Бүгүн:

Акыркы кабарлар

16:43
Жакшы жаңылык! Кыргызстанда дагы 3 бейтап коронавирусту жеңди
16:41
Кыргызстанда коронавирус жуктурган 144 учур катталды. Алар кайсы аймактарда?
16:34
Кайсы облуска кандай жардам берилди? Өкмөттүн маалыматы
15:28
Чек арадан өтө албай калган мекендештер Оренбургдагы мейманканага жайгаштырылды
15:20
Нарындын ичинде унаа кыймылына чектөө киргизилди
15:15
Новосибирскиден уча албай калган 132 кыргызстандык мейманканага жайгаштырылды
14:35
Министр Фучиктеги заманбап кыргыз-түрк ооруканасы качан ишке кирерин айтты
13:07
Бишкекте алтоо. Кыргызстанда 14 адам коронавирусту кайдан жуктурганы айтылды
13:07
Министр: Ноокатта көз жумган бейтап кичи ажылыктан келген
12:51
"Акун" компаниясы: өткөрмө кагаздарын алдык, ун чыгарууну улантабыз
12:46
Даяр кагазды алып кетише элек! Бишкек комендатурасы "Акунга" жооп берди
12:36
Апрелде пенсия эртерээк берилип, акчаны почта кызматкери үйгө жеткирет
11:56
“Акун” компаниясы ун өндүрүүнү токтотту.
11:42
Бишкектин түштүк тарабы да карантиндик зонага кошулду. Көчөлөрдүн тизмеси
11:31
Үч адамдан ашык чогулбасын! Бишкек коменданты чектөөлөрдү күчөттү
11:28
Окуучуларды дистанттык окутууга видеосабактар кантип даярдалып жатат?
11:22
Нарын облусуна автоунаалардын кирип-чыгышы убактылуу токтоду
11:16
Бүгүндөн тарта Таласка кирип-чыгууга толугу менен тыюу салынды
11:03
Кыргызстан коронавирусту дарылоодо Россиянын дары-дармегин алабы? Министрдин жообу
11:02
Боронов: Кыргызстан сырттан келебиз деген бардык жарандарын тосуп алууга даяр
10:49
Бишкекте соцкызматкерлер карыларга тамак жеткирип, үйлөрүн дезинфекциялоодо
10:40
Жакшы кабар! Кытайда коронавирус жуктургандардын 93 пайызы сакайды
19:26
Чет өлкөлөрдө жүргөн 5 кыргызстандыкка коронавирус жукканы айтылды
19:24
Күнү-түнү иштешет! Бишкектин райондук штабдарынын телефондору
19:21
Калп айтпагыла, посттогуларды кагып-силкпегиле! Нарын мэриясы элге кайрылды
20:51
Балыкчыдагы посттон айдоочулар өтө албай жатышабы? Өкмөт жооп берди
20:51
Коронавирус: КРдин РФтеги элчилигиндеги штаб күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат
20:48
Милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Өкмөттүн соңку маалыматы
20:45
Обсервацияга баары алынат. Сырттан келгендерди карантинге алуунун шарты өзгөрдү
20:39
Балалуу мамкызматкерлер кандай тартипте иштейт? Өкмөттүн жообу
20:32
Кол сунам дегендер болсо... Бишкек мэриясы ыктыярчыларды чогултууда
20:31
Кол сунам дегендер болсо... Бишкек мэриясы ыктыярчыларды чогултууда
20:29
Аэропортко жүргүнчүнү тосуп, узаткандар киргизилбейт! Штабдын эскертүүсү
19:51
Сыртта калган КР туристтеринин тагдыры кандай болот? Расмий жооп
19:42
Бишкек: коронавирус жуктургандар 24 жана 26 жаштагы жигиттер
19:41
Өзгөчө кырдаалда Бишкек — Ош жолу жабылабы? Өкмөттүн жообу
19:39
Бишкекте коронавирус жуктурган эки учур катталды
14:12
Жээнбеков Аксы окуясына карата кайрылуу жолдоду
14:10
Кыргызстандын жарандыгын алууну кимдер каалайт?
13:33
Бейөкмөт уюмдар КРдеги USAID ишмердүүлүгүн сындап жатат
13:31
Коронавирус өлкө казынасына кедергисин тийгиздиби? Жээнбековдун тапшырмасы
16:17
Кочкор: дезинфекция кылгандардан шек санап, фейк маалымат тараткан аял сурак берди
16:16
Коронавирус жакындады, баарына даяр турушубуз керек! Абылгазиев элге кайрылды
16:15
ИИМ: кыргызстандыктар менен бирге Европага героин ташыган чет элдиктер кармалды
15:43
Өкмөт ундун жана башка азык-түлүктүн баасына чектөө киргизет
Бардык кабарлар

Казакстан Кыргызстанга кине коюп ЕЭК менен ДСУга арызданды

Жаңылыктар
152
0

 Казакстан кыргыз тараптын аракеттерине нааразы болуп Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) менен Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) кайрылуу жөнөттү. Бул туурасында Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Коңшу өлкө ЕЭКтен Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерден чыккан товар үчүн кыргыз тараптын контролдук баалардын минималдык деңгээлине карата колдонгон чаралары боюнча маселени кайра башынан карап чыгууну сураган.

"Кыргыз бийлиги кошумча төлөмдөрдү киргизип жатат. Эгер казакстандык өндүрүүчү Бишкекке орточо баа менен бир килограмм унду 17 сомдон алып барса, Кыргызстандын Салык кызматы контролдук баалардын минималдык деңгээлине карап килограммын 22 сом деп эсептеп, кошумча нарк салыгын алууда. Башка товарлар боюнча дагы ушундай көрүнүш, мисалы, жаз-жай мезгилинде жумуртка эки сом турат, бирок баанын минималдык деңгээли — 4,9 сом", — деп айтылат маалыматта.

Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги кыргыз өкмөтүнүн токтому менен бекитилген минималдык баалар негизсиз жана ачык-айкындуулукка жатпайт деп эсептейт.

Ошондой эле контролдук баалардын минималдык деңгээли коңшу өлкөнүн Кыргызстанга жасаган экспортунун өзөгүн түзгөн товарларга киргизилгени (ун, кумшекер, күрүч, жумуртка, сыра, цемент жана көмүр) белгиленди.

"Контролдук баалардын минималдык деңгээлинин киргизилиши менен кошумча нарк салыгынын суммасы да өстү. Бул казак товарларынын Кыргызстандын базарындагы атаандаштыкка туруштук беришине терс таасирин тийгизет. Мындай механизм ЕАЭБ жана ДСУнун эрежелерине карама-каршы келет. Тагыраагы, эл аралык сооданын "улуттук режим" жана "эң ыңгайлуу режим" деген негизги принциптери сакталбай жатат. Ошол эле учурда Казакстанда кыргыз товарына да, үчүнчү өлкөдөн келген товарга да мындай чара колдонулбайт. Казак тарап бул аракеттер ДСУнун бажылык баалары боюнча келишимге каршы келерин ишендирип айта алат", — деп жазылат маалыматта.

Соңунда эгер Кыргызстан эл аралык милдеттемелерин аткарбаса Казакстан өз укуктарын колдонуп кыргыз товарларына карата чара колдонууну күчөтө турганы белгиленген.

 

Коңшу өлкөнүн даттануусу ДСУда жана ЕАЭБде март-апрель айларында каралары пландалууда.

 

Буга чейин Кыргызстан казак тарап транзиттик товарларды өткөрүүгө чектөө киргизип жатканын айтып арызданган. Бул маселени ДСУнун Соода процедураларын жөнөкөйлөштүрүү комитети 11-февралда Женевада өткөн жыйында караган.

Казакстан дооматка жооп кайтарып, Кыргызстан бажылык башкаруусун колго ала албай, Казакстандын жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бюджетине зыянын тийгизип жатканын билдирген

Дагы: https://sputnik.kg/asia/20200229/1047221298/kazakstan-kyrgyzstan-eek-dsuga-aryzdandy.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно