Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Кыргызстанга расмий сапары менен келди.
Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, Аскар Маминди "Манас" эл аралык аэропортунан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.
Аба майданындагы жолугушууда ардак кароолдун ротасы тизилип, оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды.
"Аскар Маминдин Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында бир катар иш-чара өткөрүү пландалган. Алардын катарында VIII кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны бар. Ал эми эки тараптуу жолугушуулар тар жана кенен форматта өтмөкчү", — деп айтылат маалыматта.
Күн тартибине транспорт, инвестиция, туризм, билим берүү жана башка маселелер кирген.
Ошондой эле Казакстандын премьер-министрин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.
Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.
Дагы: https://sputnik.kg/politics/20190712/1045030349/kazakstan-premer-ministr-kyrgyzstanga-keldi.html