:01
Сооронбай Жээнбековду Кытай кантип тосуп алды. Видео
15:00
"Мындан кийин сөгүнбөйт". Абылгазиев Мамкаттоонун жетекчиси тууралуу. Видео
14:58
Жээнбеков Зеленскийди Украинанын президенти болушу менен куттуктады
12:46
Уран кениндеги чууга Зилалиевдин кандай тиешеси бар? Өкмөттүн түшүндүрмөсү
12:44
УКМК: Бишкектин чок ортосунан күмөндүү баштык табылып, аймак курчоого алынды
12:32
Бишкекке Кытайдан 60 автобус алып келинди. Мэр артыкчылыктары тууралуу
Бардык кабарлар

Француздар асырап алган баланын Кызыл-Кыядагы агасы паспорт ала албай убара

Жаңылыктар
47
0

Француздар асырап алган кыргыз баланын бир тууган агасы Акылбек Тагаевге документ ала албай жатышат. Ал 17 жашка чыкса да эмдигиче паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Бул туурасында анын агасы Кылычбек Кыргызбаев билдирди.

Эскерте кетсек, жаңы жылдын алдында кыргызстандыктар жүрөк ооруткан, бир жагынан көңүлдү жай кылган окуяга күбө болушкан. Францияда жашаган Кирилл Николя Морша 11 жылдан кийин "Жди меня" программасы аркылуу бир тууган агасын жана туугандарын Кыргызстандан тапкан. Аны апасы 2007-жылы Москвада төрөп, тилекке каршы, өзү каза болуп калган. Андан кийин ымыркай балдар үйүнө өткөрүлөт да, эки жашында аны франциялык аял Катрин Колетт Бубьян асырап алган. 

Акылбек Тагаев Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылында жашайт. Атасы 2016-жылы өзүнүн айылы жакта сууга чөгүп кетип, 46 жашында каза тапкан. Учурда атасынын эжесинин колунда тарбияланууда. Анын өздүгүн тастыктоочу документи жок болгондуктан бир тууганы менен көрүшүү үчүн "Жди меня" программасына бара албай калган. Буга байланыштуу алар кийинчерээк жолукмай болушкан. Ошол кезде Кызыл-Кыянын мэри Эрмекбай Топчубаев балага документ алууга жардам берерин билдирген болчу

Бирок андан бери беш ай өтсө да Акылбекке документ бериле элек. Агасы Кылычбек Кыргызбаев баланын энесин юридикалык жактан далилдөө үчүн сот иштери жүрүп жатканын айтат.

"Акылбек Кызыл-Кыяда төрөлгөндө күбөлүк алышкан эмес. Экөөнүн нике күбөлүгү да жок экен. Азыр төрөт үйүнөн маалымкат алдык. Апасы каза болгону туурасында айыл өкмөттө катталыптыр, бирок расмий кара кагаз берген эмес. Атасынын кара кагазы бар. Сотто "баланын энеси ким" деген маселе каралып жатат. Көп документтери жок болуп ар жактан чогултуп жатабыз. Эки-үч жолу сот отуруму болду. Ага биз катыша албайт экенбиз, бир таежеси катышууда. Адвокат жалдап ага 15 миң сом бердик. Тилекке каршы, ушул күнгө чейин чечиле элек", — деди Кыргызбаев.

Ал эми Кызыл-Кыя шаарынын мэри Эрмекбай Топчубаев соттун чечими чыкса эле документ бат бүтөрүн билдирди.

"Учурда соттук процесс жүрүп жатат. Кийинки отурумда чечилип калышы ыктымал. Көйгөй жараткан жагдайлар көп экен, апасынын паспорту жок, баланы төрөтканадан документи жок алып чыккан. Бирок бул иш биздин көзөмөлдө турат. Акылбек бир тууганы менен жолугуша албай жүргөнүн, маселе өкмөттүк деңгээлде көтөрүлгөнүн сотко да, адвокатка да эскерткем. Сот чечип берсе эле документ алуу маселе жаратпайт. Өзүм көзөмөлдөп берем", — деди мэр.

 

Акылбек англис тилин билген тууганынын жардамы менен иниси Кирилл экөө маал-маалы менен интернет аркылуу сүйлөшүп турат экен. Ал багып алган апасы менен ушул жылы Кыргызстанга келүү ниетин билдиргенин айтышты.



Дагы: https://sputnik.kg/society/20190429/1044159462/mirlan-bakirov-kyzmattyk-unaa-dem-alysh-kun.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно