Бүгүн:

Акыркы кабарлар

13:47
Россиядагы мигранттар үчүн шайлоо участкаларынын саны эки эсе көбөйөт
13:37
Россиядагы мигранттар үчүн шайлоо участкаларынын саны эки эсе көбөйөт
13:12
"Тегин" сөзүн фамилияга кошууга уруксат берген мыйзам долбоору сунушталды
12:53
Депутат: Сокулукта адамдын өлгөнү тууралуу маалым кат бербей акча жасап жатышат
17:07
Шайлоону утурлай. Ош шаарына каттоого тургандардын саны 34 миңге көбөйдү
10:50
Согуш ардагерлеринин жөлөк пулун көбөйтүү сунушталууда
15:26
Бир күндө 4 миңдей казакстандык Кыргызстандын аймагына өттү
11:45
БШКнын төрайымы Россиядагы мекендештерге парламенттик шайлоо боюнча маалымат берди
14:31
Токаев: КР менен чектешкен аймактагы башаламандыкта каза болгондор бар
14:29
Тизилген долларлар... Транспорт министринин орун басары пара менен кармалды
13:25
Бишкек: жер тилкелеринин берилиши түз эфирден көрсөтүлмөй болду
12:48
Кыргызстандагы бажы органдарынын 26 кызматкери жазаланды
12:26
Нарын облусу үчүн даярдалган жаңы логотип катуу сынга кабылды
17:18
Министрлик Румыния жана Латвияда акысыз билим алчуларга сынак жарыялады
17:09
Кыргызстан Кытайга гуманитардык жардам катары эмне берери айтылды
11:37
Толук жаңылаш керек! Үч-Коргон ГЭСин оңдоого 145 млн. доллар алынат
11:25
Электрик, кароолчу, курьер. Кенже тейлөөчү кызматкерлердин айлыгы көбөйөт
11:00
Электрик, кароолчу, курьер. Кенже тейлөөчү кызматкерлердин айлыгы көбөйөт
10:37
Министрлик: мугалимдердин эмгек акысын эсептөө автоматташтырылат
13:12
Кытайдагы кыргызстандык айрым студенттерге азык-түлүк жеткирилди
13:01
Кытайда коронавируска каршы чыгарылган россиялык препарат сыналууда
12:36
КР аэропортторун тышкы башкарууга кандай шарт-талап менен берери айтылды
11:59
Бишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгына биринчи жолу аял жетекчи дайындалды
11:28
Министрлик Индонезияда акысыз билим алуу үчүн сынак жарыялады. Шарт-талабы
11:11
Аликбек Жекшенкулов КРдин Греция жана Черногориядагы элчиси болуп дайындалды
16:51
Ирандын борбору Тегеранга Бишкектен самолёттор түз уча баштады
16:48
Токтогул, Москва райондору менен Таш-Көмүрдүн билим берүү башчыларына сөгүш берилди
16:37
Токтогул, Москва райондору менен Таш-Көмүрдүн билим берүү башчыларына сөгүш берилди
16:36
Прокуратура өлкөдө 3000ден ашуун жер тилкеси мыйзамсыз берилгенин аныктады
10:12
Баарына тиешелүү эмес! Элчилик АКШга кирүүгө коюлган чектөөгө түшүндүрмө берди
10:10
Трамп кыргызстандыктарга АКШда биротоло калып жашоого тыюу салды
10:25
Россиянын жаңы премьери ЕАЭБди өнүктүрүүдөгү артыкчылыктуу 5 багытты атады
09:42
Бишкекте акы төлөнгөн унаа токтотуучу жайлар пайда болду. Акысы жана дареги
09:37
Министрлик: Кыргызстанга 500 миң бет кап алып келинет
09:22
"Кант" авиабазасы пулеметтуу "Урал" унаалары менен толукталды
09:14
Эл даттангандан кийин Салык кызматынын 58 кызматкери жазаланды
10:21
Кыргызстанда окуучулардын билими электрондук жол менен бааланды
10:17
Бишкектик окуучу Белоруссиядагы олимпиадада суперчемпион болду
09:08
Абылгазиев Бишкектин экологиясын жакшыртуу программасын иштеп чыгууну тапшырды
09:01
Мусаев: өкмөт аңчылыкка мораторий киргизүүгө каршы эмес
10:32
Тынч жашайлы! Кыргызстандыктар коронавирустун айынан саякаттоодон баш тартууда
09:32
Бишкекте айдоочу күчүктү артынан кууп барып тебелетип кетти.
09:14
400 миң сом айлык алышат! Депутат профсоюз башчыларынын маянасын санап берди
11:46
Москвада бир жума изделген кыргызстандык жумушунан табылды
17:22
Бир бөтөлкөгө арыктын эле суусун берип ийгилечи... Мирзат Мукановдун айылга каты
Бардык кабарлар

Жалгыз уулу эле... Кырсык тооруган Абдылдаевдин үй-бүлөсүнүн таржымалы

Жаңылыктар
682
0

Көкөмерен суусуна үй-бүлөсү менен түшүп кеткен өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаевдин жалгыз уулу бар болчу. Бул туурасында облус жетекчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, кырсык 30-июнда саат 9.30дар чамасында Жайыл районунун Кызыл-Ой менен Кожомкул айылынын ортосунда болгон. Унаада Абдылдаев, жубайы, уулу, небереси жана айдоочусу болгону айтылган. Эки күндөн кийин Абдылдаев менен айдоочусунун сөөгүн суудан алып чыгышты. Калган үй-бүлө мүчөлөрү азыркыга чейин табыла элек. Жеринде 106 куткаруучу иштеп жатат.

 

Молдакун Абдылдаев 2008-2010-жылдары Акыйкатчы аппаратын жетектеген, ал эми 2014-2018-жылдары мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп иштеген. Андан кийин Чүй облустук администрациясынын аппарат башчылыгына келген.

Ал 29-июнь күнү үй-бүлөсү менен кичи мекени Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылына апасына эстелик тургузуу үчүн барган. Эртеси таңга маал жолго чыгып, Кожомкулдун 130 жылдыгы өтчү Суусамырга келе жатканда кырсыкка кабылган. Күбөлөрдүн айтымында, унаа ташты сүзүп алгандан кийин сууга түшүп кеткен. Алгач үстүнө калкып чыккан унаадан кызыл кийимчен кишинин чыкканын, андан кийин баарын суунун шары алып кеткен.

Аткаминердин жубайы Тинатин Шадыканова эки жогорку билимдин ээси: биринчиси — кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалим, экинчиси — юрист. Эмгек жолун бала бакчадан баштап, жогорку окуу жайларда мугалим болуп эмгектенген. 2003-жылы жаңы ачылган Заманбап маалыматтык технологиялар жана билим берүү институтуна (ИСИТО) жумушка орношуп, жетектөөчү адис, бөлүм башчы, декан кызматтарын аркалаган. Азыркы тапта окуу иштери боюнча проректор болуп иштеп жаткан.

Жубайлар эки кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн. Улуу кыздары Венера менен Индира үй-бүлө курган. Сууга түшүп кеткен 8 жаштагы небереси София Борукеева Индира Абдылдаеванын кызы эле.

 

Ал эми жалгыз уулу Илимбек Абдылдаев 26 жашка чыккан, үйлөнө элек болчу. 2016-жылдан бери Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин Маалыматтык коммуникациялык технологиялар саясатын түзүү жана электрондук кызмат көрсөтүүлөр башкармалыгынын жетектөөчү адиси болуп эмгектенип келген.

Маркумдун кызы Индира Абдылдаева Instagram баракчасына унаа түшүп кеткен суунун сүрөтүн чыгарды. Ал "Машина ушул жерден кулаган. Мен эртеден кечке ушул жерде ӨКМдин куткаруучулары, жергиликтүү тургундар, кесиптештерим, досторум жана туугандарым менен жүрөм" деп жазган.

Ал кийинки постторунда "үй-бүлөсүнө жардам берүү үчүн эсеп ачылып, каражат чогултулууда" деген билдирүүнү төгүнгө чыгарган.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20190704/1044942674/moldakun-abdyldaevdin-uy-bulosu.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно