Бүгүн:

Акыркы кабарлар

15:49
Жеңиш чокусунан учуп түшкөн россиялык альпинист каза тапты
15:47
Атамбаевди кармоо. Башаламандыктан борбор калаа 2 млн. сомго чыгым болду
11:51
Кадамжайда 44 килограммдан ашык героинди кантип кармашты? Сүрөт
12:54
Ат-Башыда Курман айт майрамына карата жакыр үй-бүлөлөргө жардам берилди
11:41
Атамбаевдин үйүнө бараткан аскерлердин жоон тобу. Кой-Таштагы сүрөттөр Алмазбек Атамбаевди кармап кетишти
10:35
Милиция Атамбаевдин үйүнө чейинки жолду ачты
10:28
Алмазбек Атамбаев бийлик менен элге кайрылуу жасады
09:55
Президент Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт
09:51
Курсан Асанов Атамбаевдин тарапташтары менен сүйлөшүп жатат
09:27
Бишкек шаарында абал тынч
13:08
Солтон-Сарыдагы кытай компаниясы ишин убактылуу токтотту
12:53
Солтон-Сарыдагы чыр: нааразы болгон эл жол тосууга камынып жатат
12:44
Солтон-Сары: кытай компаниясы жумушчулары менен техникасын кенден чыгарып кетти
12:58
Бишкектин эки жаңы конушу борбордук канализацияга кошулууда
11:31
Ат-Башыда түндө жер титиреди
10:52
УКМК издеген Шаикова эмнеси менен белгилүү. Кызыктуу 7 факты
17:03
Абактагы наркобарон кызга айланып... Кылмышкердин кармалгандагы видеосу
16:18
Дордойдогу кампадан кечээ чыккан өрт өчүрүлө элек
13:39
Москвадагы кыргыз мигранттары 43 күн жоголгон таиланддык кишини таап беришти.
13:19
Өкмөт Казакстанда мертинген мекендештердин сөөгүн алып келүүгө жардам берет
17:19
Колу байланып, керебетке таңылган кыздын тагдыры эмне болду? Окуянын чоо-жайы
17:15
Жээнбеков Путинге Россиядагы кыргызстандыктарды колдогону үчүн ыраазы болду
17:04
Жээнбеков мигранттарга берилчү "Мекен карттын" артыкчылыгын айтты
10:06
Бишкектин депутаттары "Газпромдун" мектебин коомдук фондго өткөрүп беришти
10:05
Токой чарба агенттигинин директору Рустамов пара алып жатып кармалды
14:23
Эсеп палатасынын инспектору кармалды. Айыбы эмнеде?
11:07
Адамзат кайра калыбына келчү бир жылдык ресурстарды түгөтүп бүттү
15:37
Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Кыргызстанга келди
10:27
"Беш күндөн бери дайынсыз". Кыргыз-тажик чек арасындагы айылдыктар нааразылыкка чыкты
12:39
Тоо койнундагы Көл-Төрдүн асмандан тартылган сүрөттөрү
11:37
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев суракка чакырылды
11:36
Алмазбек Атамбаев суракка барар-барбасын айтты
10:49
Унутулган рюкзак полицияны убара кылып, элди дүрбөттү. Казакстандагы окуя
10:47
Кыргызстанда жаңы мамлекеттик ишканалар түзүлдү. Милдеттери
09:33
Бишкектин чок ортосунда тез татым жайы күйүп кетти. Сүрөт, видео
09:31
Жалгыз уулу эле... Кырсык тооруган Абдылдаевдин үй-бүлөсүнүн таржымалы
13:03
Нарында суу жээктерине эскертүү такталары орнотулду
10:20
Төрага Жумабеков Атамбаевге өзү жазган ыр менен жооп берди. Видео
10:10
Екатеринбургдан чыгып кайра шашылыш конгон учак “Кант” базасына келе жаткан
14:24
Жээнбеков: кутулуп кетем деп ойлобогула, тынчтык бербейм!
10:48
Ысык-Көлгө жай бою төрт шаардан учак каттайт
10:44
Нарын шаарынын борборундагы тротуарлар оңдолууда. Сүрөттөр
15:34
Милиция бөлүмүнөн качып кеткен киши "Ош" базарынан кармалды
15:14
Сүрөттөн чыккан ызы-чуу: казак бийлиги чатактын чоо-жайын айтты
14:56
Тажикстандагы жер титирөөнүн эпкини Кыргызстанга да тийди
Бардык кабарлар

Иманкадыр Рысалиев: Жамангулов жалганчы, аны эми текшертем

Жаңылыктар / Аналитика
67
0

Иманкадыр Рысалиев "Альфа Телеком" компаниясынын жетекчиси Акылбек Жамангуловду коркутуп-үркүтпөгөнүн айтып, аны "жалганчы" деп сыпаттады. Мындай пикирин ал Кыргызстан агенттигине билдирди.

Бүгүн "КТ Мобайл" чыры боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында MegaCom бренди менен таанымал "Альфа Телеком" компаниясынын жетекчиси Акылбек Жамангулов аны Иманкадыр Рысалиев коркутуп жатканын билдирген. Ал тургай "үй-бүлө, балдарыңды кара" дегенин айткан. Жамангуловдун айтымында, Рысалиев мындай жол менен "КТ Мобайл" ишканасын ишке киргизүү үчүн каражат которуусун талап кылган.

 

Рысалиев айтылгандын баарын төгүнгө чыгарып, ал жалган маалымат таратып коомчулуктун башын айландырып жатканын айтууда.

"Мунун баары жалган, мен ага (Акылбек Жамангуловго — ред.) SMS жибергенде "Балдардын келечегин ойлосоң, улуттук компаниянын ишине жолтоо болбо, Казакстандын көзүн карап жүрө беребизби, өзүбүздүкүн да ишке киргизели" дегем. Ал жалганчы. Коомчулукка жалган маалымат таратып, мамлекеттин жетекчилерин адаштырып жатат. Аны ушул иши үчүн күнөөлөйм. Эми укук коргоо органдарынан анын ишин текшерип чыгышын талап кылам. Жамангулов чет өлкөлүк компаниялардын кызыкчылыгын көздөп жатат", — деди Рысалиев.

Ошондой эле депутаттарга да кайрылып, "КТ Мобайл" компаниясынын ишине тоскоолдук кылбоого чакырды.

"Мен аны каматам дегидей прокурор эмесмин да. "Эмнеге өкмөткө, Шаршембиевге (Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы — ред.) ушундай жалган каттарды жазып, ишке тоскоолдук кылып жатасың деп жазгам. Бирок эми иш козгошун талап кылам, жасап жаткан иштерин казып чыгышсын. Ал эми депутаттарга айтарым, "КТ Мобайлга" тоскоолдук кылбасын. Кыргыздар өзүнүн улуттук байланыш операторун түзгөнгө укуктуу. Анын айынан, иштеше албайм деп "КТ Мобайлдын" директору Нурбек Мукамбетов да кызматтан кетти", — деди Рысалиев.

 


Рысалиев — "Ачык өкмөт" эл аралык уюмунун катчылыгынын башчысы. "КТ Мобайл" компаниясына кандай тиешеңиз бар, эмненин негизинде Жамангулов менен сүйлөштүңүз?" деген суроого ал "Санарип Кыргызстан - 2019-2023" санариптик трансформациянын концепциясын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү болгондуктан ишти көзөмөлдөөгө укугу бар экенин айтты.

 

Белгилей кетсек, буга чейин "КТ Мобайл" мамлекеттик компаниясы ишке кирбей жатып 170 миллион сомдук карызы бар экени белгилүү болгон. Компаниянын башкы директорунун орун басары Эрназар Иманкадыр уулу ишкана иштеп баштаса эле жарым жылдын ичинде карыздардан кутулууга болорун билдирген. Компания "Альфа Телеком" ЖЧКсынын базасында ачылмак. Тагыраагы, бир мамлекеттик компаниянын эсебинен экинчи мамлекеттик мобилдик байланыш оператору рынокко чыкмак. Кийинчерээк Эрназар Иманкадыр уулу премьер-министрдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин уулу экени маалым болгон. Буга байланыштуу ал жана башка жетекчилер кызматтан бошотулган.


Дагы: https://sputnik.kg/politics/20190517/1044360862/imankadyr-rysaliev-korkutuu-akylbek-zhamangulov-chyr.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно