Бүгүн:

Акыркы кабарлар

15:49
Билим берүү министрлиги: бизге болгон элдин ишеними 7%га жогорулады
11:12
Казакстан Россиядагы кыргызстандыктарга "жашыл коридор" ачууга макул болду
16:08
Бишкек менен Ташкент мэриялары кайсы тармакта кызматташары айтылды
16:03
Бир партия 105 млн. сом. Шайлоого аттангандар канча каражат короткону айтылды
15:32
Жээнбеков элди Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, максаттары тууралуу айтты
15:18
Россия Кыргызстан катышкан темир жол долбооруна кызыгып, диалог курууда
12:35
КР — РФ эриш-аркак жылын жыйынтыктоону 2021-жылга жылдыруу сунушталды
12:32
22 миң рубль. Москва — Бишкек каттамына авиабилеттердин октябрдагы баасы айтылды
12:30
Өзгөндө 200 орундуу мектеп курулуп, пайдаланууга берилди.
15:28
Штаб: коомдук жайларда бет кап тагынбагандар эми жазаланышы мүмкүн
15:21
Оренбургга 3200дөй кыргызстандык чогулуп калды. Казакстан жооп бере элек
15:20
Россия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина жөнөтүүнү көздөп жатат
15:12
Кыргызстан Россиядан кызылчага каршы вакцина алат
15:09
Күз — айлыкты көтөртүүгө эң сонун учур. Адис себебин айтты
14:52
Жээнбеков Араванда үгүт учурунда чыккан мушташ боюнча оюн айтты
14:39
Кыргызстандан чет өлкөлөргө ачылган каттамдардын тизмеси
13:30
Паспорт, күбөлүк, транспорт боюнча кеңеш берген атайын номерлер ишке кирди
13:28
Кара-Кечеде көчкү түшкөн аймакка убактылуу жол салынды
13:25
Жээнбеков КР жарандыгы боюнча 4 жарлыкка кол койду
15:58
Россияга барыш үчүн кыргызстандыктар ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек
13:16
БШК: көпчүлүк “баарына каршы” добуш берсе да ушул партиялар кайра шайлоого катышат
12:30
ИИМ жөлөк болуп чогуу жүргөн кызматтык иттери тууралуу айтып берди.
12:17
Кыргызстандын бийлиги этти экспорттоого тыюу салууну талкуулап жатат
12:12
"Варламов, рахмат!" Бишкек мэриясы флешмоб уюштурду.
11:51
Улуу талант Калыйбек Тагаевдин сөөгү жерге берилди
11:49
Кар жаап салган ашуулардагы жолдор тазаланды.
10:51
65 млн. сомдук зыян. Мурдагы министр Чолпонбаев эки айга тергөө абагына камалды
15:41
Кыргыз-казак чек арасынан жүк ташуучуларды текшерүүсүз өткөрүү макулдашылды
15:18
Кыргыз эл артисти Калыйбек Тагаев көз жумду
15:17
Эми кыргызстандыктар Казакстанга учак менен гана бара алышат
15:07
Кара-Кечедеги трассаны тазалоо мүмкүн болбой калды. Айланма жол курулат
12:14
Бюджеттик негиздеги окууга канча этникалык кыргыз өткөнү айтылды
12:07
Бийлик уруксат берген. Чаткалда алтын казган компания арчаларды кыюуда
11:17
Шайлоо бюллетендерин кайсы ишкана басып чыгарары белгилүү болду
11:16
Мурдагы министр Чолпонбаевге козголгон кылмыш иши тууралуу эмне белгилүү
11:15
Экс-министр Космосбек Чолпонбаев кармалды
11:13
Адис: коронавирусту кайталап жуктургандар жокко эсе болуп чыкты
11:09
Экинчи толкунга даярдыкпы? Бийлик дарынын 65 түрүн камдай баштады
10:58
Кыргызстанда окуучулар октябрдан тарта мектепке бара башташы мүмкүн
10:12
Боронов жаңы ооруканалардын курулушунан шек санап, өзү көзөмөлдөмөй болду
10:10
Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакцина алып келинди
09:57
Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы каттам 20-сентябрда жанданат
09:54
Түндө Алайда жер титиреди
09:53
Кыргызстандыктарга КРВИ менен сасык тумоону алдын алууну айтып беришти
16:21
Жети-Өгүздүн мурунку акими "Кыргыз почтасын" жетектемей болду
Бардык кабарлар

Москвадан 402 кыргызстандык учуп келет. Арасында майып, оорулуулар бар

Жаңылыктар
143
0

Россиянын Москва шаарынан Бишкекке чартердик каттам менен 402 мекендеш учуп кетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өлкөгө жөнөтүлгөндөрдүн арасында бейтаптар, майыптар бар.

