Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн Криминалдык милициясы №5 шаардык милициянын бөлүмүнөн качып кеткен 26 жаштагы кишини колго түшүрдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти.
Буга чейин уурулукка шектелген Эрмек Бактияр уулу 27-июнь күнү №1 тергөө абагынан №5 шаардык милицияга тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн алып келинген. Бирок саат 15.00дөр чамасында ал качып кетүүгө үлгүргөн. Мындан улам "Перехват" планы жарыяланган.
"Качып кеткен киши 1-июлга караган түнү "Ош" базарынын аймагынан кармалды", — дешти милициядан.
Качуу фактысы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 349-беренеси боюнча каттоого алынды. Шектүү Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Дагы: https://sputnik.kg/society/20190701/1044901027/abakatan-kachkan-kishi-karmaldy.html