Казакстан Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө толугу менен даяр. Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов билдирди. Ал сүйлөшүүлөр болжол менен 23-январда өтө турганын айтты.
«Бардыгы катышуучулардын курамына жана жолугушууда Орусия менен Түркиянын делегацияларын кимдердин жетектеп келерине жараша болот. Биз сүйлөшүүлөргө Ирандын өкүлдөрүнүн катышкысы келип жатканын да билебиз. Жолугушууну өткөрүүгө Казакстан тарап толугу менен даяр», — деди Абдрахманов. Ал Астанада күтүлүп жаткан жолугушуу 8-февралда Женевада өтө турган сүйлөшүүлөргө даярдык болорун кошумчалады.
Кайрат Абдрахмановдун билдиришинче, учурда сүйлөшүүлөрдүн форматын аныктап, авиациялык жана логистикалык маселелерди чечүү үчүн казакстандык дипломаттар сүйлөшүүгө катыша турган адамдар тууралуу маалыматтарды күтүп жатышат.
Буга чейин Орусия президенти Владимир Путин менен Түркия президенти Реджеп Тайып Эрдоган Сирия боюнча тынч сүйлөшүүлөр үчүн Астана аянтча болорун айтышкан. Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев демилгени колдогон. Анткен менен азырынча сүйлөшүүлөрдүн Астанада өтүшү күмөн жаратууда, себеби айрым Сириядагы оппозициялык топтор Асаддын өкмөтүн тынчтык режимин бузууга айыптап келишет.