"Чартердик рейс менен учуп кеткен мекендештердин ичинен 123ү онкологиялык, бөйрөк, жүрөк оорусу бар бейтаптар, сегизи майып. Мындан сырткары, 34 улгайган адам, 94 кош бойлуу аял, 77 жашы жете элек балдар жана алардын ата-энеси, хостелде жашап жаткан 49 жаран мекенге кетишти. Бардык бейтаптардын тийиштүү документтери болгон", — деп жазылат билдирүүдө.

 

Элчилик чартердик каттам менен кетүү үчүн кезекте дагы 1000ден ашык киши турганын, арасында кош бойлуулар, өнөкөт ооруга кабылган бейтаптар бар экенин баса белгилеп, алардан бир аз чыдап, күтө турууну өтүндү.

 

"Жогорудагы категорияга кирген кыргыз жарандары май-июнь айларынын ичинде Кыргызстанга жөнөтүлөт. Майдын аягынан баштап Россиядан Кыргызстанга жума сайын чартердик каттам уюштурулуп турмакчы", — деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Дипломатияык өкүлчүлүк Оренбург облусунун Бузулук районунда калган кыргызстандыктар боюнча да маалымат берип, азыркы тапта Бишкекке чартердик каттам уюштуруу маселеси чечилип жатканын кошумчалады.

"Бул каттам менен 200дөй жаран мекенге жиберилет. Биринчи кезекте тизмеге оорулуулар, улгайгандар, кош бойлуулар кирет. Азыркы учурда кетчүлөрдүн тизмесин түзүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн ал жакка элчиликтен тажрыйбалуу дипломаттар жөнөп кетти", — деп айтылат билдирүүдө.

Өкүлчүлүк Казакстандын чек арасы дагы эле жабык экенин эскертти.

Белгилей кетсек, жакында эле Россиянын Санкт-Петербург шаарынан 312 кыргызстандык алып келинген.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1138 болду. Анын ичинен 804ү айыгып, 14 киши каза тапкан.

 

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Көбү бейтап. Бүгүн Москвадан 400дөй кыргызстандык учуп келди
Бүгүн, 17-майда, Москва — Бишкек чартердик каттамы менен 378 кыргызстандык өлкөгө кайтарылды

Буга чейин Кыргызстандын Россиядагы элчилиги өлкөгө жөнөтүлгөндөрдүн арасында бейтаптар, майыптар, кош бойлуулар бар экендигин билдирген.

17-майда, Москва — Бишкек чартердик каттамы менен 378 кыргызстандык өлкөгө кайтарылды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Прилет чартерного рейса Москва — Бишкек, в котором были доставлены 378 кыргызстанцев
© ФОТО / РЕСПУБЛИКАНСКИЙ ШТАБ КР ПО БОРЬБЕ С COVID-19
Бүгүн, 17-майда, Москва — Бишкек чартердик каттамы менен 378 кыргызстандык өлкөгө кайтарылды

Ага ылайык, мекендештерди "Аэрофлот" авиакомпаниясы алып келди.

Буга чейин Кыргызстандын Россиядагы элчилиги өлкөгө жөнөтүлгөндөрдүн арасында бейтаптар, майыптар, кош бойлуулар бар экендигин билдирген.

Буга чейин 12-майда Россиядагы КРдин элчилигинин имаратынын алдына кыргызстандыктар чогулуп, нааразылыгын билдирген. Алар Москвадан Кыргызстанга алып кетүү талабын коюшкан. 14-майда Москвадан 147 кыргызстандык мекенге кайтарылган болчу.

Бишкектен Москвага 400дөй РФ жараны учуп кетти
Аэрофлот компаниясынын учагы. Архив

Эскерте кетсек, бүгүн Россиянын баш калаасынан Кыргызстандын 400гө чукул жараны учуп келген болчу.

Бишкектен Москвага 400дөй россиялык жаран "Аэрофлоттун" чартердик каттамы менен учуп кетти. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун сайтында маалымдалды.

Ушул эле компаниянын каттамы менен бүгүн Москвадан Бишкекке 378 кыргызстандык келди.

Буга чейин Россиянын Кыргызстандагы элчилиги өз жарандарын чыгарып кетүү боюнча аракеттер башталганын билдирген болчу.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20200517/1048334736/moskvaga-400-rf-zharany-uchup-ketti.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно