Бүгүн:

Акыркы кабарлар

17:12
Чүй облусунда жер титиреди
09:54
Аламан улактын батири талашка түштү. Байыш Ниязов байгеси менен бөлүшмөй болду
15:05
Жээнбеков ЕЭК коллегиясынын төрагасы Саркисянды "Даңк" медалы менен сыйлады
14:42
Алайда билим алып жаткан памирлик кыргыздарга 420 китеп жөнөтүлдү
14:14
Өзбекстандын учагы Бишкекке коно албай калды.
13:45
Шаардын чок ортосундагы кыймылды азайтуу үчүн 520 автобус алынмай болду
16:45
Быйылтан тарта 10-11-класстын окуучулары өзү тандаган сабакты гана окуп баштайт
11:05
Коомго аралашсын. Майыптыгы бар балдарды жалпы мектепте окутуу сунушталууда
11:04
Бишкек: аэропортто Кытайдан келгендер коронавируска текшерилип жатат
10:59
Өзбекстандын парламенти өлкөнүн премьер-министрин бекитти
10:58
Эми Кыргызстандын бардык жараны мал-мүлкү тууралуу отчет берет. Жаңы мыйзам
10:44
Кыргызстандыктардын АКШга кирүүсүн чектөө каралып жатат
10:31
Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги орнотулат
10:09
Онкологиялык ооруларды шарттачу жаман адаттар тизмектелди
10:07
ЕАЭБ алкагында жеке жана юридикалык тараптарга бирдиктүү каттоо системасы киргизилет
16:48
Интернетте бала кулчулукка "сатылып" жатат. Бишкек милициясы иликтей баштады
16:46
Саймаити чуусу: Улуттук банк шектүү акча которуулар тууралуу 14 жолу кабарлаган
15:16
"Ата, сиз өлбөңүз!". 30 баланы канатына калкалаган үй-бүлөнүн ак жарыгы
15:45
"Кыргызстандыктар жардам берген". Бишкекте Ленинград блокадасы эскерилди
15:34
Матраимовдор ЖМКларга койгон доосун сотсуз чечүүгө ыктап жатат
15:29
Курсан Асановдун жубайы кайсы иш боюнча суракка чакырылып жатканы айтылды
15:07
Жээнбеков учурдагы артыкчылыктуу багыттарды санап өттү
14:56
Жээнбеков быйыл балдарга эмне себептен өзгөчө көңүл буруларын түшүндүрдү
14:25
Сот паспорт чыры боюнча Мамкаттоонун кызматкерлерине өкүм чыгарды
14:23
Апрель революциясы тууралуу ролик тартууга сынак жарыяланды. Шарт-талабы
11:40
Өзбекстан жаратылыш газын экспорттобой калышы мүмкүн.
12:57
Бишкекте окуучулардын коопсуздугу үчүн мобилдик колдонмо иштелип чыкты
12:53
Бишкекте эки жол тандабас кагышып кеткен кырсыктын видеосу
12:49
Жээнбеков "Казакты" бошоткон судья Айнура Сулайманованы кызматтан кетирди
12:42
Өзгөндүн Прогресс айылына жеке ишкер бала бакча куруп берди.
10:10
Президент Жээнбековго бир жылда 15 миңден ашуун киши кайрылган
09:54
Кыргыз-казак чек арасында 140тан ашык жүк ташуучу унаа топтолду
09:29
Кош бойлуу аялын таштап кеткен. РФ акыйкатчысы эгиз кыздуу болгон энеге жардам берди
09:22
Юлдуз Усманованын ордуна ырдаган эркек. Чуулуу концерттеги
09:11
Жол чырак жасап баштайт. Мэрия быйыл Бишкекте болчу өзгөрүүлөр тууралуу айтты
12:59
Жээнбеков: мыйзамсыз берилип кеткен парктын жерлери мамлекетке кайтарылат
12:22
Абылгазиев чек араны кайтарууну күчөтүүнү тапшырды
11:03
Көп кабаттуу үйдө дубалдын кыры менен чуркаган наристенин жүрөк титиреткен
10:47
Адвокат: Атамбаев жолун тосконуна карабай сот залынан чыгып кетти
16:57
Каракол: чогуу жашаган аялын өрттөөгө шектелген эркек кармалды
14:59
УКМК: Солтон-Сарыдан алтын уурдаган канал аныкталып, шектүүлөр колго түштү
14:18
Кыргызстандын кайсы жеринде жашагандар насыяны көп алат. Статистика
11:21
Жээнбеков православдарды Рождество майрамы менен куттуктады
11:14
Бишкекте үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болгон келин изделүүдө.
11:06
"Тазалык" калааны кар менен муздан арылтууда.
Бардык кабарлар

24 жылдан берки Кумтөрдөгү кырсыктар. Тик учак кулап, жер алдында калып...

Жаңылыктар
262
0

Кыргызстандык жарандарды учурда ӨКМдин 90дон ашуун куткаруучусу баштаган күчтөр издеп жатканы менен азырынча жыйынтык бере элек.

Буга чейин да аталган кенде бир нече адамдын өмүрү кыйылган фактылар катталган. Sputnik Кыргызстан Кумтөр кенинде кишилер каза болгон жана коомчулукту түйшөлдүргөн кырсыктарды тизмектеп чыкты.

15 киши түшкөн тик учактын кулашы

1995-жылы 4-октябрда Кумтөрдөн Бишкекке чыккан тик учак кырсыктап, Ысык-Көлдүн тоолоруна кулап түшкөн. Экипаж байланышка чыкпай калганда аны издеп, Барскоондун ашуусунан аба техникасын табышкан. Тилекке каршы, экипаждын үч мүчөсү жана 12 киши каза болгон.

Дарыяга цианид төгүлгөндө...

1998-жылдын 20-майында Кумтөрдүн тарыхында эң чатактуу жана кырсыктуу иш болгон. Натрий цианидин тартып бара жаткан жүк ташуучу ири автоунаа зыяндуу зат менен кошо Барскоон дарыясына кулаган. Ал жердеги беш миңге жакын элди коопсуз жайга көчүрүшкөн. Кийин адистер аталган элементтин кишиге зыяны аз деген жыйынтык чыгарып берген. Медиктер текшерүүлөрдөн кийин ал элдин ден соолугуна терс таасир тийгизбегендигин айтышкан.

 

25 жаштагы жумушчу көчкү алдында калган

2002-жылдын 8-июлунда Кумтөрдө тосмо жылып, көчкү жүргөн. Анын кесепетинен тоо мастеринин 25 жаштагы жардамчысы каза болгон. Маркумдун сөөгү бир жылдан кийин табылганы маалым.

Ишке кедергисин тийгизген иш таштоо

2006-жылы 20-декабрдан 22-декабрга чейин ишканадагы иш толугу менен токтогон. Себеби жумушчулар аларга бийик тоолуу шарт үчүн айлыгына акы төлөнбөгөнүн айтып, иш ташташкан. Аягында алардын мүдөөсү аткарылган.

2010-жылы дагы иш таштоо болгон. Ишкана 1-октябрдан 10-октябрга чейин иштеген эмес. Кызматкерлер айлык акыны 40-50 пайызга чейин көбөйтүүнү талап кылганы менен жетекчилик 10-12 пайыз гана көтөрө аларын айткан, бирок жыйынтыгында кызматкерлердин маянасы 50 пайызга жогорулаган.

 

Маянасынан камсыздандыруу төлөмдөрү туура эмес кармалып келгенин билген жумушчулар 2012-жылы февралда кайрадан иш ташташкан. Бул келишпестик 10 күндүн ичинде ордуна келген.

Саруулуктардын митинги

2013-жылы майда Ысык-Көл облусунун Саруу айылынын тургундары Кумтөрдү улутташтыруу талабын коюп, митингге чыгышкан. Чогулган эл кенге кеткен жолду тосууга аракет кылышкан. Милиция айрым митингчилерди кармашкан. Бир жылдан кийин компания айылдагы мектептин спорт залын оңдоп, акчасын бөлүп берген.

Таш майдалачу аппаратка түшүп кеткен

2016-жылы январда кызматкер этиятсыздыктан таш майдалаган аппаратка түшүп кеткен. Компания окуя тууралуу маркумдун үй-бүлөсүн жана коомчулукту дароо маалымдап, кечирим сураган.

Чучук чуусу

2017-жыл чү дегенде эле ызы-чуу менен башталды: Кумтөрдүн Майкл Макфит аттуу кызматкери соцтармакка пост жарыялап, кыргыздын улуттук тамагы чучукту жылкынын жыныстык мүчөсүнө теңеген сөз жазган. Бул коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, улуттук, расалык жана диний кастыкты козгогондугу үчүн кылмыш иши да козголгон. Натыйжада чет элдик жаран кыргызстандыктардан кечирим сурап, өлкөдөн чыгып кеткен.

 

Унаа карайм деп...

2017-жылдын апрелинде 29 жаштагы механик жеңил автоунааны кароо учурунда көз жумган. Жумушчу ооруканага жетпей үзүлгөн. Ишкана маркумдун жакындарына көңүл айткан.

Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, Ысык-Көл облусундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасында жайгашкан Кумтөр кенинен 1997-жылдан 2018-жылга чейин 350 тоннанын тегерегинде алтын өндүрүлдү. 2017-жылы казып алынган алтындын көлөмү 17 тоннага жетсе, былтыр 16 тоннадай болгон.

Дагы: https://sputnik.kg/incidents/20191202/1046405705/kumtordogu-yzy-chuular.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно