Болуп өткөн авиа кырсыка байланыштуу Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана алардын туугандары менен жакындарына көүңүл айтты.
“Учурда бүтүндөй кыргызстандыктар кайгыга батып орду толгус оор жоготууну башынан өткөрүп жатышат. Ош облусунун эли да бул суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алып, кайгыга батып турат. Күтүлбөгөн кырсык энени баладан ажыратты. Турмуш эмне экенин аңдап түшүнө элек өспүрүмдөр уйкудан ойгонбой кете беришти. Бул улут үчүн чоң трагедия болду. Мындан ары адам өмүрүн алган кырсыктар жергебизде эч качан болбосун. Элибиз менен аман журтубуз менен түгөл бололу. Жалпы Ош облусунун элинин жана КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, жеке өзүмдүн, үй-бүлөмдүн атынан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана алардын туугандары менен жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп терең көңүл айтамын”,- деди Таалайбек Сарыбашев.
Ошондой эле кырсыктан улам жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү максатында КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлери жана Ош облусунун аймагындагы бардык райондук мамлекеттик администрациялардын кызматкерлери бир күндүк айлык маяналарыбызды которуу боюнча чечим кабыл алганын кошумчалады.