
Ч.Абдиеванын айтымында, мектепти аяктагандан кийин К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетине тапшырып, чет тилдер факультетин бүтүргөн. Андан соӊ, Бөкөнбай айылындагы мектептердин биринде англис тили боюнча мугалим болуп жумушка орношуп, 12 жыл иштеген. Мындан 3 жыл мурун айлык маянасын топтоп унаа алып, андан кийин үй сатып алууга ниет кылган. Тагдыр буюруп бир учурда үйлүү да, күйөөлүү да болгонун белгиледи.

«Мен университетти аяктагандан кийин мугалим болууну эч каалаган эмесмин. Чет мамлекеттерге чыгып иштейм деп ойлочумун. Бирок мектепке орношкондон кийин тузу оорбу билбейм, 12 жыл иштеп калып калдым. Унаа сатып алгандан кийин үй алууга камданып жаткам. Ага чейин эле жолдошум менен баш кошуп, даяр үйдө жашап калдым», - деди ал.

Чолпон айым жолдошу менен 6 ай сүйлөшүп баш кошкон. Ошондо кайын агасын урушуп алып уят болгонун да белгилейт.

«Жаӊы келин болуп келгенден баштап өзүмдүн жашым 34кө келсе да 18 жаштагыдай толкунданып жатам. Жолдошум кичүү бала, үч кайын агама жүгүнөм. Улуу кайын агама жүгүнсөм, ал мага да жүгүнүп алган. Бир күнү бир кайын агам: «Жумушка барбайсыӊбы?» десе, мен: «Барам эле!» деп катуу кыйкырып сүйлөп алып уят болгом. Балким окуучуларга катуу сүйлөп көнүп калсам керек. Антсе да жолдошумдун туугандары мени жакшы кабыл алышкан. Чет мамлекетке барып иштейм деген максатымды эмес, жолдошумду тандадым. Эми жолдошум экөөбүз чет мамлекетке чоогу саякаттап, эс алууга барабыз деп кыялданып жатабыз», - деди Ч.Абдиева.
