Бүгүн:

Акыркы кабарлар

10:28
Министрлик бүтүрүүчүлөр аттестатты акысыз аларын эскертти
10:16
Россиянын ЖОЖдору пандемияга карабай кыргызстандык студенттерди кабыл алат
17:01
Коронавирустан коргоочу кол кап кандай болушу керек? Адистин пикири
16:42
Кыргыз-өзбек чек арасындагы чыр. Коңшу өлкөнүн ТИМи үн катты
11:38
Ата-энелер мектеп фондуна акча чогултулуп жатканын айтууда. Министрлик эмне дейт?
15:38
1-июндан тарта Кыргызстандагы бардык мамлекеттик органдар иштей баштайт
15:28
"Спартак" стадионунда машыгууга уруксат берилип, бирок бир шарт коюлду
14:59
Нарын облустук ооруканасы курчалып, төрт бөлүмү жабылды
14:14
Телеканалдарды балдарга туура келбеген контент үчүн жазалоо сунушталды
14:11
Бишкек менен Чүйдөгү 8 мектепте медициналык иш бөлмөлөр ачылат
14:05
Мумия, жасалма сүрөт. Министр Жаманкулов жоголгон экспонаттар тууралуу айтты
13:56
Аким: Октябрь акимиатынын кызматкерлеринен коронавирус табылган жок
13:16
Кыргызстан боюнча карантиндик канча пост калды. Министрликтин жообу
12:23
COVID-19: РФтин мамлекеттик мекемеси КМШ өлкөлөрүнө видеокеңештерин берет
11:23
Япония Кыргызстан баш болгон 11 өлкөнүн жарандарына кирүүгө тыюу салды
11:15
Электр энергиясына коюлган жаңы тариф 1-июлдан тарта күчүнө кирет
14:03
Индиядан чартердик каттам менен 22 кыргызстандык келди
13:56
Ак-Талаа менен Ат-Башыдагы катуу шамал имараттардын чатырын учуруп кетти
17:05
Кыргыз-өзбек чек арасында күчү 3,5 баллга жетип, жер титиреди
13:11
Эртеңден тарта иштечү соода борборлору менен базарларга талап коюлду
13:08
Мурдагыдай эле иштөөсүнө тыюу салынган тармактар айтылды.
13:07
Кыргызстанда электр энергиясына айрым тарифтер өзгөртүлөт
12:57
Дагы 12 киши коронавирусту жеңип чыкты
12:44
Жети-Өгүздө төрөт үйүн обсервацияга айландыруу чечими жокко чыгарылды
12:11
Коомдук транспорт 25-майдан баштап эл ташыйт. Талаптар
12:10
"Дордой" баштаган ири базарлар ишке кирет. 25-майдан тарта жанданчу тармактар
12:09
Боронов сырттан келгендерге кайрылып, медиктердин талабын аткарууну өтүндү
12:08
Көбөйүп жатат. 32 жүк ташуучу айдоочудан коронавирус табылды
14:42
КР энергетикасы жар учунда турат. Эксперттин билдирүүсү
14:34
Чуу салса эле обсервациядан чыгабы? "Гансидеги" жаңжал боюнча Үсөнбаевдин жообу
14:31
Нарында 8 милиция кызматкеринен коронавирус чыкты
13:18
Путин Россиядагы мусулмандарды Орозо айтты үйдөн белгилөөгө чакырды
12:40
Өлкөдө кооптуу кырдаал сакталып турат. Жээнбеков Бороновду кабыл алды
12:36
23ү каттоого жетишпей калган. Аскат Алиев мекенге келген мигранттар боюнча үн катты
12:33
20-майда Оренбургдан мекендештердин дагы бир тобу алып келинет
12:32
Обсервацияда чуу салгандар менен министрликтин өкүлдөрү жолукту.
12:31
Абылгазиев обсервацияда чуу салган жарандарга кайрылды
12:28
Шектүүлөр текшерилет. Облус башчысы Ысык-Көлгө кирип-чыгуу шарты тууралуу
11:08
Россия Кыргызстанга ракеталык комплекс жана тик учак берери пландалууда
10:55
АКШ коронавирусту организмге жолотпой "чыгарып салган" антителону тапты
10:33
Москвадан 402 кыргызстандык учуп келет. Арасында майып, оорулуулар бар
09:41
Антисептикалык каражаттын ордуна айнек жуугуч. Мэрия тартип бузгандарга айып салды
12:26
Чет өлкөдөн кайткан жарандар текшерүүгө кантип алынарын штабдан айтып беришти
12:12
Эки күндө Санкт-Петербург шаарынан 312 кыргызстандыкты алып келишти
12:08
Өткөн сутканын ичинде 38 адам коронавирустан айыгып чыкты
Бардык кабарлар

Сапар Исаков кайрадан №1 тергөө абагына которулду

Жаңылыктар
59
0

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Петровка айылындагы №8 түзөтүүчү колониясынан №1 тергөө абагына которулду. Маалыматты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан тастыкташты.

Ведомстводон билдиришкендей, мындай чечимди бүгүн Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Ал эми Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакуновдун айтымында, алар соттун мындай чечимине каршы болууда.

"Биз башынан эле Исаковду мамлекеттик сырды билген кызматкер катары УКМКнын тергөө абагында кармоону өтүнгөнбүз. Петровкага которордо да сотко кайрылган элек. Эми кайра ары-бери сүйрөп, №1 тергөө абагына алып келишти. Бул жакта коронавирус аныкталгандыктан, жактоочулар кирип өзү менен сүйлөшө албайбыз”, — деди Токтакунов.

 

Эске салсак, апрель айында мурдагы премьер-министр №1 тергөө абагынан Петровка айылындагы №8 түзөтүүчү колонияга которулган.

 

Белгилей кетсек, 2019-жылдын декабрь айында Сапар Исаков Свердлов райондук сотунун чечими менен 15 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланган. Ал Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо коррупциялык иштерге барган деп айыпталган.

Ал эми Бишкектеги Тарых музейин реконструкциялоодогу коррупциялык иштер боюнча сот жүрүп жатат.


Сапар Исаков Тарых музейи боюнча соттук ишке катышуудан баш тартты

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков. Архивдик сүрөт

Сапар Исаков Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо коррупциялык иштер боюнча Свердлов райондук сотунун чечими менен 15 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми Бишкектеги Тарых музейин реконструкциялоодогу коррупциялык иштер боюнча сот жүрүп жатат.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотундагы өндүрүшкө катышуудан баш тартып, бүгүнкү отурумга катышкан жок. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

"Сапар Исаков №1 тергөө абагына которулаары менен Биринчи май райондук сотунун судьясына ишти ансыз эле карай берүүсүн билдирип, арыз жазган", — деп айтылат ЖАМКтын билдирүүсүндө.

Ал эми Биринчи май райондук сотунан отурум кийинкиге жылдырылганын билдиришти.

"Тарых музейин реконструкциялоодогу коррупциялык кылмыштарга айыптоо боюнча жазык иши каралууда. Айыпталуучу Сапар Исаковдун келбегендигине байланыштуу соттук териштирүү 19-майга жылдырылды", — деп айтылат соттун маалыматында.
Эске салсак, апрель айында мурдагы премьер-министр №1 тергөө абагынан Петровка айылындагы №8 түзөтүүчү колонияга которулган. Ал эми 12-май күнү ал кайрадан мурда жаза өтөгөн абакка кайтарылганы айтылган.

 

Белгилей кетсек, 2019-жылдын декабрь айында Сапар Исаков Свердлов райондук сотунун чечими менен 15 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланган. Ал Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо коррупциялык иштерге барган деп айыпталган.

Ал эми учурда Бишкекте Тарых музейин реконструкциялоодогу коррупциялык иштер боюнча сот жүрүп жатат.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20200512/1048265244/sapar-isakov-sottuk-ishke-katyshuudan-bash-tartty.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно