Кыргыз-тажик чек арасында 1-июлда эртең мененки саат 7:14тө очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титиреди. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында жайгашып, Кара-Тейит айылынан түштүк-батышты карай 29 чакырым, Баткен шаарынан түштүк-чыгышты карай 112 чакырым жана Ош шаарынан түштүк-батышты карай 178 чакырым алыстыкта болду.
Дагы: https://sputnik.kg/incidents/20190701/1044898572/kyrgyz-kazak-chek-ara-zher-titiredi.html
Силкинүүнүн күчү Карамык, Кара-Тейит жана Шибээ айылдарында 3 баллды түзгөн.
30-июнда Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титиреген болчу.