Баткен районунун Зардалы айылындагы ФАПтын курулушунун салтанаттуу ачуу аземи болду.
Ага Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын, Баткен областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун өкүлдөрү, "Эл аралык толеранттуулук үчүн" Фондунун Түштүк региону боюнча Координатору жана жергиликтүү тургундар катышты. Иш чаранын жүрүшүндө жергиликтүү жашоочулар медициналык жардам алууга ыңгайлуу шарттардын түзүлүүсүнүн маанилүүлүгүн айтышты. Ошондой эле ФАПтын курулушуна өз салымдарын кошкон бардык структура жана жеке инсандарга ыраазычылыгын билдирди. ФАПтын курулушка 1961336 сом, ал эми айыл өкмөтү тарабынан эмеректер менен камсыздоодо 68000 сом каржыланды. Андан сырткары Баткен областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору тарабынан медициналык аппараттар менен камсыздалды.
Динара КУРБАНБЕКОВА, РИВ "Взгляд" Баткен