Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Бюджеттен бөлүнгөн акча уурдалып, Ноокатта жаңы мектеп сапатсыз салынган, наыйжада бүтпөй жатып урап калган

Жаңылыктар / Ош жаңылыктары
1 417
0

Бюджеттен бөлүнгөн акча уурдалып, Ноокатта жаңы мектеп сапатсыз салынган, наыйжада бүтпөй жатып урап калган

Ноокат районундагы алыскы кыштактардын бири Темир-Корук айылындагы жалгыз мектеп 1990 жылы ашар жолу менен курулган. Анын эскилиги жеткендиктен, 6 жыл мурда авариялык абалга келип, башка мектеп куруу зарылчылыгы пайда болгон. Жаңы имарат салууга бюджеттен 58 млн сом бөлүнүп, эки кабаттуу 200 орундуу мектеп курулмай болгон. Тендерде “Технолайн” курулуш компаниясы утуп чыккан. Бирок, бүгүнкү күндө бир кабат, 150 орундуу сапатсыз имарат тургузулган.

Темир-Корук орто мектебинин жаңы курулуган имараты  2013 жылдан 2016 жылга чейин үч жылга созул курулган. Бүтүп тапшыруу мезгили келгенде ачылышына жетпей эле имараттын полдору чирип талкаланып баштады дешет мугалимдер. Эми азыркы убакта дубалдарынан да жарака кете баштаганына өзүбүз да күбө болдук. Адис болбосок да көзүбүз көргөн нерселерге иреенжип келдик. Анткени өлкө боюнча 200 мектеп авариялык абалда, канчалаган бөбөктөр кү сайын уранды астында каалуу коркунучунда билим алып жатышат. Эми ошол көйгөйдү дароо чече салууга мамлекеттин капчыгы жука болуп, бюджет тартыш болуп жаткан үчүн кезек кезеги менен акча бөлүнүп жатат. Темир-Корук мектебине бюджеттен акчаны араң бөлдүрүшсө эми минтип курулуш компаниясыбы же адетинче “ДОЛЯ” сураган Ош областтык ккапиталдык курулуш башкармалыгыбы айтор натыйжада мектепке делген акча үнөмдүлүп имарат сапатсыз салынып калыптыр. Эми мектептин жамааты болсо  жасалган иш сарпталган акчанын жарымына да татыбайт дшип ак эткенден так этип жатышат. Бирок бул мүчүлүштүктөргө карабастан курулуш компаниясы имаратты “бүттүк”,- деп 2016 жылдын 2 сентябрында тапшырууга аракеттенишкени таң калтырат.

Мектептин мурдагы директору Канайым Абдырахманова кабыл албай коюп, бирок кысымга кабылып кызматтан кеттим дейт,  

Полдору чирип калыптыр, эшиктин алдындагы брусчаткалар сапатсыз, өзү да начар коюлуп калган, туалеттин чоргосу болсо ичине сарыгып жатат, урап калат, туалетке барган жолду салышкан эмес, спортзалды болсо такыр баштаган да эмес, откана да сапатсыз иши кылса айта берсе толтура деп кемчилдиктер көп деп мен  кабыл албай койгом. Кабыл албай коюп элге да, курулуш компаниясына да жаман көрүнүп, кызмаымдан да кеттим”.  

Мектеп жетекчиси райондук администрацияга имаратты кабыл алууга болбойт деп, текшерүүнү өтүнүп кат жолдогон. Атайын комиссия түзүлүп жаңы имаратты көргөнү келишип ооздору ачылып калышканын Ош областынын Ноокат районуна караштуу Жаңы- Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, Абдыгапар Хажимаматов айтып берди.

“Көрүп алып оозубуз ачылып калды. Пайдубалга вентиляционный трубалар коюлбай калыптыр. Пайдубал шамалдап турбаган үчүн мектеп бүтпөй жатып полдору чирип калыптыр. Эшиктин алдындагы плиталарды да биз билгенден үч жолу алмаштырылды да. Куйган бетондору да талапка жооп бербейт. Комиссия түзүп кемчилдиктерин айтканыбызда алар оңдоп беребиз дешкен бирок бүгүнкү күндө деле ошол бойдон жатат”.

Окуу жайдын дааратканасы да сапатсыз кооптуу курулган, спортзалы бүтпөй калган, отканасы да эреже бузуулар менен салынып, текшерип көргөндө имарат жакшы ысыбай койгон. Трансформатор да туура эмес орнотулган.   Ал арада окуучулар 6 жыл мурда кооптуу деп табылган эски мектепте эле билим алып жатышат. Эски мектептин абалы санитардык талаптарга жооп бербейт.

Мырзабек Жусупов, Ноокат райондук билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси:

“Балдар санитардык талаптарга жооп бербеген мектепте окуп жатышат. Сабак болуп жатканда кочегар кирип печкаларга от жагат ыш болот. Полдору тешик, дубалдары жарака, эми айла жок башка имарат жок да мектепте. Жаңы мектеп бүтүп, балдар жаркыраган мектепте билим алышат деп ниет кылып проект жазганбыз да. Азыркы абал балдардын билим сапатына терс таасирин тийгизет”.

Курулуш жургузгон “Ош-Технолайн”  компаниясы менен байланышууга мүмкүн болгон жок.   

Жанна Аскарова,

Ош.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно