Тоо койнундагы көлдүн кооздугу дрондун жардамы менен тартылган.
© ФОТО / МИХАИЛ ДУДИН
Бишкектик фотограф Михаил Дудин борбор калаанын четиндеги Көл-Төрдүн сүрөттөрүн жарыялады
"Көл-Төр көлү бир күндүк саякат үчүн абдан ыңгайлуу жер. Кечээ ал жерде 100дөн кем эмес адам болду. Алгач күндүн көзү бузулуп жамгыр жаады, шамал болду. Бирок кайра эле күн ачылып, ысып чыкты", — деди Дудин.
© ФОТО / МИХАИЛ ДУДИН
Тоо койнундагы көлдүн кооздугу дрондун жардамы менен тартылган
Көл-Төр көлү менен Көл-Төр капчыгайы Бишкектен эки сааттык алыстыкта жайгашкан. Ал эми көлдү көздөй жөө баса турган жолдун узактыгы сегиз чакырымды түзүп, 3-4 саатта жетсе болот.