Нарын облусунда түндө жер титирегенин Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, силкинүү 5-август күнү саат 22.53тө катталган. Анын күчү очогунда 3 баллга жеткени айтылды.
Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында 3 балл, Ак-Жар, Кызыл-Туу, Терек-Суу айылдарында 2,5 балл болуп сезилген. Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.
Дагы: https://sputnik.kg/incidents/20190806/1045307252/narynda-zher-titiredi.html