Шымкентте 11 жаштагы окуучу кыз жолго унутуп калган рюкзак үчүн шаардын борбордук эки көчөсү курчоого алынды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Окуя өткөн ишемби күнү болгон. Көчөдө ээси жок турган рюкзакты көргөн шаардыктар "анда жарылуучу зат болушу мүмкүн" деген ой менен "102ге" чалышкан.
Дагы: https://sputnik.kg/asia/20190709/1044989305/kazakstan-okuuchu-ryukzak-policiya.html
Полиция аталган аймакты курчоого алып, сумканы ачып көргөндө ичинде шариктен башка эч нерсе болгон эмес. Көрсө аны ойноп жүргөн кыз унутуп кеткен экен.
Кийин рюкзактын ээси ата-энеси менен биргеликте полиция бөлүмүнө алынып келип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Анткени кыз буга чейин дагы коомдук жайларга буюм-тайым, баштыктарын унутуп калган учурлар болгон.