Бүгүн:

Акыркы кабарлар

15:49
Жеңиш чокусунан учуп түшкөн россиялык альпинист каза тапты
15:47
Атамбаевди кармоо. Башаламандыктан борбор калаа 2 млн. сомго чыгым болду
11:51
Кадамжайда 44 килограммдан ашык героинди кантип кармашты? Сүрөт
12:54
Ат-Башыда Курман айт майрамына карата жакыр үй-бүлөлөргө жардам берилди
11:41
Атамбаевдин үйүнө бараткан аскерлердин жоон тобу. Кой-Таштагы сүрөттөр Алмазбек Атамбаевди кармап кетишти
10:35
Милиция Атамбаевдин үйүнө чейинки жолду ачты
10:28
Алмазбек Атамбаев бийлик менен элге кайрылуу жасады
09:55
Президент Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт
09:51
Курсан Асанов Атамбаевдин тарапташтары менен сүйлөшүп жатат
09:27
Бишкек шаарында абал тынч
13:08
Солтон-Сарыдагы кытай компаниясы ишин убактылуу токтотту
12:53
Солтон-Сарыдагы чыр: нааразы болгон эл жол тосууга камынып жатат
12:44
Солтон-Сары: кытай компаниясы жумушчулары менен техникасын кенден чыгарып кетти
12:58
Бишкектин эки жаңы конушу борбордук канализацияга кошулууда
11:31
Ат-Башыда түндө жер титиреди
10:52
УКМК издеген Шаикова эмнеси менен белгилүү. Кызыктуу 7 факты
17:03
Абактагы наркобарон кызга айланып... Кылмышкердин кармалгандагы видеосу
16:18
Дордойдогу кампадан кечээ чыккан өрт өчүрүлө элек
13:39
Москвадагы кыргыз мигранттары 43 күн жоголгон таиланддык кишини таап беришти.
13:19
Өкмөт Казакстанда мертинген мекендештердин сөөгүн алып келүүгө жардам берет
17:19
Колу байланып, керебетке таңылган кыздын тагдыры эмне болду? Окуянын чоо-жайы
17:15
Жээнбеков Путинге Россиядагы кыргызстандыктарды колдогону үчүн ыраазы болду
17:04
Жээнбеков мигранттарга берилчү "Мекен карттын" артыкчылыгын айтты
10:06
Бишкектин депутаттары "Газпромдун" мектебин коомдук фондго өткөрүп беришти
10:05
Токой чарба агенттигинин директору Рустамов пара алып жатып кармалды
14:23
Эсеп палатасынын инспектору кармалды. Айыбы эмнеде?
11:07
Адамзат кайра калыбына келчү бир жылдык ресурстарды түгөтүп бүттү
15:37
Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Кыргызстанга келди
10:27
"Беш күндөн бери дайынсыз". Кыргыз-тажик чек арасындагы айылдыктар нааразылыкка чыкты
12:39
Тоо койнундагы Көл-Төрдүн асмандан тартылган сүрөттөрү
11:37
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев суракка чакырылды
11:36
Алмазбек Атамбаев суракка барар-барбасын айтты
10:49
Унутулган рюкзак полицияны убара кылып, элди дүрбөттү. Казакстандагы окуя
10:47
Кыргызстанда жаңы мамлекеттик ишканалар түзүлдү. Милдеттери
09:33
Бишкектин чок ортосунда тез татым жайы күйүп кетти. Сүрөт, видео
09:31
Жалгыз уулу эле... Кырсык тооруган Абдылдаевдин үй-бүлөсүнүн таржымалы
13:03
Нарында суу жээктерине эскертүү такталары орнотулду
10:20
Төрага Жумабеков Атамбаевге өзү жазган ыр менен жооп берди. Видео
10:10
Екатеринбургдан чыгып кайра шашылыш конгон учак “Кант” базасына келе жаткан
14:24
Жээнбеков: кутулуп кетем деп ойлобогула, тынчтык бербейм!
10:48
Ысык-Көлгө жай бою төрт шаардан учак каттайт
10:44
Нарын шаарынын борборундагы тротуарлар оңдолууда. Сүрөттөр
15:34
Милиция бөлүмүнөн качып кеткен киши "Ош" базарынан кармалды
15:14
Сүрөттөн чыккан ызы-чуу: казак бийлиги чатактын чоо-жайын айтты
14:56
Тажикстандагы жер титирөөнүн эпкини Кыргызстанга да тийди
Бардык кабарлар

Курсан Асановдун үйүн тинткендер эмне алып кеткенин адвокаты айтып берди

Жаңылыктар
86
0

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун үйүн тинткен Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү 2000 доллардан ашыгыраак акча жана белекке берилген сааттарды алып чыгып кетти. Бул туурасында Кыргызстан агенттигине анын адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди.

Жактоочунун айтымында, тергөөчүлөр мурдагы президент Алмазбек Атамбаев акча жана баалуу буюмдарын Асановго берген деген шек менен тинтүү жүргүзгөн.

"Үйдөн 2000 доллардан ашыгыраак акча, 1000 сом, 5 жана 10 евро, 5 жана 10 дирхам алып кетишти. Андан тышкары, белекке берилген үч комплект саатты алышты. Анын бири Россиянын Ички иштер министрлиги тарабынан берилген, экинчисин Тажикстандын президентинин жардамчысынан алган экен. Аз суммадагы акчаны алып кетишкени үчүн тергөөчүлөр жазаланат деп ойлойм. Анткени мындай акча күнүмдүк керектөөсүнө жумшайм деген бардык эле үйдө болот", — деди жактоочу.

Ошондой эле ал сурак учурунда Асанов телефонун өзү берип, андан кийин жаңы телефон колдонуп жатканда аны да алып коюшканын кошумчалады. Азырынча телефондору бериле элек.

 

Айткулов жакын арада Курсан Асановго айып таккан ИИМдин ички иликтөөсүнүн жыйынтыгына нааразылыгын билдирип, Башкы прокуратурага даттанарын белгиледи.

Буга чейин адвокат тергөө ачык-айкын болушу үчүн президентке, премьер-министрге кайрылып, иликтөө бүткөнгө чейин ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди ээлеген кызматтан четтетип турууну суранган.

Башкы прокуратуранын билдиришинче, Курсан Асанов 7-8-августта ички иштер министринин талаптарына жана буйругуна бир нече ирет баш ийбей жана укугу жок болсо да министрдин макулдугусуз өз алдынча чечим кабыл алган. Андан сырткары, ички иштер органдарынын жеке курамын башкаруусуз калтырган деп айыпталууда.

Асанов "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишеничтен кетти" деген негиз менен 13-августта ички иштер министринин орун басары кызматынан бошотулган.

Өз кезегинде Асанов кызматтан алынганы боюнча пикирин билдирип, мамлекеттин жана өзүнүн абийири алдында таза экенин белгилеген.

 

Эске салсак, 7-августта УКМКнын атайын даярдыктагы кызматы мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзүп, ишке ашпай калган. "Альфанын" жоокерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 136 киши жаракат алды.

Эртеси, 8-августта, операцияны ИИМ жүргүзүп, сүйлөшүүлөрдөн кийин Атамбаев колго түшкөн. Мурдагы президент менен Курсан Асанов сүйлөшүп, багынып берүүгө көндүргөн видеосу жарыяланган.

Дагы: https://sputnik.kg/incidents/20190815/1045450669/kursan-asanovdun-uyun-tintuu-akcha-alyp-ketti.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно