Бүгүн:

Акыркы кабарлар

12:28
ТИМ: Стамбулдагы экс-консул Сопоков мыйзам алдында жооп берет
14:17
Кыргызстан менен Япониянын беттеши учурунда көчөлөр жабылат. Тизме
11:04
Бишкектин чок ортосундагы ири дүкөн түрттүрүлдү.
10:25
Нур-Султандын бир бөлүгүндө эки суткадан бери жарык жок. Токаев үн катты
09:37
ФСБ: "Ислам мамлекети" борбор азиялык согушкерлер Афганистанда плацдарм курууда
09:35
Бишкектеги жарылуудан жабыркагандардын абалы, кайсы ооруканага түшкөнү айтылды
09:34
"Ала-Тоо" аянтынын жанындагы тез татымдын жарылган учуру видеого түшүп калды
09:30
Бишкекте ракка кабылган балдарга чогулган акчанын миң долларын уурдап кетишти
09:47
Аткаминерлердин аккаунтуна эмне кызыктар жарыяланат? Рейтинг
15:29
Жээнбеков Усубалиевдин атын Бишкектин бир районуна берүүнү сунуштады
14:44
Бишкек шаарындагы көмүр сатылган жайлар.
15:44
"Биртууганчиктеги" актёр жол эрежесин бузганы үчүн айып төлөөгө даяр
15:37
"Биртууганчиктеги" актёр унаасы менен аялдамадагы элди аралап кетти. Видео
15:20
Кыргызстанда электр кубатын колдонууга лимит коюлат.
15:17
Бишкектин бир катар көчөлөрүнө канализация киргизилип жатат
12:56
Бишкек ТЭЦинде түндө эмне күрү-гүү болду? Энергетиктердин жообу
12:22
Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары жолугуп, чек араны талкуулашты
13:24
Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү ЖМК жетекчилери менен жолугуп жатат.
13:18
Кыргызстан Афганистан менен маданий, гуманитардык байланышын күчөтөт
13:00
Абылгазиев менен Мирзиёев кыргыз-өзбек чек арасын талкуулашты
16:55
Шаарда кайыр сураган балдарды издеген рейд өттү.
16:47
Кой-Таш окуясында жабыркаган Самат Курманкуловго "Эрдик" медалы ыйгарылды
14:26
Белоруссия Кыргызстандын картошкасын сатып алды
14:14
Жээнбеков Бишкектеги кылмыштарды онлайн-көзөмөлдөө системасын көрдү
14:13
Тамак-аш коопсуздугуна Ветинспекция коркунуч жаратып жатабы? Депутаттын сыны
13:42
Бишкекте тез жардам унаасы жеңил машина менен кагышты. Видео
12:19
"Жөө күлүк" тасмасы Минскиде өтчү фестивалга чакырылды
11:17
Жээнбеков Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык мааракесине катышты. Сүрөт
12:56
Беш киши каза болду. Чүйдөгү үрөй учурган жол кырсыгынын видеосу
12:42
Алмазбек Атамбаевдин абактагы мөөнөтү узартылды
10:51
Москва көчөсүндөгү кесилиштер качан ачылат? Мэриянын жообу
13:32
Министр: мектептерди ысык тамак менен камсыз кылууда таза суу көйгөйү бар
13:24
Эл каттоочу адистер даярдыктын биринчи этабынан өттү
13:14
Жээнбеков япон парламентарийлеринен күтүлбөгөн белек алды
11:41
Бишкектин тротуарлары жапырт оңдолот. Кайсы көчөлөрдө жумуштар жүрөт
12:06
Студент кыз таксиде баратып жаш келинди төрөтүп алды. Казакстандагы окуя
12:10
Мэрия автотыгынды азайтуунун айласын тапты. Багыты өзгөрө турган жол
10:37
Атамбаевдин жактоочусу кылмыш куугунтугун токтотууну өтүндү. Соттун жообу
16:06
520 миң доллар пара менен кармалган Азимкан Жусубалиевдин жазасы жеңилдеди
16:01
Милиция: Бишкекте адашып кеткен эне үйүнө аман-эсен жеткирилди
15:54
ИИМ Фарид Ниязовдун тергөөчүлөргө карата арызына жооп берди
15:07
Иш издегендерге кулак кагыш. Компаниялар кызматкер караштырат
16:53
Милиция жардам сурайт! Адам өмүрүнө забын болгон айдоочу изделүүдө
16:44
Кыргыз-өзбек чек арачылары "душмандарга каршы" машыгуу өткөрдү. Сүрөттөр
11:49
Баңгизат жасоо үчүн 1,5 тонна күкүрт кислотасын ташып бараткандар кармалды
Бардык кабарлар

Сот эмнеге таянып Текебаевдин өкүмүн жокко чыгарды. Адвокаттын түшүндүрмөсү

Жаңылыктар
398
0

 Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго карата чыккан райондук соттун өкүмү эмненин негизинде жокко чыгарылганын адвокаттары түшүндүрдү.

Белгилей кетсек, кечээ, 21-августта, Жогорку сот абактагы аткаминерлерге карата буга чейин чыккан чечимдерди жокко чыгарып, кайра кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна жөнөткөн. Буга жаңы ачылган жагдайлар себеп болгон.

 

Жактоочулар Текебаев менен Чотонов россиялык бизнесмен Леонид Маевскийден пара албаганын далилдеген фактыларды таап чыгышканын билдирди. Тергөөнүн версиясы боюнча 2010-жылы 13-майда Леонид Маевский Бишкектеги Hyatt мейманканасына жайгашкан. Чынында ал күнү ошол мейманкананын каттоосуна Маевский эмес, Леонид Борисов деген адам катталганын белгилешет адвокаттар.

Ошондой эле юристтер айып таккан дагы бир негизги күбө, россиялык бизнесмен Алексей Модин тергөөдө жана сотто жалган көрсөтмө бергенин айтууда. Модин өз көрсөтмөсүндө MegaCom компаниясынын көзөмөл пакетин алуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду алгач 2010-жылы майда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жайгашкан Өкмөт үйүндөгү Текебаевдин кабинетинде болгонун айткан. Андан кийин "Супара" ресторанында жолугушканын билдирген.

"2017-жылы кышта тергөө эксперимент жүргүзгөндө, Модин тергөөчүлөрдү 2010-жылы Алмазбек Атамбаев отурган кабинетке алып кирген. Текебаев ал кабинетте эч качан отурган эмес. Бул бардык күбөлөр тарабынан жана имараттын планы боюнча тастыкталды. Мындан сырткары, ошол эле Модин жана Маевский 2010-жылы 13-майда Текебаев жана Чотонов менен "Супарада" жолукканын айтышкан. Бирок бул да жалган. Текебаев ал күнү түнгө чейин жумушта болгон. Ал Конституциялык жыйын өткөрүп, Убактылуу өкмөттүн чукул жыйынына катышкан. Муну бардык күбөлөр тастыктайт. Ал эми Чотонов түштүккө учуп кеткен. Бул күндөрү ал жактагы кырдал тынч болбой, бийликти кайтарып алууну каалагандар көтөрүлгөн", — деди жактоочу Таалайгүл Токтакунова.

Белгилей кетсек, экс-депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылдын 26-февралында УКМК тарабынан кармалган

Текебаевдин иши

2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү ("Коррупция") жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттарында ("Алдамчылык") камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгогон.

Анын алкагында Текебаев менен Чотонов кармалган. Россиялык бизнесмен Леонид Маевский "Текебаев "Альфа Телеком" (Megacom) компаниясынын башкармалыгына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бир миллион доллар алды" деп айтып, депутаттын үстүнөн арыз жазган. 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаевди коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. Шаардык сот жана Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган.

 

Кийин Россиянын Мамдумасынын мурдагы депутаты Леонид Маевский Москва шаарынан кармалган. Ал жан-жөкөрү менен "Альфа-групп" жана "А1" компаниясынын өкүлдөрүнөн 40 миллион доллар талап кылып, "аны бербесеңер силерге шек келтире турган маалыматтарды таратабыз" деп коркуткан деп шектелүүдө.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20190822/1045502735/sot-tekebaev-advokattyn-tushundurmosu.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно