Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө жөө-жалаңдап бара жаткан аскерлерди Кыргызстан агенттигинин кабарчысы сүрөткө тартып жиберди.
Кадрлар саат 16.00дөр чамасында тартылган. Анда куралданган аскерлер Кой-Таштагы Атамбаевдин үйүнө жакын калганы көрүнөт.
Кабарчынын айтымында, бул учурда жүздөгөн аскерлер чабуул коюуга даярданып жаткан.
Кабарчынын билдиришине караганда, укук коргоо органдары саат 16.30да атайын машина менен дарбазаны сүзүп киришкен. Атамбаевдин короодогу тарапташтарын көздөн жаш агызуучу газды пайдаланып, чыгарышкан. Ал эми мурунку президенттин үйүнүн ичинде атышуу болуп жатканы айтылды.
Кой-Таш айылында жүргөндөр менен телефон аркылуу байланышуу мүмкүн болбой жатат. Интернет дагы иштебей калууда. Кабарчылар Көй-Жар айылынан келип маалымат беришти.
Укук коргоо органдары Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө кирип барды
Саат 16:30дар чамасында Кой-Ташта Атамбаев менен милиция кызматкерлеринин кайтадан кагылышуусу башталганы айтылган.
Укук коргоо органдары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө кирип барды. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.
Ага ылайык, укук коргоо органдары атайын машина менен дарбазаны сүзүп киришкен. Атамбаевдин короодогу тарапташтарын көздөн жаш агызуучу газды пайдаланып, чыгарышкан. Ал эми мурунку президенттин үйүнүн ичинде атышуу болуп жатканы айтылды.
Бүгүн, 8-августта, саат 16:30дар чамасында Кой-Ташта Атамбаев менен милиция кызматкерлеринин кайтадан кагылышуусу башталганы айтылган. Укук коргоо органдары көздөн жаш агызуучу газды жана катуу үн чыгаруучу граната колдонууда. Ал эми Атамбаевдин тарапташтары милиционерлер тарапка таш жана бензин куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышкан.
7-августта кечинде УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн. Бирок андан майнап чыккан эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан 50дөн ашык киши жаракат алып, спецназдын бир жоокери каза болгон.
Жүздөгөн аскерлер чабуул коюуга даярданып жаткан.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө жөө-жалаңдап бара жаткан аскерлерди Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы сүрөткө тартып жиберди.
Кадрлар саат 16.00дөр чамасында тартылган. Анда куралданган аскерлер Кой-Таштагы Атамбаевдин үйүнө жакын калганы көрүнөт. Кабарчынын айтымында, бул учурда жүздөгөн аскерлер чабуул коюуга даярданып жаткан.
Кабарчынын билдиришине караганда, укук коргоо органдары саат 16.30да атайын машина менен дарбазаны сүзүп киришкен. Атамбаевдин короодогу тарапташтарын көздөн жаш агызуучу газды пайдаланып, чыгарышкан. Ал эми мурунку президенттин үйүнүн ичинде атышуу болуп жатканы айтылды.
Кой-Таш айылында жүргөндөр менен телефон аркылуу байланышуу мүмкүн болбой жатат. Интернет дагы иштебей калууда. Кабарчылар Көй-Жар айылынан келип маалымат беришти.
7-августта кечинде УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн. Бирок андан майнап чыккан эмес.
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармап кетишти. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдирди.
Бүгүн, 8-августта, саат 16:30дар чамасында Кой-Ташта Атамбаев менен милиция кызматкерлеринин кайтадан кагылышуусу башталганы айтылган. Укук коргоо органдары көздөн жаш агызуучу газды жана катуу үн чыгаруучу граната колдонууда. Ал эми Атамбаевдин тарапташтары милиционерлер тарапка таш жана бензин куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышкан.
7-августта кечинде УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн. Бирок андан майнап чыккан эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан 50дөн ашык киши жаракат алып, бир спецназ жоокер каза болгон.