Бүгүн:

Акыркы кабарлар

16:43
Жакшы жаңылык! Кыргызстанда дагы 3 бейтап коронавирусту жеңди
16:41
Кыргызстанда коронавирус жуктурган 144 учур катталды. Алар кайсы аймактарда?
16:34
Кайсы облуска кандай жардам берилди? Өкмөттүн маалыматы
15:28
Чек арадан өтө албай калган мекендештер Оренбургдагы мейманканага жайгаштырылды
15:20
Нарындын ичинде унаа кыймылына чектөө киргизилди
15:15
Новосибирскиден уча албай калган 132 кыргызстандык мейманканага жайгаштырылды
14:35
Министр Фучиктеги заманбап кыргыз-түрк ооруканасы качан ишке кирерин айтты
13:07
Бишкекте алтоо. Кыргызстанда 14 адам коронавирусту кайдан жуктурганы айтылды
13:07
Министр: Ноокатта көз жумган бейтап кичи ажылыктан келген
12:51
"Акун" компаниясы: өткөрмө кагаздарын алдык, ун чыгарууну улантабыз
12:46
Даяр кагазды алып кетише элек! Бишкек комендатурасы "Акунга" жооп берди
12:36
Апрелде пенсия эртерээк берилип, акчаны почта кызматкери үйгө жеткирет
11:56
“Акун” компаниясы ун өндүрүүнү токтотту.
11:42
Бишкектин түштүк тарабы да карантиндик зонага кошулду. Көчөлөрдүн тизмеси
11:31
Үч адамдан ашык чогулбасын! Бишкек коменданты чектөөлөрдү күчөттү
11:28
Окуучуларды дистанттык окутууга видеосабактар кантип даярдалып жатат?
11:22
Нарын облусуна автоунаалардын кирип-чыгышы убактылуу токтоду
11:16
Бүгүндөн тарта Таласка кирип-чыгууга толугу менен тыюу салынды
11:03
Кыргызстан коронавирусту дарылоодо Россиянын дары-дармегин алабы? Министрдин жообу
11:02
Боронов: Кыргызстан сырттан келебиз деген бардык жарандарын тосуп алууга даяр
10:49
Бишкекте соцкызматкерлер карыларга тамак жеткирип, үйлөрүн дезинфекциялоодо
10:40
Жакшы кабар! Кытайда коронавирус жуктургандардын 93 пайызы сакайды
19:26
Чет өлкөлөрдө жүргөн 5 кыргызстандыкка коронавирус жукканы айтылды
19:24
Күнү-түнү иштешет! Бишкектин райондук штабдарынын телефондору
19:21
Калп айтпагыла, посттогуларды кагып-силкпегиле! Нарын мэриясы элге кайрылды
20:51
Балыкчыдагы посттон айдоочулар өтө албай жатышабы? Өкмөт жооп берди
20:51
Коронавирус: КРдин РФтеги элчилигиндеги штаб күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат
20:48
Милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Өкмөттүн соңку маалыматы
20:45
Обсервацияга баары алынат. Сырттан келгендерди карантинге алуунун шарты өзгөрдү
20:39
Балалуу мамкызматкерлер кандай тартипте иштейт? Өкмөттүн жообу
20:32
Кол сунам дегендер болсо... Бишкек мэриясы ыктыярчыларды чогултууда
20:31
Кол сунам дегендер болсо... Бишкек мэриясы ыктыярчыларды чогултууда
20:29
Аэропортко жүргүнчүнү тосуп, узаткандар киргизилбейт! Штабдын эскертүүсү
19:51
Сыртта калган КР туристтеринин тагдыры кандай болот? Расмий жооп
19:42
Бишкек: коронавирус жуктургандар 24 жана 26 жаштагы жигиттер
19:41
Өзгөчө кырдаалда Бишкек — Ош жолу жабылабы? Өкмөттүн жообу
19:39
Бишкекте коронавирус жуктурган эки учур катталды
14:12
Жээнбеков Аксы окуясына карата кайрылуу жолдоду
14:10
Кыргызстандын жарандыгын алууну кимдер каалайт?
13:33
Бейөкмөт уюмдар КРдеги USAID ишмердүүлүгүн сындап жатат
13:31
Коронавирус өлкө казынасына кедергисин тийгиздиби? Жээнбековдун тапшырмасы
16:17
Кочкор: дезинфекция кылгандардан шек санап, фейк маалымат тараткан аял сурак берди
16:16
Коронавирус жакындады, баарына даяр турушубуз керек! Абылгазиев элге кайрылды
16:15
ИИМ: кыргызстандыктар менен бирге Европага героин ташыган чет элдиктер кармалды
15:43
Өкмөт ундун жана башка азык-түлүктүн баасына чектөө киргизет
Бардык кабарлар

Ультиматум тили кабыл алынбайт! Жээнбеков кечээки митинг тууралуу

Жаңылыктар / Аналитика
193
0

Президент Сооронбай Жээнбеков коомдогу тынчтык баарынан жогору турарын, бардык маселелер укуктук талаада чечилерин, ультиматум тили кабыл алынбастыгын айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы ал чакан курамда өткөргөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдиргенин кабарлады.

Президент мамлекеттик бийлик өлкөнүн экономикалык коопсуздугун бекемдеп, жарандардын тынч жашоосун камсыз кылууга милдеттүү экенин баса белгилеген. Ички иштер органдарына болгон биринчи кезектеги негизги талап - жарандардын тынчтыгын камсыз кылуу болуп саналарын кошумчалаган.

"Кечээ милиция кызматкерлери өздөрүнүн милдеттерин толук кандуу аткарышты. Алар шаардыктардын тынч жашоого болгон укугун коргоп, шаардагы тартипти камсыз кылышты. Мамлекет башчы катары, дагы бир жолу кайталап айтам, коомдогу тынчтык баарынан жогору турат. Бардык маселелер укуктук талаада чечилет, ультиматум тили кабыл алынбайт. Өлкөдө мыйзамдуулук сакталышы керек", — деген Жээнбеков.

Эске салсак, 2-мартта, саат 11:00дөр чамасында Бишкекте Садыр Жапаровду абактан чыгарууну талап кылып 1000ден ашык адам митингге чыккан. Анда чыгып сүйлөгөндөр саясатчыны бошотуу талабынан сырткары бийликти сындаган пикирлерин айткан. Алардын ичинен 10 кишиден турган топ президент Сооронбай Жээнбековго жолугуу үчүн барып, бирок аппарат кызматкери менен сүйлөшүп кайра келген.

Ал арада чогулган элдин бир тобу кээ бир уюштуруучулардын кебине кулак салбай Ак үйдү көздөй жөнөгөн. Ал жерден милиция менен тирешип калган. Бирок милиция демонстранттарды "Ала-Тоодон" басымы жогору суу, жаш агызуучу газ колдонуп сүрүп чыгарган.

Жээнбеков коопсуздук кеңешинин жыйынында коронавирус инфекциясынын дүйнөгө жайылып жатышынан улам өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу маселелерине да көңүл бурган.

 

Тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери бул багытта көрүлүп жаткан антикризистик чаралар, өлкө экономикасы үчүн кесепеттерди алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берген.

Президент өкмөткө тобокелчиликтер менен көйгөйлөрдү гана эмес, мүмкүнчүлүктөрдү дагы карап, продукцияны сатуу үчүн жаңы багыттар ачылса, кырдаалга ыкчам талдоо жүргүзүү жана ишкерлерге жардам кылуу зарылдыгын айткан.

Экономикалык коопсуздуктун тобокелчилигин, терс кесепеттерди азайтуу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарды натыйжалуу координациялоо максатында республикалык ыкчам штаб түзүү боюнча сунуштама берген.

Дагы: https://sputnik.kg/politics/20200303/1047264218/zheenbekov-koopsuzduk-zhiyynyn-otkordu.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно