Бүгүн:

Акыркы кабарлар

13:45
Шаардын чок ортосундагы кыймылды азайтуу үчүн 520 автобус алынмай болду
16:45
Быйылтан тарта 10-11-класстын окуучулары өзү тандаган сабакты гана окуп баштайт
11:05
Коомго аралашсын. Майыптыгы бар балдарды жалпы мектепте окутуу сунушталууда
11:04
Бишкек: аэропортто Кытайдан келгендер коронавируска текшерилип жатат
10:59
Өзбекстандын парламенти өлкөнүн премьер-министрин бекитти
10:58
Эми Кыргызстандын бардык жараны мал-мүлкү тууралуу отчет берет. Жаңы мыйзам
10:44
Кыргызстандыктардын АКШга кирүүсүн чектөө каралып жатат
10:31
Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги орнотулат
10:09
Онкологиялык ооруларды шарттачу жаман адаттар тизмектелди
10:07
ЕАЭБ алкагында жеке жана юридикалык тараптарга бирдиктүү каттоо системасы киргизилет
16:48
Интернетте бала кулчулукка "сатылып" жатат. Бишкек милициясы иликтей баштады
16:46
Саймаити чуусу: Улуттук банк шектүү акча которуулар тууралуу 14 жолу кабарлаган
15:16
"Ата, сиз өлбөңүз!". 30 баланы канатына калкалаган үй-бүлөнүн ак жарыгы
15:45
"Кыргызстандыктар жардам берген". Бишкекте Ленинград блокадасы эскерилди
15:34
Матраимовдор ЖМКларга койгон доосун сотсуз чечүүгө ыктап жатат
15:29
Курсан Асановдун жубайы кайсы иш боюнча суракка чакырылып жатканы айтылды
15:07
Жээнбеков учурдагы артыкчылыктуу багыттарды санап өттү
14:56
Жээнбеков быйыл балдарга эмне себептен өзгөчө көңүл буруларын түшүндүрдү
14:25
Сот паспорт чыры боюнча Мамкаттоонун кызматкерлерине өкүм чыгарды
14:23
Апрель революциясы тууралуу ролик тартууга сынак жарыяланды. Шарт-талабы
11:40
Өзбекстан жаратылыш газын экспорттобой калышы мүмкүн.
12:57
Бишкекте окуучулардын коопсуздугу үчүн мобилдик колдонмо иштелип чыкты
12:53
Бишкекте эки жол тандабас кагышып кеткен кырсыктын видеосу
12:49
Жээнбеков "Казакты" бошоткон судья Айнура Сулайманованы кызматтан кетирди
12:42
Өзгөндүн Прогресс айылына жеке ишкер бала бакча куруп берди.
10:10
Президент Жээнбековго бир жылда 15 миңден ашуун киши кайрылган
09:54
Кыргыз-казак чек арасында 140тан ашык жүк ташуучу унаа топтолду
09:29
Кош бойлуу аялын таштап кеткен. РФ акыйкатчысы эгиз кыздуу болгон энеге жардам берди
09:22
Юлдуз Усманованын ордуна ырдаган эркек. Чуулуу концерттеги
09:11
Жол чырак жасап баштайт. Мэрия быйыл Бишкекте болчу өзгөрүүлөр тууралуу айтты
12:59
Жээнбеков: мыйзамсыз берилип кеткен парктын жерлери мамлекетке кайтарылат
12:22
Абылгазиев чек араны кайтарууну күчөтүүнү тапшырды
11:03
Көп кабаттуу үйдө дубалдын кыры менен чуркаган наристенин жүрөк титиреткен
10:47
Адвокат: Атамбаев жолун тосконуна карабай сот залынан чыгып кетти
16:57
Каракол: чогуу жашаган аялын өрттөөгө шектелген эркек кармалды
14:59
УКМК: Солтон-Сарыдан алтын уурдаган канал аныкталып, шектүүлөр колго түштү
14:18
Кыргызстандын кайсы жеринде жашагандар насыяны көп алат. Статистика
11:21
Жээнбеков православдарды Рождество майрамы менен куттуктады
11:14
Бишкекте үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болгон келин изделүүдө.
11:06
"Тазалык" калааны кар менен муздан арылтууда.
10:49
Министрлик: жогорку окуу жайларга болгон талап катуулайт
10:46
Садыр Жапаров абактан азыр чыкпайт. ЖАМК себебин түшүндүрдү
10:43
"Ак-Жол" өткөрүү жайынын курулушу январдын аягында башталат
10:35
Абдыгулов Улуттук банк былтыр канча киреше тапканын айтты
15:14
Таластагы Үрмарал суусуна көпүрө курууга Япония 16,4 млн. доллар берет
Бардык кабарлар

700 млн. доллардын чыгарылышы. Суракка кимдер келип, кимдер келе элек

Жаңылыктар
236
0

Бир нече жергиликтүү ЖМКлардын журналисттик иликтөөсүнүн негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 39 жана 130-беренелеринин 1-бөлүгү («Киши өлтүрүүгө аракет жасоо») боюнча козголгон кылмыш иштерин тергөө уланууда. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, иликтөөдө айтылган фактыларды териштирүү боюнча ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлгөн.

"Сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында УКМКга Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Төрөкулов, экс-депутат Ширин Айтматова, Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райым Матраимов сурак беришти", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле "Азаттык медианын" журналисттери Мухамедали (Али) Токтакунов жана Ыдырыс Исаковдор күбө катары суракка чакырылган.

УКМКнын буга чейин тараткан билдирүүсү боюнча Кыргызстан президентинин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев жана башкалар чакырылган.

Атайын кызмат тергөө иштеринин жүрүшү коомчулука ар дайым ачык маалымдалып турат деп ишендирүүдө.

2019-жылдын ноябрь айынын аягында Кытайдан ташылган аткезчилик боюнча бир нече ЖМКнын биргелешкен иликтөөсү жарыяланган. Анда бир тууган Матраимовдор, атап айтканда, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун ишкер Хабибула Абдукадыр менен иш кылганы баяндалат. Материал 10-ноябрда Стамбулда өлтүрүлгөн ишкер Айэркен Саймаитинин көрсөтмөлөрүнө негизделген. Саймаити бир нече жыл ичинде Кыргызстандан 700 миллион доллардан ашык каражатты чыгарып кеткенин айтып берген. Ишкер өлөр алдында журналисттерге коррупциялык схемалар тууралуу билдирип, аларды далилдей турчу документтердин көбүн берип, айрымына үлгүрбөй калган.

 

25-ноябрда Бишкек менен Каракол шаарында коррупцияга каршы митинг өтүп, уюштуруучулар Райым Матраимовдун кармалышын талап кылышкан.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20191206/1046435799/ukmk-surak-kimder-keldi.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно