Бүгүн:

Акыркы кабарлар

10:28
Министрлик бүтүрүүчүлөр аттестатты акысыз аларын эскертти
10:16
Россиянын ЖОЖдору пандемияга карабай кыргызстандык студенттерди кабыл алат
17:01
Коронавирустан коргоочу кол кап кандай болушу керек? Адистин пикири
16:42
Кыргыз-өзбек чек арасындагы чыр. Коңшу өлкөнүн ТИМи үн катты
11:38
Ата-энелер мектеп фондуна акча чогултулуп жатканын айтууда. Министрлик эмне дейт?
15:38
1-июндан тарта Кыргызстандагы бардык мамлекеттик органдар иштей баштайт
15:28
"Спартак" стадионунда машыгууга уруксат берилип, бирок бир шарт коюлду
14:59
Нарын облустук ооруканасы курчалып, төрт бөлүмү жабылды
14:14
Телеканалдарды балдарга туура келбеген контент үчүн жазалоо сунушталды
14:11
Бишкек менен Чүйдөгү 8 мектепте медициналык иш бөлмөлөр ачылат
14:05
Мумия, жасалма сүрөт. Министр Жаманкулов жоголгон экспонаттар тууралуу айтты
13:56
Аким: Октябрь акимиатынын кызматкерлеринен коронавирус табылган жок
13:16
Кыргызстан боюнча карантиндик канча пост калды. Министрликтин жообу
12:23
COVID-19: РФтин мамлекеттик мекемеси КМШ өлкөлөрүнө видеокеңештерин берет
11:23
Япония Кыргызстан баш болгон 11 өлкөнүн жарандарына кирүүгө тыюу салды
11:15
Электр энергиясына коюлган жаңы тариф 1-июлдан тарта күчүнө кирет
14:03
Индиядан чартердик каттам менен 22 кыргызстандык келди
13:56
Ак-Талаа менен Ат-Башыдагы катуу шамал имараттардын чатырын учуруп кетти
17:05
Кыргыз-өзбек чек арасында күчү 3,5 баллга жетип, жер титиреди
13:11
Эртеңден тарта иштечү соода борборлору менен базарларга талап коюлду
13:08
Мурдагыдай эле иштөөсүнө тыюу салынган тармактар айтылды.
13:07
Кыргызстанда электр энергиясына айрым тарифтер өзгөртүлөт
12:57
Дагы 12 киши коронавирусту жеңип чыкты
12:44
Жети-Өгүздө төрөт үйүн обсервацияга айландыруу чечими жокко чыгарылды
12:11
Коомдук транспорт 25-майдан баштап эл ташыйт. Талаптар
12:10
"Дордой" баштаган ири базарлар ишке кирет. 25-майдан тарта жанданчу тармактар
12:09
Боронов сырттан келгендерге кайрылып, медиктердин талабын аткарууну өтүндү
12:08
Көбөйүп жатат. 32 жүк ташуучу айдоочудан коронавирус табылды
14:42
КР энергетикасы жар учунда турат. Эксперттин билдирүүсү
14:34
Чуу салса эле обсервациядан чыгабы? "Гансидеги" жаңжал боюнча Үсөнбаевдин жообу
14:31
Нарында 8 милиция кызматкеринен коронавирус чыкты
13:18
Путин Россиядагы мусулмандарды Орозо айтты үйдөн белгилөөгө чакырды
12:40
Өлкөдө кооптуу кырдаал сакталып турат. Жээнбеков Бороновду кабыл алды
12:36
23ү каттоого жетишпей калган. Аскат Алиев мекенге келген мигранттар боюнча үн катты
12:33
20-майда Оренбургдан мекендештердин дагы бир тобу алып келинет
12:32
Обсервацияда чуу салгандар менен министрликтин өкүлдөрү жолукту.
12:31
Абылгазиев обсервацияда чуу салган жарандарга кайрылды
12:28
Шектүүлөр текшерилет. Облус башчысы Ысык-Көлгө кирип-чыгуу шарты тууралуу
11:08
Россия Кыргызстанга ракеталык комплекс жана тик учак берери пландалууда
10:55
АКШ коронавирусту организмге жолотпой "чыгарып салган" антителону тапты
10:33
Москвадан 402 кыргызстандык учуп келет. Арасында майып, оорулуулар бар
09:41
Антисептикалык каражаттын ордуна айнек жуугуч. Мэрия тартип бузгандарга айып салды
12:26
Чет өлкөдөн кайткан жарандар текшерүүгө кантип алынарын штабдан айтып беришти
12:12
Эки күндө Санкт-Петербург шаарынан 312 кыргызстандыкты алып келишти
12:08
Өткөн сутканын ичинде 38 адам коронавирустан айыгып чыкты
Бардык кабарлар

Бир айда канча тойго барасыз? Таң калган, чочуган депутаттардын жообу видеодо

Жаңылыктар
162
0

Бир тууган Матраимовдордун иш-чарасына жабыла барган аткаминерлер элдин талоонунда калды. Анын эртеси парламентте 20-30дай гана депутаттын отурганы дагы талкууга жем таштады. "Тойдун эртесиби? Булар тойдон бошобойт" деген сын сөздөр жаңырууда.

 

 
Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы депутаттарга: "Бир айда канча тойго барасыз? Акыркы жолу тойго качан бардыңыз?" - деген суроо узатты.

 

Анда маалым болгондой, 1-май күнү депутаттар үч кесиптешинин мааракесине барууга жетишиптир. Биринчиси — Искендер Матраимовдун атасынын жаркын элесине арналган Кара-Суу районундагы спорттук иш-чара. Экинчиси — Төрөбөй Зулпукаровдун Ноокат районундагы күрөш боюнча мелдеши. Үчүнчүсү — Сагындык Келдибаевдин Өзгөн районунда өткөргөн тою.

Сурамжылоого катышкан 14 депутаттын көпчүлүгү айына 2-3 жолу гана тойго бара турганын айтты. Күздө анын саны өсүп кетерин да жашырышкан жок. Ал эми акыркы ирет бир күн, бир жума мурда кесиптешинин, кудасынын тоюна барганын билдиришти. Айрымдары тойго чанда гана барарын айтат.

Кыргызстанда тойлорго чектөө киргизүү маселеси маал-маалы менен көтөрүлүп турат. Бирок алгылыктуу кадамдар жасалып, иш жүзүнө ашкан эмес. Былтыр Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кыргыз тойлорун жаңы үлгүдө өткөрүү боюнча сценарийге конкурс жарыялаган. Бирок андан да майнап чыкпаптыр. Министрликтен ылайыктуу сценарий келип түшпөгөнүн билдиришти. Бул боюнча депутаттар дагы мыйзам долбоорун даярдап, бирок парламенттен колдоо таппай калган.

Коңшу Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёев аткаминерлердин тойго барышына тыюу салып, "көрсөм түрмөгө камайм" деп коркуткан. Ал эми парламенти жалпы тойлорго чектөө киргизүү мыйзамын кабыл алууга белсенген. Кийинчерээк кайра элге түшүндүрүү жана үлгү көрсөтүү менен чектөөгө токтолушту.

 

Ал эми Тажикстанда "Той, салтанаттарды иретке келтирүү" боюнча мыйзам кабыл алынган. Анын негизинде тойлор дем алыш күндөрү 8.00дөн 22.00гө чейин, иш күндөрү 18.00дөн 22.00гө чейин өткөрүлүшү керек. Үлпөт тойдун узактыгы үч сааттан ашпашы зарыл. Былтыр күздө иш күнү экенине карабай күндүз той берген киши айыпка жыгылган.

Дагы: https://sputnik.kg/video/20190503/1044200528/deputattar-bir-ayda-kancha-toygo-baranyn-aytyshty.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно