Бүгүн:

Акыркы кабарлар

14:14
Телеканалдарды балдарга туура келбеген контент үчүн жазалоо сунушталды
14:11
Бишкек менен Чүйдөгү 8 мектепте медициналык иш бөлмөлөр ачылат
14:05
Мумия, жасалма сүрөт. Министр Жаманкулов жоголгон экспонаттар тууралуу айтты
13:56
Аким: Октябрь акимиатынын кызматкерлеринен коронавирус табылган жок
13:16
Кыргызстан боюнча карантиндик канча пост калды. Министрликтин жообу
12:23
COVID-19: РФтин мамлекеттик мекемеси КМШ өлкөлөрүнө видеокеңештерин берет
11:23
Япония Кыргызстан баш болгон 11 өлкөнүн жарандарына кирүүгө тыюу салды
11:15
Электр энергиясына коюлган жаңы тариф 1-июлдан тарта күчүнө кирет
14:03
Индиядан чартердик каттам менен 22 кыргызстандык келди
13:56
Ак-Талаа менен Ат-Башыдагы катуу шамал имараттардын чатырын учуруп кетти
17:05
Кыргыз-өзбек чек арасында күчү 3,5 баллга жетип, жер титиреди
13:11
Эртеңден тарта иштечү соода борборлору менен базарларга талап коюлду
13:08
Мурдагыдай эле иштөөсүнө тыюу салынган тармактар айтылды.
13:07
Кыргызстанда электр энергиясына айрым тарифтер өзгөртүлөт
12:57
Дагы 12 киши коронавирусту жеңип чыкты
12:44
Жети-Өгүздө төрөт үйүн обсервацияга айландыруу чечими жокко чыгарылды
12:11
Коомдук транспорт 25-майдан баштап эл ташыйт. Талаптар
12:10
"Дордой" баштаган ири базарлар ишке кирет. 25-майдан тарта жанданчу тармактар
12:09
Боронов сырттан келгендерге кайрылып, медиктердин талабын аткарууну өтүндү
12:08
Көбөйүп жатат. 32 жүк ташуучу айдоочудан коронавирус табылды
14:42
КР энергетикасы жар учунда турат. Эксперттин билдирүүсү
14:34
Чуу салса эле обсервациядан чыгабы? "Гансидеги" жаңжал боюнча Үсөнбаевдин жообу
14:31
Нарында 8 милиция кызматкеринен коронавирус чыкты
13:18
Путин Россиядагы мусулмандарды Орозо айтты үйдөн белгилөөгө чакырды
12:40
Өлкөдө кооптуу кырдаал сакталып турат. Жээнбеков Бороновду кабыл алды
12:36
23ү каттоого жетишпей калган. Аскат Алиев мекенге келген мигранттар боюнча үн катты
12:33
20-майда Оренбургдан мекендештердин дагы бир тобу алып келинет
12:32
Обсервацияда чуу салгандар менен министрликтин өкүлдөрү жолукту.
12:31
Абылгазиев обсервацияда чуу салган жарандарга кайрылды
12:28
Шектүүлөр текшерилет. Облус башчысы Ысык-Көлгө кирип-чыгуу шарты тууралуу
11:08
Россия Кыргызстанга ракеталык комплекс жана тик учак берери пландалууда
10:55
АКШ коронавирусту организмге жолотпой "чыгарып салган" антителону тапты
10:33
Москвадан 402 кыргызстандык учуп келет. Арасында майып, оорулуулар бар
09:41
Антисептикалык каражаттын ордуна айнек жуугуч. Мэрия тартип бузгандарга айып салды
12:26
Чет өлкөдөн кайткан жарандар текшерүүгө кантип алынарын штабдан айтып беришти
12:12
Эки күндө Санкт-Петербург шаарынан 312 кыргызстандыкты алып келишти
12:08
Өткөн сутканын ичинде 38 адам коронавирустан айыгып чыкты
11:53
Каркыра жайлоосуна милиция посту ачылды. Эмне иш аткарат?
11:43
Отунбаева COVID-19дун вакцинасын бекер таратууга чакырган документке кол койду
11:38
Жайкы сезондо акча тапкан көлдүктөр быйыл эмне болот. Ички туризмге үмүт артып
16:16
Ат-Башыда коронавирус жуктургандардын 90%дан ашыгы айыкты
16:14
Министрлик киришти! Нарында төрөт үйүндө вирустун жайылышын комиссия иликтөөдө
16:04
Түркиядан Кыргызстанга 330 мекендеш алып келинди
16:03
Суу кечип, куюнда калып, Нарын суусунун үстүнөн зым тарткан энергетиктер
15:50
Коронавирус Нарында жайылууда. Оору катталган район, шаарлардын тизмеси
Бардык кабарлар

Чуу салса эле обсервациядан чыгабы? "Гансидеги" жаңжал боюнча Үсөнбаевдин жообу

Жаңылыктар
69
0

Соль-Илецкиден келген жарандар чуу чыгарганы үчүн үй карантинине чыгарылган жок. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, обсервациядагы мигранттар атайын бекитилген алгоритмге ылайык, эки жолу кайталап анализ алынгандан кийин чыгарылган.

"Мөөнөтү бүткөнгө чейин чыдабай нааразычылык билдиргени башка маселе. Биздин чечим обсервацияга алынгандардын маанайынан же башка факторлордон көз каранды эмес. Алар чуу чыгарабы же башка аракеттерди жасайбы, биз өзүбүздүн чараларды көрүп, алгоритмди аткарабыз. Обсервацияга жаткысы келбегени, өз акылына жараша тыянак чыгарганы менен эч нерсе өзгөрбөйт. Биз барып түшүндүрүү иштерин жүргүздүк, алар "бузук телефон” болуп кеткендиктен чуу чыгарышкан. Мындан кийин келгендер дагы биз бекиткен талаптарды так аткарууга милдеттүү болот”, — деди Үсөнбаев.

Ошондой эле ал обсервациядан чыккандарды жашаган регионуна жеткирүү үчүн атайын транспорт уюштурулганын белгиледи. Ар биринин уюлдук телефонуна тиркеме орнотулду, үй карантининде көзөмөлгө алынат. Обсервациядан чыгып бара жаткан жарандар өзүнө милдеттемелерди алып, кол кое турганы белгиленди.

Белгилей кетсек, кечээ, 18-майда, мурдагы "Ганси” авиабазасынын аймагында жайгашкан "Семетей” обсервациясындагы 432 жаран "чогуу келгендердин айрымдары үй карантинине чыгып кетти" деп нааразы болуп, баарын коё берүүнү талап кылышкан. Алар жаңжал салып, медиктер да жабыркаган.

 

ИИМ ал жайда кимдир бирөө жалган маалымат таратканын айтып, чынында үй карантинге эмес, COVID-19 жуктурганы аныкталгандар ооруканага которулганын билдирди.

Кечке жуук Саламаттык сактоо министрлиги аларды үй карантинине чыгарууга уруксат берген.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1243 болду. Анын ичинен 898и айыгып, 14 киши каза тапкан.

 

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

 

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20200519/1048351507/soliletskiden-kelgender-zhanzhal-chygaruu.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно