Кызыл-Кыя шаарындагы консерва заводунун кароолчусун жердеши башына кыш менен уруп, жип менен муунтуп өлтүргөн.
2017-жылдын 17-январь күнү саат 11:30дар чамасында Кызыл-Кыя ШИИБнин нөөмөт бөлүмүнө шаардын Ак-Булак айылындагы эски консерва заводунун имаратынын кароолканасынын ичинде белгисиз эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында бул жансыз дененин өздүгү аныкталып, ал эски консерва заводунун имаратынын кароолчусу, Кызыл-Кыя шаарынын Ак-Булак айылынын тургуну, 1935-жылы туулган Сагынбай Эргашев экендиги аныкталган.
баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдиргендей окуя 16-январь күнү кечки саат 21:00дөр чамасында болгон. Анда Сагынбай Эргашевдин иштеген жерине Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 1987-жылы туулган Нурбек Кубатов барган. Сагынбай менен Нурбек өз ара пикир келишпестен уруша кетишет. Ошол убакта Нурбек Кубатов Сагынбай Эргашевди уруп жерге жыгытып, андан кийин башына кыш (кирпич) менен уруп жиберет. Башынан катуу жабыркаган Сагынбай Эргашев өзүн жоготкон учурда, Нурбек Кубатов жип менен мойнунан муунтуп өлтүрүп, окуя болгон жерден изин жашырып кетет.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилген.