Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан Кундуз Эсенгулова билдирди.
«Жайкы эс алуу убагында өспүрүм балдар көп убактысын чоңдордун көзөмөлүсүз өткөрүп жатышат.
Ошондуктан сууга түшүп кетүү коркунучу бар. Балдарды кароосуз калтырбоо максатында Нарын РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен сууга, каналга жакын жайгашкан аймактарга «Сууга түшүүгө болбойт» деп жазылган такталарды орнотушту.
Муну менен катар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө сунуш каттар жөнөтүлдү», - деп билдирди басма сөз кызматы.
http://www.turmush.kg/news:370425скачать dle 11.0фильмы бесплатно