Бүгүн:

Акыркы кабарлар

15:49
Жеңиш чокусунан учуп түшкөн россиялык альпинист каза тапты
15:47
Атамбаевди кармоо. Башаламандыктан борбор калаа 2 млн. сомго чыгым болду
11:51
Кадамжайда 44 килограммдан ашык героинди кантип кармашты? Сүрөт
12:54
Ат-Башыда Курман айт майрамына карата жакыр үй-бүлөлөргө жардам берилди
11:41
Атамбаевдин үйүнө бараткан аскерлердин жоон тобу. Кой-Таштагы сүрөттөр Алмазбек Атамбаевди кармап кетишти
10:35
Милиция Атамбаевдин үйүнө чейинки жолду ачты
10:28
Алмазбек Атамбаев бийлик менен элге кайрылуу жасады
09:55
Президент Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт
09:51
Курсан Асанов Атамбаевдин тарапташтары менен сүйлөшүп жатат
09:27
Бишкек шаарында абал тынч
13:08
Солтон-Сарыдагы кытай компаниясы ишин убактылуу токтотту
12:53
Солтон-Сарыдагы чыр: нааразы болгон эл жол тосууга камынып жатат
12:44
Солтон-Сары: кытай компаниясы жумушчулары менен техникасын кенден чыгарып кетти
12:58
Бишкектин эки жаңы конушу борбордук канализацияга кошулууда
11:31
Ат-Башыда түндө жер титиреди
10:52
УКМК издеген Шаикова эмнеси менен белгилүү. Кызыктуу 7 факты
17:03
Абактагы наркобарон кызга айланып... Кылмышкердин кармалгандагы видеосу
16:18
Дордойдогу кампадан кечээ чыккан өрт өчүрүлө элек
13:39
Москвадагы кыргыз мигранттары 43 күн жоголгон таиланддык кишини таап беришти.
13:19
Өкмөт Казакстанда мертинген мекендештердин сөөгүн алып келүүгө жардам берет
17:19
Колу байланып, керебетке таңылган кыздын тагдыры эмне болду? Окуянын чоо-жайы
17:15
Жээнбеков Путинге Россиядагы кыргызстандыктарды колдогону үчүн ыраазы болду
17:04
Жээнбеков мигранттарга берилчү "Мекен карттын" артыкчылыгын айтты
10:06
Бишкектин депутаттары "Газпромдун" мектебин коомдук фондго өткөрүп беришти
10:05
Токой чарба агенттигинин директору Рустамов пара алып жатып кармалды
14:23
Эсеп палатасынын инспектору кармалды. Айыбы эмнеде?
11:07
Адамзат кайра калыбына келчү бир жылдык ресурстарды түгөтүп бүттү
15:37
Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Кыргызстанга келди
10:27
"Беш күндөн бери дайынсыз". Кыргыз-тажик чек арасындагы айылдыктар нааразылыкка чыкты
12:39
Тоо койнундагы Көл-Төрдүн асмандан тартылган сүрөттөрү
11:37
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев суракка чакырылды
11:36
Алмазбек Атамбаев суракка барар-барбасын айтты
10:49
Унутулган рюкзак полицияны убара кылып, элди дүрбөттү. Казакстандагы окуя
10:47
Кыргызстанда жаңы мамлекеттик ишканалар түзүлдү. Милдеттери
09:33
Бишкектин чок ортосунда тез татым жайы күйүп кетти. Сүрөт, видео
09:31
Жалгыз уулу эле... Кырсык тооруган Абдылдаевдин үй-бүлөсүнүн таржымалы
13:03
Нарында суу жээктерине эскертүү такталары орнотулду
10:20
Төрага Жумабеков Атамбаевге өзү жазган ыр менен жооп берди. Видео
10:10
Екатеринбургдан чыгып кайра шашылыш конгон учак “Кант” базасына келе жаткан
14:24
Жээнбеков: кутулуп кетем деп ойлобогула, тынчтык бербейм!
10:48
Ысык-Көлгө жай бою төрт шаардан учак каттайт
10:44
Нарын шаарынын борборундагы тротуарлар оңдолууда. Сүрөттөр
15:34
Милиция бөлүмүнөн качып кеткен киши "Ош" базарынан кармалды
15:14
Сүрөттөн чыккан ызы-чуу: казак бийлиги чатактын чоо-жайын айтты
14:56
Тажикстандагы жер титирөөнүн эпкини Кыргызстанга да тийди
Бардык кабарлар

УКМК издеген Шаикова эмнеси менен белгилүү. Кызыктуу 7 факты

Жаңылыктар
159
0

5-августта, УКМК Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку жетекчиси Алина Шаиковага издөө жарыялады. Ал паспорт бланктарын сатып алуу боюнча козголгон кылмыш иштин фигуранты. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Шаикова суракка келбей койгон.

Ушу тапта экс-жетекчинин ошол убактагы үч кызматкери коррупция боюнча жана литвалык "Гарсу пасаулис" ЖАКы менен жакындыгы бар деп айыпталууда. Тергөөнүн маалыматы боюнча, "Инфокомдун" ошол кездеги жетекчиси Талант Абдуллаев аталган компаниянын өкүлү менен Алматынын ресторанынан жолугушкан. "Гарус пасаулис" жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорттор үчүн бланк алууга жарыяланган тендерде жеңүүчү аталган.Бирок УКМК литвалык ишкананын сунушу мыйзам талап кылгандай төгөрөгү төп болгон эмес деп эсептейт.

 

Өз кезегинде МКК тендер өткөрүүдө мыйзам бузулбаганын, жеңүүчү менен эч кандай сүйлөшүүлөр болбогонун билдирген.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Алина Шаикова тууралуу фактыларды топтоду.

Кесиби

Алина Шаикова 1971-жылы 29-октябрда Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1994-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетти экономист адистиги боюнча аяктаган. Бир топ жыл Финансы министрлигинин тутумунда иштеп, министрдин орун басарлыгына чейин жеткен.

Каттоо кызматын эки ирет жетектеген

2014-2015-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеген. 2018-жылдын февралында кайрадан аталган ведомствонун төрагалыгына дайындалган. Экинчисинде бир жылдан ашыгыраак убакыт иштеди.

 

Биометрика боюнча өткөн алгачкы шайлоо

2015-жылы өтө турган парламенттик шайлоого карата биометрикалык маалыматтарды топтоо жараяны башталат. Шайлоочулардын тизмесине жеке маалыматтарын тапшыргандар гана кирген.

БШК менен болгон чыр

2015-жылы өтө турган парламенттик шайлоого даярданып жаткан маалда Борбордук шайлоо комиссиясынын ошол кездеги төрагасы Туйгуналы Абдраимов Каттоо кызматын сынга алган. Шаикованын "тарыхта биринчи жолу шайлоочулардын толук кандуу тизмеси түзүлдү" деген сөзүнө Абдраимов "бул эң эле сапатсыз тизме" экенин айткан. Өз кезегинде Шаикова шайлоочулардын көбүн тизмеден БШК өзү чыгарып салганын белгилеген.

Үч орун басары кармалгандан кийин кызматынан кеткен

Шаикова 2019-жылдын 19-апрелинде үч орун басары коррупцияга шектелип кармалгандан кийин ээлеген кызматынан бошотулган. Анда Каттоо кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Руслан Сарыбаев, статс-катчы Данияр Бакчиев жана "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору Талант Абдуллаев коррупция боюнча жана Литванын "Гарсу пасаулис" компаниясынын кызыкчылыгын көздөгөн деп айыпталып колго түшүрүлгөн.

Кол алдындагылардын кармалышын сынга алган

Кызматынан кетер алдында Шаикова аткаминерлерге эч нерсе кылбоого, арзан варианттарды гана тандоого кеңеш берип, бул эркиндикте калууну шарттай турганын жазган бирөөнүн билдирүүсү менен бөлүшкөн. Андан сырткары, бул сөздөрдү мамлекеттик аппаратка тиешеси бар адамдарга басып чыгарып, көрүнөө жерге илип алууну сунуштаган. Шаикованын айтымында, "бул кеңеш көп кишини сактап калат".

 

УКМК жетекчисинин отставкасы

15-майда УКМК төрагасы Идрис Кадыркулов "тергөөгө таасир этиши мүмкүн" деген кеп-сөздүн алдын алып кызматын тапшырып берген. Ага чейин бир катар ЖМКлар Кадыркулов Шаикова жана президенттин ошол кездеги кеңешчиси Дастан Догоев менен бейрасмий жолугуп, кызматын сунуштаган жеке компаниянын өкүлү менен тааныштырганын жазып чыккан. Бирок Шаикова менен Догоев бул маселени келечеги жок деп кароодон баш тартышкан.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20190805/1045303526/shaikova-tuuraluu-fakty.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик