Бүгүн:

Акыркы кабарлар

12:52
КРде кырдаал эң начар сценарий менен өнүгүп жатат. Министрлик COVID тууралуу
10:19
№1 шаардык оорукананын медигинин кайрылуусу боюнча башкы дарыгер текшерилет
10:18
Саламаттык сактоо министри менен орун басарынын абалы айтылды
13:38
Кыргызстанда дыйкандар быйыл эмне өстүрүү менен алек.
13:37
ЖК депутаттары 200 миң сом өлчөмүндө эмгек өргүү акчасын алганбы? Түшүндүрмө
13:33
COVID: муфтият бейтаптар үчүн 1500гө жакын орун даярдады
13:07
Жамгыр, добул жана кар жаайт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
13:05
600 орундуу “Гансиде” 5 эле кычкылтек концентратору барбы? Министрликтин жообу
13:01
Жээнбеков Бишкектеги күндүзгү стационарга барып, медиктерге жолукту.
12:57
Кесиптик орто окуу жайларга онлайн тапшыруунун жол-жобосу айтылды
12:55
Пандемия университетте окууга бөгөт эмес. Билимдин изи менен Россияга карай
12:53
Элге акысыз кеңеш берген психологдордун борбору түзүлдү. Телефон номерлери
16:13
Учурдун талабы! Боронов эмгек өргүүдөгү дарыгерлерден ишке чыгуусун өтүндү
16:05
Кыргызстанга дагы 200 мобилдик кычкылтек концентратору алып келинди
15:44
Облустар ооруну ооздуктоого кандай даярдык көрүүдө. Ачылган стационарлар
16:18
Боронов: коронавирустун жайылышын токтотуучу бир гана жол бар
16:17
Силерсиз ооруну жеңе албайбыз! Боронов медициналык билими барларды ишке чакырды
16:15
"Унаа" ишканасынын аймактагы бөлүмдөрү карантинге жабылды
16:05
Жээнбеков бир нече судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотту
16:02
Екатеринбургдан кайткан мекендештер менен чогуу медиктер да келди.
15:56
25 жыл "аралыктан" иштеген киши кантип өзгөрөт. Ойго салган сүрөт
15:34
Соль-Илецкиден жол тарткан мекендештердин экинчи тобу келди
15:33
Бишкекте ишкерлер менен ЖК депутаттары 5 күндүзгү стационар ачат
15:32
Кыйын кырдаалдан кантип чыгабыз? Жээнбеков берген тапшырмалардын тизмеси
15:29
ӨКМ обсервациядагылар кандай тамактанып жатканын көрсөттү.
14:19
Жээнбеков өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча пикирин айтты
14:18
Жээнбеков облустар аралык каттамды токтотууну сунуштады
14:15
Соль-Илецкиден 963 кыргызстандык Бишкекке алып келинди, дагы 12 автобус жолдо
14:04
"Ганси" базасында реанимациялык блок ачылды
14:04
Россиядан келген кыргыз дарыгерлери кайсы ооруканада иштей турганы айтылды
14:03
Түркиядан дагы 1 000 кычкылтек концентратору алып келинди
11:06
Бишкектеги ооруканада дарыгердин 12 метрлик сүрөтү тартылууда. Көрүнүшү
11:01
Жардам бергиле! Сабырбек Жумабеков олигархтарга кайрылды
10:51
Президент Жээнбеков кимдерди "эл душманы" деп атаарын айтты
15:26
Пандемияда кымбаттаган дарылар: чыга элек токтом, алакан жайган аптека ээси
15:17
Росавиация 1-августка чейин эл аралык каттамдарга тыюу салды
15:16
Новосибирскиден 186 кыргызстандык атайын каттам менен алып келинди
12:49
Билим берүү министрлиги 1-сентябрга кандай даярдык менен барарын айтты
11:54
Бишкекке Бангладештен 103 кыргызстандык жана коңшу өлкөнүн жарандары келди
11:48
Бишкекке Түркиядан 232 кыргызстандык кайтып келди. Арасында балдар бар
15:09
Бишкектин Октябрь районунун акими Ситников кызматынан бошотулду
14:28
Кыргызстанда РФ Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүүгө добуш берүү кандай өттү
11:28
"Гансиде" пневмония болгондорду кабыл алуу үчүн 600 орун даярдалды.
11:20
Мэр Суракматов: рейддин санын көбөйтүп, айып пулду эскертпестен салабыз!
11:19
Мэр Азиз Суракматов COVID-19дан айыгып, ишке чыкты
Бардык кабарлар

Суу алып жатканда көргөн... Борбор Азиянын ажолору сүйүүсүн кантип тапкан

Жаңылыктар / Аналитика
207
0

 Аны эл тандабаганы менен жолдошу такка келген соң өлкөдөгү биринчи аял катары баскан-турганын, кыял-жоругун, жада калса кийген кийимине чейин карап турушат. Кыскасы, жашоосу көпчүлүккө кызык.

Бүгүн Sputnik Кыргызстан аялдардын эл аралык күнүн утурлай Борбор Азиянын биринчи адамдарынын сүйүү баянын, тагыраагы, кантип табышып калганын билип көрүүнү чечти.

Баса, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен коңшу Казакстандын канайымы жок. Азыркы президент Касым-Жомарт Токаев жубайы Надежда Токаева менен ажырашып кеткен.

Кыргызстан

Президент Сооронбай Жээнбеков с супругой в ожидании зарубежных гостей
© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРЕЗИДЕНТА КР / СУЛТАН ДОСАЛИЕВ
Сооронбай Жээнбеков жана Айгүл Токоева

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун жары — Айгүл Токоева. Ачык булактагы маалыматтарга караганда, жолдошунан 10 жашка кичүү. Бир уул, кыз кыздын энеси. Жубайлардын сүйүү мамилеси өтө романтикалуу жагдайда башталган.

Айгүл айым чырайлуу, токтоо, ашыкча сүйлөбөгөн кыз болгондуктан мектепти аяктары менен куда түшкөндөр көп болгондугу айтылат. Атасы "кызымды окутам" деп эч кимисине макул болгон эмес дешет. Ошол кезде сегиз чакырым аралыкта жайгашкан Биймырза айылынын ал кездеги зоотехниги Сооронбай Жээнбеков Токоева туулуп-өскөн Биринчи Май аркылуу жайлоого каттап, иштеп жүрөт. Бир ирет жаш адис унаа менен бара жатып жол жээгинде суйкайган сулуу кыз суу алып жатканын көрөт. Бирок таанышайын деп автоунаасын токтотуп келгиче таппай калат. Ошондо ары жактагы дүкөнгө кире калып, Шарапат аттуу сатуучудан "азыр эле көргөн, периштедей болгон кыздын" дайын-дарегин сурайт. Акыры ошол Шарапат жеңенин жардамы менен селкинин аты Айгүл, кимдин кызы экендигин билет. Көп өтпөй бийкечке болочоктогу кайненеси келип сөйкө салып, үлбүрөгөн жаш кыз Жээнбековдордун босогосун аттайт.

Өзбекстан

Глава Узбекистана Шавкат Мирзиёев и первая леди Узбекистана Зироатхон Хошимова
© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРЕЗИДЕНТА КР / СУЛТАН ДОСАЛИЕВ
Шавкат Мирзиёев жана Зироатхон Хошимова

Өзбекстандын канайымы Зироатхон Хошимова чырайлуу жүзү, өзүнө жарашыктуу кийинүү стили менен көпчүлүккө жагат. Кесиби боюнча инженер-экономист. Ал Ташкенттеги Ирригация жана мелиорация институтунда окуган. Жолдошу менен дал ошол студенттик жылдары таанышкан. Институтта Шавкат Мирзиёев комсомолдор комитетинин катчысы, ал эми Хошимова жакшы окуган студенттердин бири болгон. Экөө кыз-жигит болуп кол кармашып жүрө баштаганда, окуу жайдагылар аларга суктанып жарашыктуу жана интеллектуалдуу түгөйлөр деп атап коюшчу.

Бирок экөөнүн баш кошуусуна кыз тарап каршы болгон. Айрыкча Зироатхондун чоң атасы менен чоң апасы макул болбой, жаштар Мирзиёевдин өжөрлүгүнүн аркасы менен сүйүүсүнө жеткен экен. Учурда Зироатхон айым кесиби боюнча эч жерде иштебейт, үй кожойкеси. Жолдошуна эки кыз, бир уул төрөп берген.

Тажикстан

Президент Таджикистана Эмомали Рахмон в Бободжон Гафуровском районе Согдийской области вместе с супругой и внуками собрал фрукты Боги миллии Вахдата
© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА ПРЕЗИДЕНТА ТАДЖИКИСТАНА
Эмомали Рахмон жана Азизмо Асадуллаева

Тажик президенти Эмомали Рахмоновдун үй-бүлөсү чоң. Жубайы Азизмо Асадуллаева экөө жети кыз, эки уулду тарбиялашкан. Бирок канайым тууралуу эмнегедир ачык маалыматтар аз. Андыктан жубайлардын качан жана кантип таанышканы дагы белгисиз. Ал жолдошун чет элдик сапарларда жана расмий иш-чараларда көп коштобойт. Анткен менен былтыр жергиликтүү ЖМКлар Рахмон Согди облусунун Бободжан Гафуров районундагы "Боги миллии Вахдата" бакчасына барып жубайы жана неберелери менен мөмө-жемиш терип жүргөн сүрөттөрүн жарыялаган.

Түркмөнстан

Президент Туркменистана Гурбангулы Бердымухамедов голосует на избирательном участке во время президентских выборов в Ашхабаде. 12 февраля 2017 года
© AFP 2019 / IGOR SASIN
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымуxамедов

Эл көзүнөн оолак, табышмактуу каныйымдардын бири — Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымуxамедовдун жубайы Огулгерек Бердымуxамедова. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, бир топ жылдан бери Лондон шаарында жашайт. Үч кыз, бир уулдун апасы. Мындан тышкары, ал жолдошу менен жашташ экени айтылат.

Дагы: https://sputnik.kg/asia/20200308/1047314982/borbor-aziyanyn-kanjymdary-tuuraluu.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно