Өзбекстандын Чек ара иштери боюнча өкүлдөрү бүгүн Кыргызстанга кайрылып, Сох анклавына тик учакта өтүүгө уруксат сурады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Өзбек тарап кабарлагандай, алардын аскер кызматкери Сох анклавында автокырсыкка кабылган. Аны Өзбекстандын негизги аймагына алып кетүү үчүн Кыргызстан аркылуу тик учакта өтүү керек. Кыргызстан коңшулардын суранычына макулдук берди.
Өзбекстандын Сох анклавы Кыргызстандын ичинде жайгашкан.