Бүгүн:

Акыркы кабарлар

12:52
КРде кырдаал эң начар сценарий менен өнүгүп жатат. Министрлик COVID тууралуу
10:19
№1 шаардык оорукананын медигинин кайрылуусу боюнча башкы дарыгер текшерилет
10:18
Саламаттык сактоо министри менен орун басарынын абалы айтылды
13:38
Кыргызстанда дыйкандар быйыл эмне өстүрүү менен алек.
13:37
ЖК депутаттары 200 миң сом өлчөмүндө эмгек өргүү акчасын алганбы? Түшүндүрмө
13:33
COVID: муфтият бейтаптар үчүн 1500гө жакын орун даярдады
13:07
Жамгыр, добул жана кар жаайт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
13:05
600 орундуу “Гансиде” 5 эле кычкылтек концентратору барбы? Министрликтин жообу
13:01
Жээнбеков Бишкектеги күндүзгү стационарга барып, медиктерге жолукту.
12:57
Кесиптик орто окуу жайларга онлайн тапшыруунун жол-жобосу айтылды
12:55
Пандемия университетте окууга бөгөт эмес. Билимдин изи менен Россияга карай
12:53
Элге акысыз кеңеш берген психологдордун борбору түзүлдү. Телефон номерлери
16:13
Учурдун талабы! Боронов эмгек өргүүдөгү дарыгерлерден ишке чыгуусун өтүндү
16:05
Кыргызстанга дагы 200 мобилдик кычкылтек концентратору алып келинди
15:44
Облустар ооруну ооздуктоого кандай даярдык көрүүдө. Ачылган стационарлар
16:18
Боронов: коронавирустун жайылышын токтотуучу бир гана жол бар
16:17
Силерсиз ооруну жеңе албайбыз! Боронов медициналык билими барларды ишке чакырды
16:15
"Унаа" ишканасынын аймактагы бөлүмдөрү карантинге жабылды
16:05
Жээнбеков бир нече судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотту
16:02
Екатеринбургдан кайткан мекендештер менен чогуу медиктер да келди.
15:56
25 жыл "аралыктан" иштеген киши кантип өзгөрөт. Ойго салган сүрөт
15:34
Соль-Илецкиден жол тарткан мекендештердин экинчи тобу келди
15:33
Бишкекте ишкерлер менен ЖК депутаттары 5 күндүзгү стационар ачат
15:32
Кыйын кырдаалдан кантип чыгабыз? Жээнбеков берген тапшырмалардын тизмеси
15:29
ӨКМ обсервациядагылар кандай тамактанып жатканын көрсөттү.
14:19
Жээнбеков өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча пикирин айтты
14:18
Жээнбеков облустар аралык каттамды токтотууну сунуштады
14:15
Соль-Илецкиден 963 кыргызстандык Бишкекке алып келинди, дагы 12 автобус жолдо
14:04
"Ганси" базасында реанимациялык блок ачылды
14:04
Россиядан келген кыргыз дарыгерлери кайсы ооруканада иштей турганы айтылды
14:03
Түркиядан дагы 1 000 кычкылтек концентратору алып келинди
11:06
Бишкектеги ооруканада дарыгердин 12 метрлик сүрөтү тартылууда. Көрүнүшү
11:01
Жардам бергиле! Сабырбек Жумабеков олигархтарга кайрылды
10:51
Президент Жээнбеков кимдерди "эл душманы" деп атаарын айтты
15:26
Пандемияда кымбаттаган дарылар: чыга элек токтом, алакан жайган аптека ээси
15:17
Росавиация 1-августка чейин эл аралык каттамдарга тыюу салды
15:16
Новосибирскиден 186 кыргызстандык атайын каттам менен алып келинди
12:49
Билим берүү министрлиги 1-сентябрга кандай даярдык менен барарын айтты
11:54
Бишкекке Бангладештен 103 кыргызстандык жана коңшу өлкөнүн жарандары келди
11:48
Бишкекке Түркиядан 232 кыргызстандык кайтып келди. Арасында балдар бар
15:09
Бишкектин Октябрь районунун акими Ситников кызматынан бошотулду
14:28
Кыргызстанда РФ Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүүгө добуш берүү кандай өттү
11:28
"Гансиде" пневмония болгондорду кабыл алуу үчүн 600 орун даярдалды.
11:20
Мэр Суракматов: рейддин санын көбөйтүп, айып пулду эскертпестен салабыз!
11:19
Мэр Азиз Суракматов COVID-19дан айыгып, ишке чыкты
Бардык кабарлар

Нарын облустук ооруканасы курчалып, төрт бөлүмү жабылды

Жаңылыктар / Коом жана проблемалар
123
0

Облус жетекчиси өмүргө өтө коркунуч келтирбеген илдеттер болсо үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылууну өтүндү. Башкы оорукананын айланасы толугу менен курчалган.

Облустук оорукана. Архив

Коронавирус илдетинин курчуп кеткендигине байланыштуу Нарын облустук бириктирилген оорукананын бир нече бөлүмү убактылуу жабылганын аталган облустун башчысы Эмилбек Алымкулов билдирди.

"Ушул тапта психонаркология, терапия, неврология жана балдар бөлүмдөрү убактылуу жабылды. Ал эми кардио-пульмонология, травмотолия, хирургия, жугуштуу оорулар, реанимация жана төрөт бөлүмдөрү, лабораториялар иштеп жатат. Дарыгерлер менен кеңешип, тургундар өмүргө өтө коркунуч келтирбеген оорулар боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна кайрылса болот", — деди Алымкулов.

Ошондой эле ал облустук оорукананын айланасы толугу менен курчалганын айтып, адамдар, унаалар өтө зарыл иштер менен гана кирип жатканын белгиледи.

Учурда Кыргызстан боюнча Нарын аймагында коронавирус кооптуулугу курч болуп турат. Өткөн суткада Нарын облусунан 17 кишиден инфекция чыккан. Ал жакта жалпы оорулуулардын саны 297ге жетти.

Облуста соода, тейлөө кызматтарынын, базар, автобекеттердин иши жандангандан кийин санитардык эрежелердин аткарылышын текшерген атайын рейд жүргөн.

 Нарында коронавируска каршы санитардык эрежелерди сактабаган соода, тейлөө кызматтарынын жетекчилери айып пул төлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, облуста соода, тейлөө кызматтарынын, базар, автобекеттердин иши жандангандан кийин санитардык эрежелердин аткарылышын текшерген атайын рейд жүргөн.

"Нарында коронавирус илдети жайылып жаткандыктан, менчигинин түрүнө карабай бардык мекемелер текшерилген. Ага чейин соода борбору, соода жайы, чач-тарач, тейлөө кызматтарына санитардык, коопсуздук эрежелери так айтылган. Бирок рейддин жүрүшүндө 62 объект каралып, андан эреже сактабаган соода, тейлөө жайларынын 15 жетекчисине 1000 сомдон айып салынды", — деди Алымкулов.

Коронавирус көп катталган аймактардын арасынан Нарын үчүнчү орунда турат. Бул аймакта вирус жуктургандардын саны 297ге жетти.

Кыргызстандагы COVID-19

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1520га жетти. 1043 бейтап айыгып, он алты киши каза тапты.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

 

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20200527/1048454336/naryn-sanitardyk-ehrezhe-ajyp-pul.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно