Бүгүн:

Акыркы кабарлар

11:36
Алмазбек Атамбаев суракка барар-барбасын айтты
10:49
Унутулган рюкзак полицияны убара кылып, элди дүрбөттү. Казакстандагы окуя
10:47
Кыргызстанда жаңы мамлекеттик ишканалар түзүлдү. Милдеттери
09:33
Бишкектин чок ортосунда тез татым жайы күйүп кетти. Сүрөт, видео
09:31
Жалгыз уулу эле... Кырсык тооруган Абдылдаевдин үй-бүлөсүнүн таржымалы
13:03
Нарында суу жээктерине эскертүү такталары орнотулду
10:20
Төрага Жумабеков Атамбаевге өзү жазган ыр менен жооп берди. Видео
10:10
Екатеринбургдан чыгып кайра шашылыш конгон учак “Кант” базасына келе жаткан
14:24
Жээнбеков: кутулуп кетем деп ойлобогула, тынчтык бербейм!
10:48
Ысык-Көлгө жай бою төрт шаардан учак каттайт
10:44
Нарын шаарынын борборундагы тротуарлар оңдолууда. Сүрөттөр
15:34
Милиция бөлүмүнөн качып кеткен киши "Ош" базарынан кармалды
15:14
Сүрөттөн чыккан ызы-чуу: казак бийлиги чатактын чоо-жайын айтты
14:56
Тажикстандагы жер титирөөнүн эпкини Кыргызстанга да тийди
11:47
Бишкек мэринин орун басарлары дагы көчмө жыйын өткөрө баштады
11:37
Атамбаевдин айланасындагы кырдаал тууралуу кыска-нуска видео
13:01
Башкы прокурор: Атамбаевге каршы Батукаевдин көрсөтмөсү бар
12:59
Башкы прокурор сөзүнөн жаңылып, Атахановду Батукаев менен алмаштырып алды
12:56
Мыйзамга каршы көрсөтмө берген. Атамбаевге ТЭЦ боюнча кандай айыптар коюлууда
11:54
Көлдөгү жол кырсыктан бир кыз каза болду. Тамтыгы чыккан унаанын видеосу
13:01
Айыл турмушу: «Шумкар» полкунун кызматкери Ч.Чалабаевдин спорттогу ийгиликтери
10:02
Атамбаевдин кеңешчиси экс-президенттин банктагы эсеби боюнча үн катты
09:42
Атамбаевдин "иши". Иманалиев мындан аркы кадамдар тууралуу айтып берди
09:15
"Ош" базарындагы башаламан соода менен күрөш уланууда. Сүрөттөр
09:12
Мира Жангарачева Гапар Айтиев атындагы музейге директор болду
13:51
Аялдар эмнеге стресс болот? Окумуштуулар негизги себеби тууралуу
17:23
Бишкектин борборунда сары футболкачан адамдар митингге чыкты. Талабы эмне
16:57
Көлдүн Сырт аймагынан ок жеген аялдын сөөгү табылды
16:55
6 жаштагы шахматчы Султай "Лучше всех" шоусуна барып, Галкинди таң калтырган. Видео
16:42
150 миң доллар пара алды делген Илмияновдун иши боюнча тергөө аяктады
11:20
Кыргызстан бейпил өлкө рейтингинде 13 сапка көтөрүлдү
12:03
Башкы прокуратура атайын эсепке 16,4 млн. сом которду
12:02
Мэрия сатылып кеткен 5 гектар жерди Бишкектин менчигине кайтарып алды
11:41
Бишкекте 12 өлкөнү бириктирген ШКУ саммити өтүүдө. Тексттик трансляция
15:35
«Кийимдерин төшөк кылып...»: Өспүрүмдөр эрки менен кумарын кандырышканбы же кыз зордукталганбы?
15:30
Кытай Кыргызстандан ири көлөмдө азык-түлүк сатып алууга даяр
14:56
Бишкектеги ШКУ саммити. Учурда эмне болуп жатат
10:39
Кыргызстанда активдүү мигранттар үчүн жайкы лагерь иш алып барат
10:34
Бишкекке келген Монголиянын президентин кызыл гүл менен тосуп алышты. Сүрөттөр
10:32
Жээнбеков Путинди Россия күнү менен куттуктады
17:19
Атамбаев айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылганбы? Милиция менен КСДПнын жообу
17:18
Өзү билип аскер бөлүгүн таштап кетүүгө аракеттенген жоокер кармалды
17:15
Чагымчылдык! Кеңешчиси Атамбаевдин айдоочулук күбөлүгү тууралуу үн катты
14:59
Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды
13:21
Балыкчыдагы батут кырсыгы: 3 жашар кыздын абалы оор
Бардык кабарлар

Ташиев, Назаралиев менен мушташып. Туйгунаалы Абдраимов тууралуу 8 факты

Жаңылыктар
67
0

Эске сала кетсек, кечээ, 5-июнда, эртең менен Сокулук районунун Орок айылында мушташ чыккан. Туйгунаалы Абдраимов жерине барып, кырдаал боюнча комментарий берген. Кабарчылар кошумча суроо узатканда ал КТРК телеканалына гана жооп бере турганын билдирген. Мунун себебин сураган журналистке: "Сиздин кебетеңиз жакпай жатат, өтө жагымсыз экен",- деп каткырып басып кеткен.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Чүй облусунун жетекчиси Туйгунаалы Абдраимов тууралуу фактыларды чогултту.

Хирургдан саламаттык сактоо министрине чейин

Туйгунаалы Абдраимов 1958-жылы 7-октябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Нурманбет айылында туулган. Соңку маалыматтарда үч уулу, бир кызы бар экени айтылат. Аткаминер көп жыл ооруканада эмгектенген. 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун дарыгер-хирург адистиги боюнча аяктаган. Кийин медицина илимдеринин кандидаты даражасын алган. Мындан тышкары, юрист адистигине ээ болгон.

 

Алгач шаардык Клиникалык тез жардам кызматында, Ысык-Ата райондук борбордук ооруканасында эмгектенет. Андан кийин Ысык-Атадагы райондук оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысы жана башкы дарыгери болот. 1996-1998-жылдары саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары, 2007-жылы министр болгон. Жогорку Кеңештин депутаты болууга да жетишкен.

Каймана аты - Туй

Туйгуналы Абдраимовду жакындары жана туугандары "Туй" деп аташат. Ага "Туй байке", "Туй ата" деп дагы кайрылгандар бар экени белгилүү болду.

БШКны эки ирет башкарган

Аткаминер 2002-2005 жана 2011-2016-жылдары Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы болгон.

2015-жылы Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков БШКда миллиондогон сом негизсиз жумшалып жатканын айтып чыккан. Бул туурасында ЖКМлар жазган. Анын айтымында, БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов көп учурда бизнес-класс менен учарын, кызматына тиешеси жок айрым сапарларда болгонун, ошондой эле шайлоо комиссиясында иштебеген эле адамдардын чыгымдары төлөнүп берилгенин, кызматтык унааларды башка адамдар минип жатканын билдирген. Ишенбай Кадырбековдун эсебине ылайык, Туйгунаалы Абраимов ай сайын 200-250 миң сом, ал эми жылына 2,5-3 миллион сомдой акча короткон. БШКнын маалымат катчысы Кыял Бектурова Кадырбековдун дооматтарынын негизсиз экенин белгилеген.

 

Уулунун чыр-чатакка аралашканы айтылган

2013-жылы жергиликтүү басылмалар Туйгунаалы Абдраимовдун уулу кылмыш ишине аралашкандыгы тууралуужазышкан. Жабырлануучу Жанарбек Төлбашиевдин айтымында, ал достору менен Ысык-Ата районундагы Туюк деген жерде балык уулап, эс алып жүрүшкөн. Ал ортодо Абдраимовдун уулу аларды аймактан чыгып кетишин талап кылып, жер аларга таандык экенин айткан. Мындан улам экөө айтыша кетип, Абдраимовдун уулу жабырлануучуну фонарик менен бир нече ирет башка урган. Токмок жеген балага достору болушуп, аткаминердин уулун сабап коюшкан. Ал эми Чүй милициясы басылмаларга жаңжал Абдраимовдун баласынын итин жабырлануучу тарап тартып алгандан кийин болгонун билдирген. Окуянын версиясы талаш пикирлерди жараткан.

"Чемпион" депутат - күйөө баласыбы?

Айрым маалыматтарда ЖКнын депутаты Урмат Самаев Туйгунаалы Абраимовдун күйөө баласы экени жазылган. Редакция Самаев тууралуу материал даярдап жатып, аталган маалыматтын чын-бышыгын билүү үчүн Абдраимовдин өзүнө байланышкан. Ал бул нерсени четке кагып, эч кандай тууганчылыгы жоктугун белгилеген. Урмат Самаев жаш кезинде спортто Чемпион каймана атын алып жүргөн.

 

Жумушчуларын айлыксыз калтырганбы?

2018-жылдын аягында жергиликтүү ЖМКлар Абдраимов Ысык-Атага көп кабаттуу мейманкана салдырып, жумушчуларына 134 миң сомдук эмгек акысын төлөбөй койгондугу тууралуу жазган. Бирок бул тууралуу өзү комментарий берген эмес.

Чоң муштум аткаминер

2015-жылкы парламенттик шайлоодо "Өнүгүү — Прогресс" партиясынан талапкер Абдыманап Абдывахапов менен "Республика — Ата-Журт" саясий партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевдин ортосунда пикир келишпестиктер чыгып, кийин бул боюнча Кылмыш жаза кодексинин 234-беренесине («Бейбаштык») ылайык кылмыш ишин козгогон. Мындан улам БШКга төрагалык кылган Туйгунаалы Абдраимов Ташиевдин талапкерлигин алып салган.

Мындан 2-3 ай өткөн соң жергиликтүү ЖМКлар Абдраимов менен Ташиев кайсы бир тойдо кезигип, мушташа кеткендиги тууралуу жазып чыгышкан.

Негизи эле Абдраимовдун чоң муштумдугу тууралуу көп айтылып келет. Мисалы, буга чейин белгилүү нарколог Жеңишбек Назаралиевге, депутат Асел Кодуранованын жолдошу, экстрасенс Мелис Карыбековго, журналист Асланбек Сартбаевге кол көтөргөндүгү тууралуу жазылып жүрөт.

Журналисттин сырткы келбетине асылып...

Абдраимов азыркы кызматына 2018-жылдын 25-майында дайындалган. 2019-жылдын 5-июнунда эртең менен Сокулук районунун Орок айылында жаңжал чыккан. Анын кесепетинен 15 үйдүн терезеси талкаланып, жыйылып турган чөп өрттөлгөн. Бул боюнча 32 киши кармалып, 31и кое берилген. Кылмыш жаза кодексинин 266-беренеси боюнча («Бейбаштык») сотко чейинки териштирүүлөр башталды.

 

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов ушул окуяга байланыштуу Орок айылына барып, журналисттерге жаңжал боюнча кыскача айтып берген. Кабарчылар дагы суроо узатканда, ал КТРК телеканалына гана комментарий бере турганын билдирген. Мунун себебин сураган журналистке: "Сиздин кебетеңиз жакпай жатат, өтө жагымсыз экен",- деп каткырып басып кеткен. Эмнеге анын кебетеси жакпай жатканын тактап сурашканда: "Андай болгонуна мен күнөөлүү эмесмин да",- деп андан ары жолун улаган.

Ошондой эле андан журналисттер конфликт тууралуу качан билгенин, айылга канча убакыттан кийин келгенин сураганда жооп бербей, "бул өзүмдүн маселем" деп койгон. 

Бүгүн, 6-июнда, журналисттердин жоон тобу өкмөттүн өкүлүнөн эмне үчүн ушундай кадамга барганы боюнча түшүндүрмө алууга аракет жасашкан. Анда Абдраимов кемсинткен журналисттен кечирим сурабай турганын айткан.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20190606/1044591817/zhurnalistke-asylgan-gubernator-tujgunaaly-abdraimov-fakty.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик