Бүгүн:

Акыркы кабарлар

19:22
Лондондогу уюм "Кыргыз алтынды" ишенимдүү компаниялардын катарынан чыгарды
19:21
Нарындын мэри шайлоодогу коррупциялык иштерге шектелип кармалды
23:29
Оор кылмыштарды жасоо үчүн даярдалган. Аламүдүндө курал, ок-дарылар катылган жай табылды
23:25
Жапаров: Ата-бабалардын мурасына аяр мамиле кылуу, улуттук, тарыхый каада-салттарды сактоо — негизги милдет
23:22
ЖМК: Орхан Инандынын соту башталды, ал Түркия жарандыгынан баш тартты
23:20
Афганистанга жардам, коопсуздук, кызматташуу. Жапаровдун Душанбедеги сөзү
23:19
УКМК "Кумтөрдү" иштетүүдө 200 млн. доллар чыгарып кеткендерге издөө жарыялады
23:18
Койгула, андай кылбагыла дейли... Окуусуз 15 күн
22:54
Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев кармалды
17:52
ЖККУ саммитинде жыйынтыктоочу декларация кабыл алынып, бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлду
17:49
БШК бул шайлоодо талапкерлерди кандай тобокелчилик күтөрүн айтты
17:45
Эмомали Рахмон Жапаровду "Улут сарайынан" тосуп алды
17:40
Нью-Йорк соту Centerra’нын кыргыз өкмөтүн айыпка жыгуу доосун четке какты
17:39
ИИМ САЯСАТЧЫЛАРДЫ СУРАККА АЛДЫ
17:38
Ысык-Көлдө туристтердин тоо текеге аңчылыгы мыйзамдуу болгону айтылды
18:37
Адвокат: Атамбаев, Асанов, Акаев бийликти күч менен басып алууга шектелүүдө
18:35
Бишкекте дагы бир мамлекеттик лабораторияда ПЦР-тест тапшыруу арзандады
18:29
Жанар Акаев менен кошо Алтынбек Сулайманов да ИИМге сурак бергени кирип кетти
21:21
Парламенттик шайлоодо дээрлик 3,7 млн адам добушун бере алат
21:21
Марипов: Уюлдук идентификациялоо тутуму калктын мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө онлайн режимде жеткиликтүүлүгүн жогорулатат
21:15
"Кумтөр": Centerra Кыргызстанды дүйнө коомчулугунун алдында каралап жатат
21:14
Ошто жаш мугалимдерге жер тилке менен үйдүн сертификаттары берилди
21:13
Бишкек — Ош жолунда кар көчкүдөн сактай турган тоннель салынууда
17:50
Бет кап тагыныш керекпи? Бийлик балдар кандай шартта окуурун айтты
17:49
36 депутат кантип шайланат? Бир округга бириктирилген айыл, райондордун тизмеси
17:46
Ысык-Көлдө пилотсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча машыгуу башталды
17:45
Мал союп этин тараткан. Аксыда 7 адам күйдүргүгө шектелип ооруканага түштү
23:00
БШКнын кармалган мүчөсү Акылбек Эшимов тууралуу эмне белгилүү
22:57
550 миң доллар алган. УКМК коррупцияга шектүү деп БШК мүчөсүн кармады
22:55
БШК шайлоо округдарынын схемасы менен чек арасын жарыялады
16:16
КР ТИМ башчысы Сибирь жана Уралдагы мекендештер менен онлайн жолугушуу өткөрдү
16:15
Улукбек Марипов Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту
16:04
Кургакчылыктан улам быйыл дан эгиндеринин түшүмү 46 пайызга азайды
16:03
Бийликти басып алууга чакырган. ИИМ Орозайым Нарматова эмнеге кармалганын айтты
16:02
Мамлекетке 8 млн. сом зыян келтирген. УКМК Бажыдагы эки кызматкерди кармады
03:29
Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова Кытай элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту
03:24
Кыргызстандагы коронавирус. Күзгө карата абал кандай болот?
18:04
Токтогул суу сактагычынын запасы апрелде «өлүк көлөмгө» чейин төмөндөшү мүмкүн
17:58
Бишкек жана Чүйдө майнинг-фермалардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду
17:57
Садыр Жапаров кыргызстандык суучул Владислав Шулико менен жолугушту
17:51
Жаңы мектеп ачылары күтүлүүдө. Бишкекте кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт
17:51
Акаев: заман тез өзгөрөт, Суталинов менен Конгантиевдин сүрөтүн илип коюш керек
17:48
Өкмөт Россия менен пошлинасыз бензиндин көлөмүн көбөйтүүнү сүйлөшүүдө
17:47
Алтындан жасалган буюмдар. Даниялык киши кенч таап алды
18:29
Улуттар аралык ынтымакты чыңдоо. Элчи Жунусов Андижан, Фергана, Наманган облустарында болду
Бардык кабарлар

Суусамырдагы жайлоодо калың карда калган чабандар куткарылууда

Жаңылыктар
887
0
Суусамыр өрөөнүндө калың жааган кардын кесепетинен жайлоодо малы менен калып калган чабандар куткарылды. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Эркинбек Ашырбаев билдирди.

Анын айтымында, Суусамырда 10-сентябрда кар калың жаагандыктан 2 чоң көйгөй жаралган.

«Биринчиси — 5000 га арпа кар алдында калган. Ошол кар алдында калган талааларды көрүп келдик. Айрым жерлерин комбайн менен чаап жатышат. Бирок түшүмдүүлүк аз болот. Себеби арпанын баары жатып калды. Аны чабыш үчүн да көбүрөөк чыгым сарпталат. Ал эми такыр эле жыгылып калган арпаны дыйкандар оруп жатышат.

Ал эми экинчи көйгөй —чабандар малдары менен Суусамырдын Арамза, Сандык, Суу-Төр жайлоолорунда калып калышкан. Учурда ошол жердеги малдын баары жайлоодон төмөн жакка түшүрүлдү. Жайыл менен Суусамыр жайлоосуна өтө турчу малдын баары өткөрүлдү. Андан сырткары Сандык жайлоосунан 3 кишинин жүктөрүн куткаруучулар төмөн жакка түшүрүп беришти. Арамза, Сандык, Суу-Төр жайлоолорундагы чабандардын жүктөрүн да алып түшүү маселеси каралды. ӨКМдин Жайыл жана Чүй райондук бөлүмдөрүнөн 8 куткаруучу, 2 куткаруучу унаа жана 1 чоң жүк ташуучу унаа тартылган», - деди Эркинбек Ашырбаев.
 
Чүй облусунда Сокулук районунун чабандары дагы малы менен ашуудан өтө албай калышкан. Анын кесепетинен 200дөй кой өлдү. Ал эми Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Моловодный айылындагы фермерлердин 2 короо кою ашуудан өтө албай турат. Алар бүгүн, 14-сентябрда күн ачылса өткөрүлөт.

Эркинбек Ашырбаевдин айтымында, Ысык-Ата районундагы Кегети ашуусунун жолу кечээ, 13-сентябрда ачылды. Жол 2 күндөн бери жабык болчу. Жолду ачууга жайыт комитетинен, айыл өкмөттөн, райондук администрациядан кишилер тартылган. Бүгүнкү күндө 3 короо койду айдап өтүштү. Дагы 5 короо кой өткөрүлөт. Кегети ашуусу жабык болгондуктан Шамшы ашуусунан айдап өтөбүз деген чабандар болгон. Бирок Шамшы ашуусу да жабык болгондуктан, аларга Кегети ашуусунан өтүүгө шарт түзүлүп берилди. Ал жерге Ысык-Ата, Токмок жана Чүйдүн куткаруучулары тартылган.
http://www.turmush.kg/news:375616/?from=kg_turmush&place=newstoplast
скачать dle 11.0фильмы бесплатно