2010-жылы июнь коогалаңында улуттар аралык чырдын ырбашына жана милиция кызматкери М. Сулаймановдун өлүмүнө түз тиешелүү болгон Азимжан Аскаровду Жогорку сот бошотуп жиберчү болсо дагы бир ирет улуттар аралык коогалаң башталат. Мындай маалыматты Жалал-Абаддагы “Санпа шейиттери” коомунун төрагасы Сырдаш Мамарасулов билдирди.
Айтымында, эгер Жогорку сот А.Аскаровду бошотуп жибере турган болсо санпа шейиттери сотту да жок кылууга даяр.
“Убагында Кадыржан Батыровдун жандоочусу, Мыктыбек Сулаймановдун өлүмүнө түздөн-түз тийиштиги бар, сепаратист Аскаровду Кыргыз соттору адилетсиздик менен бошотуп жиберчү болсо сөзсүз улуттар аралык, өзбек-кыргыз урушу башталат. Аны Аскаров өз у эле баштаары чындык. Ал учурда биз да ар кимдин өзүнө жараша жоопторун кайтарабыз. Аскаров акталды деген эле маалыматты уксак Жогорку сотту жок кылууга даярбыз”,- дейт Мамарасулов.
Ал Аскаровго карата Жалал-Абад облустук сотунун “өмүр бою эркинен ажыратылсын” деген чечими күчүндө калуусу керектигин айтып, Мыктыбек Сулайманов каза болгон кандуу окуяда бир тууган иниси Абдылкашым Мамарасулов да жарыктык менен кош айтышканын кошумчалады.
Эске салсак, А. Аскаров 2010-жылы июнь окуясында “улут аралык кастыкты козуткан, калайман башаламандык уюштурган жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан” деген айып менен өмүрүнүн аягына чейин соттолгон.
Өткөн жылы апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаровду мыйзамсыз камакта отурат деген негизде бошотууну Кыргызстандан талап кылган. Бул сунуштан кийин Жогорку Сот былтыр 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу деп карап чыгып, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарган. Ишти кайра териштирүүнү Чүй облустук сотуна тапшырган.
Ал эми маркум милиция кызматкеринин жакындары Аскаровдун актоо тууралуу БУУнун талабына каршылык билдирип келе жатышат. Мыктыбек Сулаймановдун жубайы Чынара Бечелова буга чейинки сотто Аскаровду абакта калтырууну суранган:
- Эгер бир ок менен эле кыйналбай өлүп калган болсо, ушинтип чыркырап жүрбөйт болчумун. Өзү милиционер болуп иштегенден кийин жумушу ушул экен деп коймокмун. Ушунчалык кыйналып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Алдын ала даярданбаган болушса мындай кыла алышмак эмес.
Аскаровдун иши боюнча сот өкүмү эми 17-январда чыгарылат.