Нарын облусундагы Солтон-Сары аймагында алтын казып жаткан компаниянын ишмердигине нааразы болгон эл бүгүн, 7-августта, Кара-Чий айылынан Бишкек — Нарын — Торугарт жолун тосууга камынууда. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Белгилей кетсек, 5-август күнү Zhong Ji Mining компаниясынын кызматкерлери менен жергиликтүү тургундардын ортосунда жаңжал чыгып, тараптар бири-бирин ташка алган. Натыйжада чатактан жабыркагандардын саны 40ка чамалап барган. 6-августта чыр чыккан аймакка биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев жана башка аткаминерлер барышкан.
Дагы: https://sputnik.kg/society/20190807/1045320020/solton-sarydagy-chyr-ehl-zhol-tosuuga.html
Жолугушууда эл бийликке талап койгон, премьер менен спикер келип, чыр-чатакка жеринен чекит коюшсун деген да шарт бар.
Учурда боз үй тигилип жаткан аймакта элдин коопсуздугун милиция кызматкерлери карап жатат.