Бүгүн:

Акыркы кабарлар

13:20
Контейнерде окубай калышат. Боронов жаңы курулуп жаткан мектептерди тизмектеди
13:04
Өкмөт 145 миллион сомго 40 Тез жардам унаасын сатып алууну пландап жатат
13:02
Министрлик окуучулардын мектеп формасы боюнча түшүндүрмө берди
13:00
Оренбургдан келчү мекендештерди ташыган 43 автобус жолго чыкты
12:58
Бейруттагы жарылуу: Жээнбеков Ливан президентине көңүл айтты
12:52
Элчилик: Түркия Кыргызстан менен авиа байланышты жандантты
13:17
Бишкекте 1-класстын окуучулары кандай тартипте окуйт? Башкармалыктын жообу
13:16
Саламаттык сактоо министринин орун басары пневмониядан айыкты. Эртең ишке чыгат
13:14
COVID-19дун айынан Кыргызстанда майнинг-фермалар эми салык төлөмөкчү
13:11
Россия-казак чек арасында чогулган кыргыз, өзбек мигранттары эртең мекенине жөнөтүлөт
09:33
Россиялык дарыгерлер: кыргыз медиктери COVID-19ду дарылоону жакшы өздөштүргөн
09:30
"Семетейде" лаборатория уюштуруу боюнча даярдык башталды
09:29
Экинчи толкунга даярдык. КРде 18 миңден ашуун медик кайра окутуудан өттү
09:26
"Колдоо керек". Чолпон-аталык дарыгерлер Жээнбековго даттанды.
15:26
Сентябрга чейин транспорт, кыймылсыз мүлк жана жер салыктарын төлөө зарыл
15:25
Сабырбек Жумабеков: ырчы Асел Кадырбекованын абалы жакшырып, үйүнө чыккан
15:24
Бишкек: кайсы медицина мекемелери оңдолуп жатат.
15:22
Ысык-Көлдө заманбап жол курууга канча акча кетет жана ал кайдан алынат.
15:18
Кыргызстанда алгачкы жолу улуттук антидопинг борбору түзүлдү
13:58
Эмнеге балдар коронавируска жакшы туруштук берет? Педиатрдын пикири
13:57
Өкмөт "Семетей" стационарын жугуштуу илдеттер ооруканасына айлантууну пландап жатат
13:54
Бишкек: соода жана тамактануу жайлары, транспорт жаңы тартипте иштөөгө өтөт
13:53
Өкмөт Нарынга жугуштуу илдеттер ооруканасын куруп баштады.
13:03
Боронов россиялык дарыгерлер менен сүйлөштү. Алар өкмөткө кандай сунуш айтты
13:01
Кыргызстанга эл аралык аба каттамдары августта жаңыланабы? Расмий жооп
13:00
Өкмөт Кытайдан дагы 78 кычкылтек концентраторун алдырды
12:28
Коронавирус жуктурган 4 гана медикке 200 миң сом компенсация төлөндү
12:13
Пневмониядан айыкты. Саламаттык сактоо министри Абдикаримов ишке чыкты
10:15
Коронавирус беш жерден жугат. Окумуштуулар санап беришти
10:08
Кыргызстанга Россиянын кезектеги гуманитардык жардамы келип түштү.
16:41
Профессор Сарыбаев: кардиомагнил менен тромбо АССты профилактика үчүн ичүү зыян
15:24
ЖРТдан эң көп упай алган 10 бүтүрүүчү кайсы окуу жайларга тапшырды.
14:47
Жээнбеков: 1-классты мектептен окутууну министрге да, премьерге да айттым
13:12
Ынтымак менен жеңерине ишенем. Токаев кыргыз элине көңүл айтты
12:13
Коронавирустан көз жумгандарга аза күтүү күнүнүн символикасы бекитилди
12:09
Бишкектин коомдук транспортунда "Тулпар" төлөм системасынын иши жанданат
12:08
Пандемия тааныткан чындык: дарыгерлерге спорт менен машыгып жардам берүү зарыл
12:39
Боронов курула турган ооруканалардын сапаттуу болушун талап кылды
12:35
Аскер лицейинде жугуштуу оорулар бөлүмү, гемодиализ кабинети иштөөдө
12:24
Медиктердин компенсациясына канча каражат кеткени айтылды
12:09
ЕЭАБ коронавирус менен күрөшүү үчүн иш-чаралардын комплекстүү планын бекитти
10:40
Боронов: оору азайды деп бошоңдоп калбай, ишти улантуу керек
10:28
Балбак Түлөбаевдин мэриядагы ордун 31 жаштагы Адилет Малдыбаев ээледи
13:06
Өлкөнүн банктары ооруканаларга 6 ИВЛ, 100 кычкылтек концентраторун алып берди
11:49
Бишкекте жаңы курулган жолдордун кемчилиги чыгып, кайра оңдолууда.
Бардык кабарлар

Тынч жашайлы! Кыргызстандыктар коронавирустун айынан саякаттоодон баш тартууда

Жаңылыктар
173
0

 Оору жугузуп алуудан корккон туристтер Кытайга гана эмес, башка өлкөлөргө дагы чыгуудан кооптонуп турган кез.

Кыргызстандык туристтердин арасында коронавирустун айынан Кытай гана эмес, Таиландга дагы баруудан баш тарткандар көбөйүүдө. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Бишкектеги туристтик агенттиктердин биринин кызматкери Альбина Асанова билдирди.

"Кышкысын кыргызстандыктар арасында Хайнань аралы (Кытай), Таиланд, Египет жана Дубай өтө популярдуу. Бирок коронавирус чыгары менен Кытайга барбайбыз деп чыккандар көбөйгөндүктөн, өзүбүз дагы бул өлкөгө турларды токтотуп койдук. Жарандар саякаттоодон коркуп жатышат. Кардарлардан "жуктуруп албайлы", "тынч жашайлы" деген билдирүүлөр келип жатат. Жада калса мессенджерлердеги тайпалардан айрым колдонуучулар чыгып кетүүдө", — деди Асанова.

Анын айтымында, азыр баш тартылган турлардын так санын жана андан келтирилген зыяндын өлчөмүн айтууга эрте.

Асанованын сөзүн Кыргызстандын Туристтик альянсынын жетекчиси Медер Тилекматов дагы бышыктады.

"Чындап эле мурда алып койгон турлардан баш тарткандар бар. Кытай го түшүнүктүү. Бирок эмнегедир Таиланддан дагы чочулап жатышат. Негизи эле саякаттоодон коркуп турушат. Ар кайсы өлкөдөн келген элдер чогулган аэропорттодо коронавирус жугузуп алабыз деген кооптонуу бар окшойт", — деди Тилекматов.
Тилекматов: кыргызстандыктар Кытай гана эмес, Таиландга баруудан дагы чочулап жатат
Тилекматов: кыргызстандыктар Кытай гана эмес, Таиландга баруудан дагы чочулап жатат

Бул гана эмес, өкмөт 27-январь күнү Кытайдагы абал турукташканча деп чек араны жаап, Үрүмчү — Бишкек — Үрүмчү аба каттамын токтотту.

Ал эми Туризм департаменти Кытайда болуп жаткан эпидемиологиялык абалга байланыштуу кыргызстандыктарды бул өлкөгө кызматтык жана туристтик сапарларын токтотуп турууну сунуштаган.

Вирустун айынан көпчүлүк мамлекеттер туристтерин Кытайга жиберүүдөн баш тартып жатышат.

Мисалы, шаршемби күнү россиялык "Русь-тур" компаниясы Хайнань аралында эс алып жүргөн 180 туристти алып келүү үчүн учак жиберет. "Ростуризм" мамлекеттик ишканасы 25-январь күнү Кытайга жолдомо сатууга тыюу салып, азыр көпчүлүк компаниялар жиберген туристтерин алып келүү аракетинде.

 

Ал эми коңшу Казакстандын эң ири авиакомпаниясы болуп эсептелген Air Astana коронавирустун айынан февраль айындагы Кытайдын шаарларына болгон бардык каттамдарын токтотуп койду.

Элди дүрбөлөңгө салган жугуштуу оору Кытай бийлигинин өзүн дагы туристтерди кабыл алуудан баш тартууга мужбурлаганын РИА Новости жазды. Өлкөнүн туристтик компаниялары 25-январдан тарта тобу менен жүрчү туристтерди кабыл албай калды. Ошондой эле алар мейманкана кызматтары камтылган турларды уюштуруусун токтотту.

Коронавирус тууралуу

Эске сала кетсек, 2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. Ал Кытайдан тышкары 17 өлкөгө жетти. Кыргызстанда бардык чек ара пункттарында санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлүп, "Манас" жана "Ош" аэропортторуна тепловизор коюлган.

 

Баса, кечээ Кыргызстанда бир адам коронавирус жуктурду деп шектелип, текшерүүдөн өткөнү тууралуу маалымат тарады. Эркек киши 27-январда Таиланддан келген. "Манас" аэропортундагы тепловизор анын дене табы көтөрүлүп турганын аныктаган. Киши жөтөлүп да жатканын билдирген. Оорулуу Республикалык инфекциялык ооруканага жеткирилип, текшерүүдөн өткөн соң коронавируска кабылбаганы аныкталды.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20200129/1046902477/kytaj-koronavirus-turizm-bash-tartuu.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно