Жалал-Абад шаарында Президенттикке Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдоо боюнча активисттердин тобу түзүлүп, штаб ачылды. Бул тууралуу маалыматты аталган топтун мүчөсү Гуля Малаева билдирди.
Айтымында, мындагы активисттер Садыр Жапаровдун ишмердүүлүгү жана эл үчүн жасаган пайдалуу иштери тууралуу жалпы элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.
“Садыр Жапаров 25-мартта Кыргызстанга келет. Ага чейин биз активисттер эл менен иштөө пландарын түзүп, бир нече иш-чараларды өткөрүп, Жапаров тууралуу иш жүргүзөбүз. Бардыг мыйзам чегинде болууда”,- деди Малаева.
Ал жаңы түзүлгөн штабда учурда 12 активист маянасыз эмгектээрин кошумчалады.