Бүгүн:

Акыркы кабарлар

12:52
КРде кырдаал эң начар сценарий менен өнүгүп жатат. Министрлик COVID тууралуу
10:19
№1 шаардык оорукананын медигинин кайрылуусу боюнча башкы дарыгер текшерилет
10:18
Саламаттык сактоо министри менен орун басарынын абалы айтылды
13:38
Кыргызстанда дыйкандар быйыл эмне өстүрүү менен алек.
13:37
ЖК депутаттары 200 миң сом өлчөмүндө эмгек өргүү акчасын алганбы? Түшүндүрмө
13:33
COVID: муфтият бейтаптар үчүн 1500гө жакын орун даярдады
13:07
Жамгыр, добул жана кар жаайт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
13:05
600 орундуу “Гансиде” 5 эле кычкылтек концентратору барбы? Министрликтин жообу
13:01
Жээнбеков Бишкектеги күндүзгү стационарга барып, медиктерге жолукту.
12:57
Кесиптик орто окуу жайларга онлайн тапшыруунун жол-жобосу айтылды
12:55
Пандемия университетте окууга бөгөт эмес. Билимдин изи менен Россияга карай
12:53
Элге акысыз кеңеш берген психологдордун борбору түзүлдү. Телефон номерлери
16:13
Учурдун талабы! Боронов эмгек өргүүдөгү дарыгерлерден ишке чыгуусун өтүндү
16:05
Кыргызстанга дагы 200 мобилдик кычкылтек концентратору алып келинди
15:44
Облустар ооруну ооздуктоого кандай даярдык көрүүдө. Ачылган стационарлар
16:18
Боронов: коронавирустун жайылышын токтотуучу бир гана жол бар
16:17
Силерсиз ооруну жеңе албайбыз! Боронов медициналык билими барларды ишке чакырды
16:15
"Унаа" ишканасынын аймактагы бөлүмдөрү карантинге жабылды
16:05
Жээнбеков бир нече судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотту
16:02
Екатеринбургдан кайткан мекендештер менен чогуу медиктер да келди.
15:56
25 жыл "аралыктан" иштеген киши кантип өзгөрөт. Ойго салган сүрөт
15:34
Соль-Илецкиден жол тарткан мекендештердин экинчи тобу келди
15:33
Бишкекте ишкерлер менен ЖК депутаттары 5 күндүзгү стационар ачат
15:32
Кыйын кырдаалдан кантип чыгабыз? Жээнбеков берген тапшырмалардын тизмеси
15:29
ӨКМ обсервациядагылар кандай тамактанып жатканын көрсөттү.
14:19
Жээнбеков өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча пикирин айтты
14:18
Жээнбеков облустар аралык каттамды токтотууну сунуштады
14:15
Соль-Илецкиден 963 кыргызстандык Бишкекке алып келинди, дагы 12 автобус жолдо
14:04
"Ганси" базасында реанимациялык блок ачылды
14:04
Россиядан келген кыргыз дарыгерлери кайсы ооруканада иштей турганы айтылды
14:03
Түркиядан дагы 1 000 кычкылтек концентратору алып келинди
11:06
Бишкектеги ооруканада дарыгердин 12 метрлик сүрөтү тартылууда. Көрүнүшү
11:01
Жардам бергиле! Сабырбек Жумабеков олигархтарга кайрылды
10:51
Президент Жээнбеков кимдерди "эл душманы" деп атаарын айтты
15:26
Пандемияда кымбаттаган дарылар: чыга элек токтом, алакан жайган аптека ээси
15:17
Росавиация 1-августка чейин эл аралык каттамдарга тыюу салды
15:16
Новосибирскиден 186 кыргызстандык атайын каттам менен алып келинди
12:49
Билим берүү министрлиги 1-сентябрга кандай даярдык менен барарын айтты
11:54
Бишкекке Бангладештен 103 кыргызстандык жана коңшу өлкөнүн жарандары келди
11:48
Бишкекке Түркиядан 232 кыргызстандык кайтып келди. Арасында балдар бар
15:09
Бишкектин Октябрь районунун акими Ситников кызматынан бошотулду
14:28
Кыргызстанда РФ Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүүгө добуш берүү кандай өттү
11:28
"Гансиде" пневмония болгондорду кабыл алуу үчүн 600 орун даярдалды.
11:20
Мэр Суракматов: рейддин санын көбөйтүп, айып пулду эскертпестен салабыз!
11:19
Мэр Азиз Суракматов COVID-19дан айыгып, ишке чыкты
Бардык кабарлар

Кадырбеков: көчөдө кыйкырып аялдардын укугун кантип коргорун түшүнгөн жокмун

Жаңылыктар
143
0

Депутат Курманкул Зулушев парламенттин жыйынында маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбековдон 8-марттагы феминисттердин жүрүшү боюнча пикирин сурады.

Эл өкүлү андан маданият тармагынын жетекчилеринин бири катары пикирин билүүгө кызыгып: "Бул жерде кимисиники туура болуп жатат?" - деп суроо салды.

Кадырбеков жүрүшкө чыккандардын максаты ажиотаж, сенсация жаратуу болгонун боолголоп, алар кайсы бир деңгээлде максатына жетти деп эсептерин айткан.

"Жакшыны айтып жай, жаманды айтпай жой" деген жакшы сөз бар. Мен алардын максаты ажиотаж, сенсация кылуу болду окшойт деп ойлойм. Мамлекет чара көрөрүн, ошондон кийин уу-дуу сөз болорун билишкен. Муну менен алар кайсы бир деңгээлде максатына жетти ойлоп жатам. Ошол эле мезгилде 8-мартты биз аялдарга гүл, белек берген, көңүлүн көтөргөн күн катары билчү элек. Жарык маанай тартуулаган күн болчу да. Анан аялзатынын укугун көчөгө чыгып кыйкырып, кантип коргойбуз? Ошонун логикасын түшүнө алган жокмун. Өздөрү чыктыбы, артында кимдер турат?... "Кыргызда эркек уулду, аял улутту тарбиялайт" деген макал бар. Аларды (жүрүшкө чыккан аялдарды — ред.) көргөндө менде жагымдуу таасир калбады. Башкача жол менен аялдардын укугун биз деле коргойлу, улуттун салты, менталитети, баалуулуктары бар. Балким башкачараак жолду тандаса жакшы болмок деп эсептейм", — деди Кадырбеков.

 

Андан соң Зулушев үрп-адат, каада-салт боюнча мектеп курагындагылар үчүн көркөм чыгармалар көп чыгарылса "мен төрөбөйм, мен чай куйбайм" дегендерге жакшы жооп болмоктугун айтты.

 

Эске салсак, 8-март күнү аялдардын укугун коргоо жана зомбулукка каршы маршка чыккан феминисттерге белгисиз адамдар тоскоолдук кылып, акырында кыз-келиндерди милиция кармап кеткен.

Мындан улам алар конституциялык укуктарынын бузулушуна каршылыгын билдирип 10-мартта кайра тынчтык митингин өткөрүштү.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20200311/1047340087/nurzhigit-kadyrbekov-marsh-pikir-ayal.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно