Орусиянын, Түркиянын жана Ирандын делегациялары бүгүн Казакстан борборунда башталчу Сириядагы элдешүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн алдында Астанага чогула башташты.
Сүйлөшүүлөр Сирия президенти Башар Асаддын өкмөтү менен оппозициялык топтордун ортосундагы ок атууну токтотуу боюнча макулдашууну бекемдөөгө багытталган. Тараптарга ыктымал кол коюлчу документтерди иштеп чыгуу сунушталууда.
Астанадагы сүйлөшүүлөргө Кошмо Штаттардын атынан АКШнын Казакстандагы элчиси Жорж Кролл катышат. Ошондой эле ага БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стеффан де Мистуранын да барары күтүлүүдө.
Сирия оппозициясы Астанага 50 чакты кишиден турган делегациясын жөнөттү. «Интерфакс» агенттиги өз булактарына шилтеме кылып, сириялык оппозиция Дамасктан Астанадагы сүйлөшүүлөргө алгач пландалгандай аскер адамдары эмес, саясатчылардын барганына нааразылыгын билдирип жатканын жазды.
Казакстан ТИМи сүйлөшүүлөр 24-январда түшкөн кийин аяктап, соңунда жыйынтыктоочу маалымат жыйыны өткөрүлүшү керектигин билдирди.